Ат-Башы району: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
fix some links |
||
85-сап:
'''Ат-Башы району''' - [[Нарын облусу|Нарын облусунун]] түштүк бөлүгүндө жайгашкан. 1930-ж. уюшулган. Түштүк ж-а түштүк-чыгышынан [[Кытай]], чыгышынан [[Ысык-Көл облусу|Ысык-Көл облусунун]] [[Жети-Өгүз району|Жети-Өгүз]], түндүгүнөн [[Нарын]], түндүк-батышынан Ак-Талаа, батышынан [[Ош облусу|Ош облусунун]] Өзгөн, [[Кара-Кулжа району|Кара-Кулжа райондору]] м-н чектешет. Аянты 19,1 миң км. Калкы 53,7 миң (2004). Райондо 10 айыл өкмөтү, 19 кыштак бар. Борбору – [[Ат-Башы, Ат-Башы району|Ат-Башы]] кыштагы. <ref>[http://enrin.grida.no/htmls/kyrghiz/soe2/english/map/map3.htm Enrin.grida.no]</ref>.
== Административдик бөлүнүш ==
Ат-Башы районунда 19 айыл бар:
# [[Ак-Жар, Ат-Башы району|Ак-Жар айылы]]
108-сап:
#
== [[Рельеф
Райондун аймагы [[Ички Теңир-Тоо]]нун бийик тоолуу бөлүгүндө жайгашкан [[Ат-Башы өрөөнү]], [[Аксай өрөөну
==
[[Кен байлыктар
==
[[Климат|Климаты]] кескин [[Континенттик климат|континенттик]]. Июлдун орточо температурасы дыйканчылык өрөөндөрүндө 12-18°С, бийик тоолуу сырттарда (Аксай, Арпа өрөөндөрүндө) 10-15°С; кышы суук, январдын орточо температурасы -18... -29°С. Аксай өрөөнү - [[Орто Азия|Орто Азиянын]] «суук уюлу» (абсолюттук минимум -53,6°С). Жылдык жаан-чачыны өрөөндөрдө 300-350 мм, тоолордо 400-450 мм. Кышы 5-8 айга созулуп, кар 20-30 см калыңдыкта түшөт.
[[Ат-Башы кырка тоосу|Ат-Башы кырка тоосунда]], Какшаал, [[Фергана тоо кыркасы|Фергана тоо тизмектеринде]], Арпа, Чатыр-Көл, Аксай өрөөндөрүндө (3000 м бийиктиктен жогору) түбөлүк тоң жатат.
== Суулары ==
Ири суулары: Ат-Башы, [[Аксай]], [[Кара-Коюн]], [[Арпа]] ж. б. Райондун түштүк-батышында республикадагы ири көлдөрдүн бири – [[Чатыр-Көл]] жайгашкан. [[Ат-Башы, суусу|Ат-Башы]] (ири куймалары — Ача – Кайыңды, Баш – Кайыңды, Богошту, Үйүрмө, Кайнар, Балык-Суу, Жаңы-Жер, Улан, Узун-Булак, Каманды, Башача, Боронду), [[Кара-Коюн суусу, Ат-Башы району|Кара-Коюн]] (куймалары - Чет-Келтебек Орто-Келтебек, Баш-Келтебек, [[Шырыкты]], Кара-Суу).
== Осүмдүктөрү ==
Тоолордун нымдуу түндүк капталдарында токой (карагай, байтерек), [[бадал]] ж-а шалбаа өсүмдүктөрү, түштүк капталдары кургакчыл келип, көбүнчө бетеге, шыбак өсөт. Ат-Башы суусун бойлото тал, байтерек, [[чычырканак]] ж. б. бадалдар, тектирлерде [[бетеге]], шыбак (2000–2300 м), адырларда чекенде өсүмдүктөрү (2100–2500 м) өсөт. Ат-Башы кырка тоосунун этегиндеги түрдүү чөптүү [[Шалбаа|шалбаалуу]] [[талаа]], бийиктеген сайын карагай токою ([[четин]], карагат, [[шилби]], сары жыгач аралаш), субальп, альп шалбаа (3500–4300 м) алкактарына өтөт. Өрөөндүн түндүк тарабына ([[Нарын кырка тоосу]]нун түштүк капталы; 3400–3500 м) жарым чөл жана талаа ландшафттары мүнөздүү.
== Калкынын иш аракети ==
135-сап:
2001/02-окуу жылында 21 жалпы билим берүүчү мектеп, 2 мектепке чейинки балдар мекемелери, музыкалык ж-а спорт мектептери, 20 китепкана, маданият үйү, 10 клуб, кинотеатр иштеген. Райондук, 2 участкалык оорукана, 15 ФАП, санитария-эпидемиологиялык станция, 10 үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт. Маанилүү тарыхый эстеликтери: [[Таш-Рабат]], [[Кошой-Коргон]]. Рекреациялык маанидеги Босого, Улан, Жаңы-Жер, Таш-Рабат, Беш-Белчир сыяктуу кооз жерлери бар. Райондук «Кошой Ордо» гезити чыгат.
{{reflist}}
==Колдонулган адабияттар==
|