Гибралтар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Location Gibraltar EU.png + links + DIMG 6241 (1874014170).jpg
2-сап:
'''Гибралтар''' – (Жабалтарык) [[Улуу Британия жана Түндүк Ирландия|Улуу Британиянын]] Пиреней жарым аралынын түштүгүндөгү ээлиги (1713жылдан). [[Гибралтар кысыгы|Гибралтар кысыгында]]; аскалуу жарым аралды жана Пиреней жарым аралын аска менен туташтырган кумдуу мойнокту камтыйт. Испаниядан бейтарап зона аркылуу бөлүнөт. Аянты 6,5 км<sup>2</sup>. Калкы 29,2 миң (1999). Расмий тили англис тили. Чарбасы Улуу Британиянын аскер-деңиз жана аскер-аба базаларын, транзиттик портту жана чет элдик туристтерди тейлөөгө байланыштуу. Сырттан алынган продукциянын <sup>1</sup>/<sub>2</sub> нефть. Док, кампа, нефть сактагычтар, калкты жана горнизонду тейлөөчү тамак-аш өнөр жайы жана кеме оңдоочу ишканалары бар.
 
[[Файл:DIMGCity 6241of (1874014170)Gibraltar - panoramio.jpg|thumb|Гибралтар.]]
Г. Кальпе деген аталыш менен байыркы гректерге жана римдиктерге белгилүү болгон. 8-кылымда Гибралтарда арабдар чеп куруп, Жебель-ат-Тарик (Тарик тоосу; араб жеңип алуучусу Тарик ибн Сеиддин ысымынан) деп аталган. Гибралтар 1309–33-ж. жана 1462-ж. Испанияга, 1704-жылдан Англияга караган. Улуу Британия аны 1713-жылдан кийин Индияны, Африканы, Жакынкы жана Орто Чыгышты колониялоо үчүн таяныч пункту катары пайдаланган. Гибралтарды кайтарып алуу үчүн Испаниянын 18-кылымдагы аракеттерине жол бербөө максатында Улуу Британия 1- жана 2-дүйнөлүк согуштардын убагында Гибралтарды өзүнүн кубаттуу согуш базасына айландырган. 1969-ж. май айында Гибралтардын жаңы конституциясы кабыл алынып, анда Улуу Британиянын Гибралтардагы ээлигине контролдугу бекитилген. 1969-ж. 30-июлдагы шайлоодо Гибралтардын коалициялык өкмөтү түзүлгөн. 1980-жылкы Англия-Испания келишимине ылайык (келишим 1985-ж. күчүнө кирген) гибралтарлыктар Испанияда, испандар Гибралтарда тең укуктуулукту, алар бири-бирине эркин кирип чыгууга мүмкүндүк алган.
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Гибралтар" булагынан алынды