Иран кинематоргафиясы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with " =Иран кинематоргафиясы سینمایی ایران= =Иран киносу (Персия)= Иран киносу, Иранга таандык кинема..."
(Айырма жок)

14 ноябрь 2018, саат 11:50 учурдагы нуска

Иран кинематоргафиясы سینمایی ایران

Иран киносу (Персия)

Иран киносу, Иранга таандык кинематографтардын тарткан көркөм тасмаларынын түшүнмөсү (фарсы фильмдери менен алмаштырбаңыздар) Ирандагы революциядан кийин Ирандык режиссерлорунун кээ бирлери Ирандын башка өлкөлөргө чыгып кетишкен жана чет мамлекеттерде кинотасмаларды жаратышкан. Ошону менен бирге Ирандын белгилүү тасмаларына колдонулуп “Фарсы кинотасмасы” же “Фильмфарси” деген ат менен белгилүү болгон.

Кинематография тармагындагы эң алгачкы аппарат

Киематография Музаффараддин шахтын заманында иранга эң алгачкы видеокамеранын келиши менен башталат. Иранда эң алгачкы үндүү көркөм тасма 1933-жылы Ардашир Ирани тарабынан тартылган “Лор кызы” аттуу көркөм тасма болгон. Ошентип 1900-жылы Музаффараддин шах аркылуу алгачкы кино тартуучу аспап Иранга келип Иранда тасма тартуунун башталышы деп эсептелген. Ирандагы эң алгачкы кинотеатр 1900-жылы ачылып (Люмер агайындардын дүйнөлүк ачылышынан 5 жыл өтүп) “Синема Сули” деген ат менен Тебриз шаарында католиктер тарабынан ачылып, иштеп баштаган, бирок тилекке каршы жаңы кинотасмаларды алуу мүмкүндүгү жок болгондугуна байланыштуу, 1916-жылы ал кинотеатр жабылган. Ошентип 1930-жылга чейин Иранда эч бир кинотасма тартылган эмес жана анча мынча батыш тасмаларынын астына фарсы тилинде котормосу жазылган кинотасмалар гана чыгып турган. 1930-жылы Аби жана Раби деген алгачкы толук метраждуу иран кинотасмасы Ованес Оганиян тарабынан тартылган.

Алгачкылар

  • Алгачкы кинооператор: Мирза Эбрахим Хан Рахмани (1910-жыл).
  • Алгачкы иран кинотасмасы: Геранд Синема (1926-жыл).
  • Алгачкы үнү жок иран кинотасмасы: “Аби жана Раби” Ованес Оганиян тарабынан тартылган (1930-жыл).
  • Алгачкы үндүү иран кинотасмасы: “Лор кызы” Ардашир Ирани тарабынан тартылган (1933-жыл).
  • Алгачкы ирандын дубляждалган кинотасмасы: “Фарари кызы” Исмаир Кушан тарабынан тартылган (1946-жыл).
  • Алгачкы ирандык аял режиссер: Шахло Рияхи, “Маржан” көркөмтасмасы (1956-жыл).
  • Эң алгачкы жана эң эски иран кинематографиясы журналы: Кино жылдыздары (1954-жыл).
  • Эң алгачкы Канн эл аралык кинофестивалынын алтын медалы “Гилас даамы” кинотасмасы үчүн (1997-жыл).
  • Чет тилдеги эң мыкты фильми үчүн эң алгачкы Оскар сыйлыгы “Надыр менен Симинидин ажырашуусу” кинотасмасы үчүн (2012-жыл).

