Апеннин жарым аралы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
links + Italianpenisula.jpg
м +
1-сап:
[[Файл:ItalianpenisulaSatellite image of Italy in March 2003.jpg|thumb|Апеннин жарым аралы.]]
'''Апеннин жарым аралы''' - Түштүк Европада. Анда негизинен (аймагынын <sup>1</sup>/<sub>2</sub>ин) [[Италия]], ошондой эле Ватикан жана Сан-Марино мамлекеттери жайгашкан. Аянты 149 миң км<sup>2</sup>. [[Жер ортолук деңиз|Жер Ортолук деңизге]] 1100 км кирип, [[Тиррен деңизи|Тиррен]], [[Иония деңизи|Иония]], Лигурия жана [[Адрия деңизи|Адрия деңиздери]] менен чулганат. Жээктеринде булуң-буйтка аз, түштүк бөлүгүндө гана Калабрия, Салентина, Гаргано жарым аралы, Таранто булуңу жана башка бар. Апеннин жарым аралын дээрлик Апеннин тоолору (эң бийик жери 2914 м, Корно чокусу) ээлейт, түндүгүндө Падан түздүгүнүн бир бөлүгү, чыгыш жана батыш жээктеринде анча чоң эмес дөбөлүү түздүк тилкеси жайгашкан. Түштүк-батышында жанар тоолор (Везувий, Флегрей талаасы жана башка) бар. Климаты субтропиктик Жер Ортолук деңиздик; жайы ысык, кышы мелүүн. Дарыялары (негизгилери - Тибр, Арно) кыска, жайында суусу өтө азаят. Жер Ортолук деңиздик бадал (маквис, гарига) жана токой өсөт. Түздүктөр менен тоо этектеринде маданий ландшафт басымдуу.