Сократ: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Кайра 317035 жокко 158.181.151.124 (vandalism
Белги: Жокко чыгаруу
21-сап:
'''Сократ''' (биздин заманга чейин 469—399) — байыркы грек философу. Ал таш сомдоочу менен аначы аялдын уулу болгон. Ар тараптуу билим алган. Афинанын коомдук турмушуна активдүү катышат. Биздин заманга чейин 399-жылы ага каршы: «шаар сыйынган кудайларды урматтабайт, жаңы кудайларга сыйынууну үгүттөйт жана өспүрүмдөрдү бузгандыгы үчүн күнөөлүү» деген айып коюлат. Ал өлүм жазасына өкүм кылынып, уу —цикута ичип өлөт. Сократка ар тараптуу жана ургалдуу философиялык ишмерлик мүнөздүү, ал өзүнүн окууларын субхат формасында баяндайт. Ошондуктан, Сократтын көз караштары жөнүндө үч булак боюнча: [[Аристофан|Аристофандын]], [[Ксенофонт|Ксенофонттун]] жана [[Платон|Платондун]] чыгармалары боюнча билүүгө болот. Аристофан «Булуттарда» Сократтын образын шылдың түрүндө сүрөттөп, аны софист, астролог жана «физик», «ойкананын» ээси катарында көрсөтөт. Сократты күйдүргү сөздөр аркылуу шылдыңдап, Аристофан ошол кездеги натурфилософияга жана софисттик билимге ээ болууга кызыгуучулук сыяктуу адаттын жайылышын кордогон. Ксенофонт «Сократ жөнүндө эскерүүлөрүндө» Сократты жакшылык иштерге үйрөткөн такыба устат катарында сүрөттөп, анын мамлекетке карата мамилеси толук лоялдуу экендигин көрсөтөт. Ксенофонт Сократтын басмырлантылган образын берип, аны жаштарды бузду деп жок жерден айыпташканын белгилейт. Платон болсо Сократты терең ойчул катарында сүрөттөп, Платондун өз ойлору Сократтын атынан баяндалат. Сократка мүнөздүү болгон нерсе бул: ал софисттерге каршы чыгуу менен, ошол эле убакта өзүнүн чыгармачылыгында жана көз караштарында философиялык ишмерлигине софисттер үчүн мүнөздүү болгон өзгөчөлүктөрдү билдирген. Сократ ошол учурдагы философтор үчүн мүнөздүү болгон жаратылыш жөнүндөгү, анын түп негизи, дүйнө түзүлүшү жана башкалар жөнүндөгү проблемаларды тааныган эмес. Сократтын пикири боюнча философия жаратылышты эмес, адам маселесин, анын адеп-актык сапаттары жана билимдердин маңызы жөнүндөгү маселелерди изилдөөсү керек. Философия иш алып бара турган эң башкы маселе — этика маселелери болуп саналат, бул — Сократтын субхаттарынын башкы предмети болгон. Мында Сократ өз көз караштарын негиздөө үчүн өзү иштеп чыккан усулду колдонгон, бул философиянын тарыхына сократтын, атап айтканда, диалектика, диалектикалык талаш-тартыштын искусствосу деген аталыш менен кирген.
 
== [[Диалектика]] ==
бул этикалык түшүнүктөр аныкталып, өнүктүрүлүп, негизделген турган усул. Сократ үчүн философия — конкреттүү бир адеп-актык көрүнүштү карап чыгуу болуп саналат, бул процессте ошол көрүнүштүн эмне экендигин аныктоого, башкача айтканда анын маңызын аныктоого келебиз. Муну Платондун «Лахет» деген диалогундагы ой жүгүртүүлөрдүн мисалында көрсөтүүгө болот. Бул диалог «эрдик» деген түшүнүктү аныктоого арналган. Эрдик дегенибиз жакшылык сапаттын айрым бир көрүнүшү болгондуктан, адегенде жакшылык дегендин өзү эмне экендигин аныктап алып, андан соң «эрдик» түшүнүгүнө өтүү керек. Сократ адегенде эрдик жөнүндө мисал келтирүүнү жана ошолордун негизинде эрдик дегендин эмне экендигин, жакшы сапат катарында анын маңызын ачып билүүнү өтүнөт. Сократ эрдиктин бардык жеке көрүнүштөрүн өзүндө камтый турган эркиндикти аныктап берүүнү сунуш кылат. Субхаттын жүрүшүндө жана мисалдарды келтирүүнүн натыйжасында «туруктуулук» деген түшүнүк аркылуу эрдикти аныктоо маселенин маңызын эч кандай аныктай албай тургандыгы белгилүү болот. Эрдикти акылмандуулук аркылуу аныктоо да маселенин чечилишине эч нерсе бере албайт. Талаш-тартышта акылмандык дегенибиз коркунучту туюп-сезүү болуп чыгат, бирок турмуштун ар кыл тармагында коркунуч ар түрдүүчө аныктамаланат эмеспи. «Лахет» диалогунда маселе тийиштүү түрдө чечилбей кала берет.
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Сократ" булагынан алынды