Алгачкы үн тасмасы

1942-жылы ирандын Ардашир Ирани тарабынан Бомбейде тартылган “Лор кызы” аттуу эң алгачкы үндүү кинотасмасы жарык көргөн. 1936-1946-жылда мамлекеттеги саясий өзгөрүш жана экинчи дүйнөлүк согуш менен кошо иран кинематографиясы да репрессияга дуушар болгон. Биринчиден буга чейин Иранда кинотасмалар чыгарылган эмес жана кинотеатрлар Тегеран шаарында жана башка чоң шаарлада гана, болгону ак сөөктөр менен коомчулуктун кээ бирлер бөлүгү үчүн гана болгон. Экинчиден, өзүнүн маданий өзгөчөлүктөрү менен чыгармаларында байыркы иран адабиятын чагылдырган Абду Хусейин Сепантадан башка кинрежиссерлордун ортосунда кандайдыр бир ынтымактуу жана биримдик ойлор болгон эмес , ал эми калган учурларда чет элдик кинотасмалардан үлгү алынып тартылган.

Алгачкы коомдук кинотеатр

Иранда эң алгачкы коомдук кинотасма Мирза Ибрахим Хан тарабынан 1904-жылы тартылган. Бирок Ирандагы эң алгачкы расмий түрдө ачылган кинотеатр 1926-жылы Тегеран шаарында “Иран киносу” деген ат менен ачылган.

Доорлор

Жыйырма үчүнчү он жылдык

1943-жылдардан кийин бир нече киностудия ачылгандан кийин, инвесторлордун жардамы менен жана да кинотеартрлар коомдогу эл үчүн жеткиликтүүрөөк болгон соң кинотасмаларды тартуу өнүгүп өсө баштаган. Бирок, тилекке каршы биринчиден мындай өнүгүүдө инвестициядан түшкөн киреше жана натыйжа аркылуу, экинчиден коомдогу саясий абал, 18-августтагы төңкөрүш жана азаттыкты чектоо сыяктуу маселелер, башкача айтканда Ирандын маданият, кино тармагынын эң негизги өзөгү өнүгө баштаган. Исмаил Кушан, Самуель Хачикиян, Хушанк Кавуси, Фарх Гафари бул доордун мыкты кинематографисттери деп эсептелген жана алардын арасынан Исмаил Кушан “Фарсы фильмдери” аттуу ийримин ачып иран кинематографиялык фильмдерин жөнгө салып анын өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

Кырк бешинчи онжылдык: “Карундун кенчи” жана иран кинематографиясынын жаңы толкуну

  • Негизги жазылышы: Муже нови синемаи Иран (Иран кинематоргафиясынын жаңы толкуну)
  • 1965-жылы Ганж-е гарун (Гарундун кенчи) кинотасмасын койгондон кийин Фарсы фильми өзүнүн күчүн сынады жана Иран кинотеатрларында Ганж-е гарун кинотасмасынын оргуштаган толкуну башталды. Бул кинотасма андан кийинки жылдарда бир катар толугу менен кайталанып көрсөтүлүп, 1969-жылы Гав ва Кайсар (Уй жана Кайсар) сыяктуу кинотасмалардын тарылуусу менен бир кыйла өзгөргөн жана “Иран кинотасмасынын жаңы толкуну” деген жаңы агым түзүлгөн. Ал эми 1969-жылы “Балдар жана өспүрүмдөр интеллектуалдык өнүгүүсү” коомунун ачылышы менен иран кинематографиясынын калыбына келишин ыңгайлуу учур түзүлгөн. ЮНЕСКОнун жогоруда аталган коом менен кызматташуусу Ирандагы балдарга арналган кинотасмаларды өнүктүрүп, ал эми Нураддин Заринкалактын Белгияга иштеши коомдун маданий дээңгелине абдан чоң таасирин тийгизген. 1971-1980-жылдарда “Балдар жана өспүрүмдөр интеллектуалдык өнүгүүсү” коому менен бирге алдынкы режиссерлордун биргелешип кызматташуусу мамлекеттеги маданий деңгээлди кыйла көтөрүп, эзүүчүлүк, зордук-зомбулук, жаштар арасындагы жат көрүнүштөр өзгөчө билимдүү калктын арасындагы көңүл ачуучу элементтерди кыйла азайткан. Сухраб Шахид Салес Аббас Киярустами, Хосроу Синияи, Камран Ширдел, Дариуш Мехржуи, Нассер Тагвай, Маасуд Кимиаи, Али Хатеми, Амир Надери, Фаридун Голе, Бахман Фарман Ара, Хосроу Хариташ, Парвиз Кимиаи жана башкалар... ошол жылдардагы иран кинемаографиясынын өңүгүшүнө зор салып кошуп, маанилүү кадамдардын жасаган инсандардын катарына киришет.

