Сократ: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Кайра 317035 жокко 158.181.151.124 (vandalism
Белги: Жокко чыгаруу
1-сап:
{{Философ
| Сүрөт = Socrates Louvre.jpg
| Сүрөттүн аталышы = Сократ
| Толук аты-жөнү =
| Англис тилинде = Socrates (Σωκράτης)
| Төрөлгөн_датасы = б.з.ч. 469 ж.
| Төрөлгөн_жери = Афина шаары
| Көз жумган_датасы = б.з.ч. 399 ж.
| Көз жумган_жери = Афина шаары
| Доор = Байыркы Гректер
| Аймак = Батыш философиясы
| Мектеп = Классикалык грек
| Кызыккан темалар = [[Эпистемология]],[[Этика]]
| Олуттуу идеялары = Сократтык усулдар, Сократтык ирония
| Таасир бергендер = [[Анаксагор]], [[Парменид]], [[Продик]]
| Таасир алгандар = [[Платон]], [[Ксенофонт]], [[Аристотель]],ж.б. көптөгөн батыш ойчулдары
| Колтамгасы =
|Кол тамгасынын туурасы =
|Сайты =
}}
'''Сократ''' (биздин заманга чейин 469—399) — байыркы грек философу. Ал таш сомдоочу менен аначы аялдын уулу болгон. Ар тараптуу билим алган. Афинанын коомдук турмушуна активдүү катышат. Биздин заманга чейин 399-жылы ага каршы: «шаар сыйынган кудайларды урматтабайт, жаңы кудайларга сыйынууну үгүттөйт жана өспүрүмдөрдү бузгандыгы үчүн күнөөлүү» деген айып коюлат. Ал өлүм жазасына өкүм кылынып, уу —цикута ичип өлөт. Сократка ар тараптуу жана ургалдуу философиялык ишмерлик мүнөздүү, ал өзүнүн окууларын субхат формасында баяндайт. Ошондуктан, Сократтын көз караштары жөнүндө үч булак боюнча: [[Аристофан|Аристофандын]], [[Ксенофонт|Ксенофонттун]] жана [[Платон|Платондун]] чыгармалары боюнча билүүгө болот. Аристофан «Булуттарда» Сократтын образын шылдың түрүндө сүрөттөп, аны софист, астролог жана «физик», «ойкананын» ээси катарында көрсөтөт. Сократты күйдүргү сөздөр аркылуу шылдыңдап, Аристофан ошол кездеги натурфилософияга жана софисттик билимге ээ болууга кызыгуучулук сыяктуу адаттын жайылышын кордогон. Ксенофонт «Сократ жөнүндө эскерүүлөрүндө» Сократты жакшылык иштерге үйрөткөн такыба устат катарында сүрөттөп, анын мамлекетке карата мамилеси толук лоялдуу экендигин көрсөтөт. Ксенофонт Сократтын басмырлантылган образын берип, аны жаштарды бузду деп жок жерден айыпташканын белгилейт. Платон болсо Сократты терең ойчул катарында сүрөттөп, Платондун өз ойлору Сократтын атынан баяндалат. Сократка мүнөздүү болгон нерсе бул: ал софисттерге каршы чыгуу менен, ошол эле убакта өзүнүн чыгармачылыгында жана көз караштарында философиялык ишмерлигине софисттер үчүн мүнөздүү болгон өзгөчөлүктөрдү билдирген. Сократ ошол учурдагы философтор үчүн мүнөздүү болгон жаратылыш жөнүндөгү, анын түп негизи, дүйнө түзүлүшү жана башкалар жөнүндөгү проблемаларды тааныган эмес. Сократтын пикири боюнча философия жаратылышты эмес, адам маселесин, анын адеп-актык сапаттары жана билимдердин маңызы жөнүндөгү маселелерди изилдөөсү керек. Философия иш алып бара турган эң башкы маселе — этика маселелери болуп саналат, бул — Сократтын субхаттарынын башкы предмети болгон. Мында Сократ өз көз караштарын негиздөө үчүн өзү иштеп чыккан усулду колдонгон, бул философиянын тарыхына сократтын, атап айтканда, диалектика, диалектикалык талаш-тартыштын искусствосу деген аталыш менен кирген.
 
== Диалектика ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Сократ" булагынан алынды