Батыш-кыргыз конфедерациясы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
5-сап:
 
50-жылдардын ортолорунда [[Цин империясы|Цин империясынын]] калмактарга келтирген чоң кыргыны жана артынан [[Чыгыш Түркстан|Чыгыш Түркстанды]] каратып алуусу коңшулаш мусулман журттарына чоң коркунуч алып келген эле. Ушул окуялардан кийин [[Казак хандыгы]], [[Кокон хандыгы]] сыяктуу эле Батыш кыргыздары (1759) менен [[Арка конфедерациясы|Арка кыргыздары]] (1758) да Цин империясынын үстөмдүгүн убактылуу таанууга аргасыз болушкан. Бул мезгилдерде теңиртоолук кыргыздар географиялык шарттан улам 4 бирикмеге бөлүнүп тураары; [[Арка конфедерациясы|Чыгыш (арка) кыргыздары]] (Мааматкул бий), Батыш кыргыздары (Ажы бий), [[Каратегин-кыргыз конфедерациясы|Каратегин кыргыздары]] (башчысы Кожомжар бий) жана Кашкар атрабындагы кыргыздар (Ациму? бек ж. б.) болгондугу кытай булактарында катталып калган.
 
1759-ж. сентябрь айында Ажы бийдиндин конуштарына Кытай императорунун элчиси Доктан келип, ага Кытай империясы менен саясий-дипломатиялык жана соода-сатык келишим түзүү жөнүндөдө чакырык-жарнама жана кытай мөөрүн тапшырган. Ошол эле жылдын аягында Ажы бий өзүнүн элчиси Сары Күчүктү Кытай империясынын Кашкардагы башкаруучусу Чжао Хойго жиберген. <br />
1760-ж. Кокон ханы Эрдене бий (Ирдана бий) [[Алай, өрөөн|Алайда]] тонолгон Кокон көпөстөрүн шылтоолоп Ош, Өзгөн шаарына чейин жортуулга келген. Ажыбий жооп иретинде 1761-жылы Коконго жасалган ийгиликсиз жортуулдан кийин, кайра Алай тарапка чегинген. Кытайга элчи Элэтаодини жиберип, Кокон бийин тартипке чакыруусун өтүнгөн. Ошол эле учурда Кыргызстандын түндү-гүндөгү кыргыздардын кол башчысы Маматкул бийден Ирданага каршы колдоо сурагандыгы белгилүү. Бирок саясий кырдаал татаалдашып, кытай аскери Түркстан тарапка баскынчылык чабуулга өтөт экен деген имиштен улам жана кыргыздар биримдикке келе башташкандыктан, Ирдана бий [[Ош, шаар|Ош]] менен [[Өзгөн шаары|Өзгөндөн]] өз ыктыяры менен чыгып кеткен.<br />
 
1764-ж. жазында Ирдана бийдин Оротөбөдөгү чатактарга алагды болгонунан пайдаланып, Ажы бийдин Коконго уюштурган жортуулу ийгиликсиз аяктап, кармашта жараат алган жана Ирдана бийге туткунга түшкөн, бир маалымат боюнча коё берилген, экинчиси боюнча даргага асылган.
 
Конфедерациянын кийинки тарыхы али бүдөмүк. XIX кылымдын экинчи чейрегинин баштарында кыргыздар [[Кокон хандыгы|Кокон хандыгынын]] курамына кирген. Ушундан тарта, экиге ажыраган батыш-чыгыш (түштүк-түндүк) кыргыздары бир мамлекеттин курамында жакындашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.
 
== Эскертүүлөр ==
Line 17 ⟶ 19:
 
== Колдонулган адабияттар ==
* [http://bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/ktjb2.pdf Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары / К. Жусаев (жооптуу ред.).] — Бишкек: КТМУ, 2003. — ISBN-10(13) 9967-21-839-8]
{{no iwiki}}
 
[[Категория:Кыргызстан тарыхы]]
[[Категория:ОшКыргыз тарыхы]]
[[Категория:КыргызстанОш тарыхышаары]]