Революциядан кийинки кинематография

“Адам бүгүнкү күндөгү Иран киносунун кадрына киргенде алардын баардыгынын адамга болгон көз карашы таптакыр башкача. Мен үчүн өткөн күндөр абдан таттуу. Абдан жакшыжана бат да өттү”. Хасан Разиянинин 1978-жылдагы революциясынан кийинки кино жөнүдө өзүнүн айткан тажрыйбасы. Революциядан кийин 1978-1983-жылдарда кинематография тармагында жазылып, даярдалган кинотасмалар жок болгондуктан Иран киносунун абалы абдан төмөндөп кеткен. Ал эми 1983-жылдан кийин Революциядан кийинки мамлектте орногон калыптануудан кийин эзүүчүлүк, зордук зомбулук сыяктуу көрүнүштөрдү иран киносунан таптакыр алып ташташкан. Экинчи тараптан көптөгөн жеке кинотеатрларды жана киностудияларды мамлекетке конфискация болгондугуна байланыштуу, кино тартуу, андан пайда алуу жана башка сыяктуу иш аракеттерге кыйыр болсо да таасирин бербей койгон эмес жана иран кинематорграфиясынын иш аракети ынтасызыраак болгон. Бирок, 50-он жылдыкта Аббас Киярустами, Бахрам Бизайии, Масуд Кимийяйи, Дариуш Мехржуи сыяктуу мыкты өз ишин жакшы билген режиссерлорду чыгаруу менен бирге иран киносунун өнүгүшүнө оң таасир берип чектөөлөрдүн негизинде сапаттуу кинотасмаларды тартып, дүйнөлүк сынчыларды багынта алган. Бул доордо Мохсен Махмальбаф, Ибрахим Хатемикия, Жаафар Панахи, Мажид Мажиди, Абульфазалб Халили сыяктуу иран кинорежиссерлор ар кандай тенденциялар менен кино тармагына аралашып, өзүлөрүнүн талыкпас эмгеги, билими жана кино тартуу искусствосундагы абдан бийик чеберчилиги жана таланттары менен кино тармагында абдан маанилүү орунга ээ болушкан. Андан тышкары мамлекеттеги жыл сайын өтүүчү “Фажр” аттуу эл аралык кино фестивалы да жаштардын киного болгон сүйүүнүсүн күчөтүп, кино тармагынын өнүгүүсүндө зор маанини ээлейт. Иран кинемаографиясындаг эң чоң проект деп Мухаммад РасулАллах кинотасмасын айтса болот.

Ирандагы кинемаография билими

Иран жаштарынын киносу коому Ирандагы кинотасма тартуучу эң чоң коом, ал жерде 8 айлык кинотартуу ыкмасы курсу, ошондой эле кыска мөөнөттүк курстар өтүп турат, андан тышкары эл аралык кыска метраждуу кинотасмалар фестивалы да байма бай уюштурулуп турат.

Иран тасмаларындагы аялдардын орду

Ирандагы ислам революциясынан кийинки жылдарда Рахшан Бани Эттемад, Пуран Дарахшанде, Тахмине Милани, Маниже Хокмат, жана Самира Махмалбаф сыяктуу аял режиссерлер дээрлик активдүү иштешкен.

Ирандагы кинематографтар союзу

Кинотасма үйү Ирандагы эң чоң кинематографиялык союз болуп эсептелет жана ал жерде көптөгөн иран кинотасмалары тартылган.

Иран кинематографиясына болгон кысымдар

Иран киносу өзүнүн жүз жылдык тарыхында, өзгөчө 1978-жылдагы революциядан кийин диний фанаттар тарбынан көптөгөн коркунучтарга жана кысымдарга кабылган жана бир кыйла зыян тарткан. Бирок, мындай кысымдар менен коркунучтарга карабастан иран кинематографисттери менен актерлеру эл аралык конгресстерде жана башка жерлерде өзүлөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, ийгиликтерге жетише алышкан.

Иран кинематографиясына болгон көз караштар

2002-жылы “Башу – кичинекей бейтааныш” жана “Бугу” аттуу кинотасмалар 55 мыкты кинорежиссер тарабынан сынга алынып, экөө тең бирдей деңгээлде Иран кинемаографиясынын тарыхындагы эң мыкты кинотасмалар катары таанылган. Так ушул сыноодо Иран тарыхындагы эң мыкты кинорежиссер деп тартиби менен төмөнкүлөр табылган.

  • Бахрам Бейази
  • Дариуш Мехржуии
  • Нассир Тагвай
  • Маасуд Кимияйи
  • Ибрахим Хатемикийя
  • Аббас Кийярустами менен Амир Надери (ага инилер)
  • Али Хатеми
  • Бехруз Афхами менен Ибрагим Гулстан (ага инилер)

Иран кинемаографиясынын эл аралык жетишкендиктери

  • Эң маанилүү сыйлыктар:
  • 2005-жылы Берлиндеги кинематография фестивалында эң мыкты режиссер наамын, табият жөнүндө үнсүз фильми үчүн Сухраб Шахид Салес “Алтын аю” сыйлыгын алган.
  • Москва шаарында өткөн кинофестивалда Бахрам Бейазинин “Сапар” кыска метраждуу фильми сыйлыкка ээ болгон.
  • 2007-жылы Берлиндеги кинематография фестивалында “Таш багы” фильми “Алтын аю” сыйлыгын алган.
  • 1989-жылы Амир Надери тарабынан тартылган “Суу, шамал, топурак” аттуу фильми Францияда өткөн Уч континент фестивалынын гран призине ээ болгон.
  • 1985-жылы Амир Надери тарабынан тартылган “Суу, шамал, топурак” аттуу фильми Францияда өткөн Уч континент фестивалынын гран призине ээ болгон.
  • 1993-жылы Францияда өткөн Үч континент кинофестивалында Дариуш Мехржуиинин “Сара” аттуу фильми күмүш медал алган.
  • 1997-жылы Локардодо өткөн кинофестивалда Жафар Панахинин “Күзгү” аттуу фильми “Алтын кабылан” сыйлыгына ээ болгон.
  • 1996-жылы Францияда өткөн Үч континент кинофестивалында Абульфасан Жалилинин “Болгон окуя” аттуу фильми эң мыкты фильм номинациясына ээ болгон.
  • 1995-жылы Францияда өткөн Канн кинофестивалында Жафар Панахинин “Ак бадбадек” фильми “Алтын камера” сыйлыгына ээ болгон.
  • 1997-жылы “Бейиш балдары” фильми эң мыкты фильм катары Оскар сыйлыгына ээ болгон.
  • 1992-жылы Аббас Кийярустами Эмгектеринин жыйнактары үчүн Францияда өткөн Канндагы Роберто Росселлинин сыйлыгына ээ болгон.
  • 1994-жылы Аббас Кийярустами “Зейтун дарагынын көлөкөсүндө” фильми үчүн Франциядагы Канн кинофестивалында “Алтын пальмасы” сыйлыгын лауреаты болгон.
  • 1996-жылы Дариуш Хонжи “Эвита” фильми үчүн Оскар сыйлыгын эң мыкты кинооператор үчүн алган.
  • Жафар Панахи “Айлампа” фильми үчүн “Алтын сүттүү куш” сыйлыгын алган.
  • 1997-жылы Аббас Кийярустами “Гилас даамы” аттуу фильми үчүн Канн кинофестивалынын “Алтын пальма” сыйлыгына ээ болгон.
  • 1997-жылы Мажид Мажидинин “Бейиш балдары” фильми көрүүчүлөрдүн баа берүүсү боюнча мыкты фильм деп табылып, 21-кинофестивалында (Монтреаль) “Дүйнөлүк чиркөө” сыйлыгына жана ардак грамотасына ээ болгон.
  • 1997-жылы Парвиз Шахбазинин “Саякатчы” фильми Токиодогы кинофестивалда алтын медаль алган.
  • 2000-жылы Бахман Габбади “Аттарды таптоо маалы” фильми үчүн Канн кинофестивалынын “Алтын камера” сыйлыгына ээ болгон.
  • 2002-жылы Расул Садрамели “Мен 15 жаштамын” фильми үчүн Лондондо өткөн “Кино сынчылары” фестивалынын сыйлыгына ээ болгон.
  • 2005-жылы Бахман Габади “Ташбакалар” фильми үчүн Берлинде өткөн эл аралык фестивалдын “Аю хрусталы” сыйлыгынын жеңүүчүсү болгон.
  • 2007-жылы Аскар Фархади “Элли” фильми үчүн Берлинде өткөн эл аралык кинофестивалынын “Күмүш аю” сыйлыгына ээ болгон.
  • 2011-жылы Аскар Фархадинин “Надыр менен Симиндин ажырашуусу” фильми Берлинде өткөн эл аралык кинофестивалда “Алтын аю” сыйлыгын алган.
  • 2011-жылы Аскар Фархадинин “Надыр менен Симиндин ажырашуусу” фильми Атайы чет элдик фильмдер кинофестивалында жеңишке жетишкен.
  • 2012-жылы Аскар Фархадинин “Надыр менен Симидин ажырашуусу” фильми “Оскар чет тилдеги эң мыкты фильм” сыйлыгына ээ болгон.
  • 2012-жылы Аскар Фархадинин “Надыр менен Симидин ажырашуусу” фильми Бодил жана Давид Ди Донателло премиясына татыктуу болгон.
  • 2013-жылы Хосейин Шахаинин “Бактылуу күн” фильми Американын Чикагосунда 24-кинофестивалында мыкты фильм катары таанылган.
  • 2013-жылы Парвиз Мажиддин эмгеги Индиядагы Кералда өткөн эл аралык кинофестивалда сыйлыкка ээ болгон.
  • 2014-жылы Хосейин Шахаинин “Бактылуу күн” фильми Индиядагы Кералда өткөн эл аралык кинофестивалда сыйлыкка ээ болгон.
  • 2016-жылы Шахаб Хосейининин “Сатуучу”фильми Канн кинофестивалынын “Алтын пальма” (мыкты эркек актер) сыйлыгын алган.
  • 2016-жылы Аскар Фархадинин “Сатуучу” фильмнамэси Канн кинофестивалынын “Алтын пальма” сыйлыгына ээ болгон.
  • 2016-жылы Аскар Фархадинин “Сатуучу” фильми Мюнхен кинофестивалынын сыйлыгына ээ болгон.
  • Аскар Фархадинин “Сатуучу” фильми Америкада өткөн кинофестивалда “Улуттук коом” сыйлыгына ээ болду.
  • Аскар Фархадинин “Сатуучу” фильми Австралияда өткөн кинофестивалдын “Эң мыкты Фарсы тилдүү фильм” сыйлыгын алган.
  • 2017-жылы Аскар Фархадинин “Сатуучу” фильми Оскар “Чет тилиндеги эң мыкты фильм” сыйлыгына ээ болгон.

Иран кинематографиясынын азыркы абалы

2013-жылы Ирандын 60 шаарында 247 кинотеатр иштеп, Ирандын шаарларынын 1081 аймагында кинтеатрлар жок болгон. Тегеран шаары Тегеран областы эң көп кинотеатр жайгашкан шаар жана аймак болуп эсептелет жана ошол эле убакта Түндүк Хорасанда жана Кохгилуйе жана Бойер Ахмад аймактарында кинотеатр жоко эсе. 2012-жылы болжол менен 8,5 миллион адам Ирандын кинотеатрларына барышкан, ошентип ар бир ирандык ар бир 9 жылда бир жолудан кинотеатрга бараары маалым болду.

Эң көп кирешелүү иран кинотасмалары

2015-жылга чейин эң көп кирешелүү кинотеатрлар жана эң көп сатылган иран фильмдер деп “Мухаммад Расулуллах”, “Чычкандар шаары 2” жана “Азгындар” (сериал) кинотасмаларын айтууга болот. Азыркы тапта режиссер Саман Могадамдын “Янтар кити 2” фильми эң көп киреше алып келген кинотасма болуп эсептелет.

Шилтемелер

  • "Table 8: Cinema Infrastructure - Capacity". UNESCO Institute for Statistics. Retrieved 5 November 2013.
  • "Average national film production". UNESCO Institute for Statistics. Retrieved 5 November 2013.
  • Table 11: Exhibition - Admissions & Gross Box Office (GBO)". UNESCO Institute for Statistics. Retrieved 5 November 2013.
  • Иран кинематографиясынын тарыхы.
  • http://www.sourehcinema.com/Title/Title.aspx?id=138109110003
  • «Иран киенматографиясы мезгили» Иран музейинин веббети, 2013-жыл.
  • “Табриз шаары эң алгачкылардын шаары” Фарс кабар агенттиги, 2012-жыл.
  • تصاویری از اجساد سینماهای تهران در هیاهوی زندگی پایتخت دویچه وله فارسی
  • حسن رضیانی، بازیگر نقش «عین‌الله باقرزاده» درگذشت، رادیو زمانه
  • دوگانه تصویر زن در سینمای ایران
  • «بزرگترین پروژه سینمایی کشور اکران شد». خبرآنلاین. بازبینی‌شده در ۵ شهریور ۱۳۹۴.
  • همشهری. «آشنایی با انجمن سینمای جوانان ایران».
  • «دفاع سینماگران از فاطمه معتمد آریا در برابر تهاجم تندروها».
  • روز روشن بهترین فیلم شیکاگو آمریکا
  • جشنواره بین‌المللی کرالا هند
  • [هhttp://www.tabnak.ir/fa/news/317561/هر-ایرانی-چند-سال-یکبار-سینما-می‌رود «هر ایرانی چند سال یکبار به سینما می‌رود؟»]. تابناک، ۱۶ اردیبهشت ۱۳۹۲. بازبینی‌شده در ۱۶ اردیبهشت ۱۳۹۲.

Окшош издөөлөр

  • Хьюстон көркөм өнөр музейинин Иран фильмдер фестивалы
  • Тегеран фильмдеринин тизмеси

Булактар

•«بهترینهای عمر ما: بهترین فیلم‌ها و فیلمسازان تاریخ سینما از نگاه ۵۵ منتقد سینمایی». نقد سینما، ش. ۳۳ (۱۳۸۱): ۷۲–۸۷. •سازمان سینمایی و امور سمعی و بصری | تاریخچه سینمای ایران

Сырткы шилтемелер

پایگاه خبری تحلیلی سینمای ایران •بخش سینمای وبگاه رسمی حوزهٔ هنری https://fa.wikipedia.org/wiki/%D8%B3%DB%8C%D9%86%D9%85%D8%A7%DB%8C_%D8%A7%DB%8C%D8%B1%D8%A7%D9%86 Кинематография