Дин: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
revert to older version, add links
+ links
1-сап:
'''Дин''' — Кудайга [[Ишеним|ишенүүгө]] негизделген көз караштар менен аракеттерге толгон бөтөнчө бир рухий дүйнө.
 
== Илимде ==
Адамдын жана адамдардын аң-сезиминде, кулк-мүнөзүндө, жүрүм-турумунда, иш-аракеттеринде өзгөчө таасирге ээ рухий көрүнүш; 1) табынуу, сыйынуу объектиси болуп саналган табияттан тышкаркы күчтөргө (Кудайдын кудуретине, [[Арбак|арбактарга]]) берилип ишенүүгө негизделген түшүнүмдөр, ишенимдер, элестер, аң-сезимдер жыйындысы; 2) адам менен Кудайдын (же табияттан тышкаркы күчтөрдүн) ортосундагы мамилелер системасы, санжабы; 3) ишенимдердин, таатибадаттардын, табынуу-сыйынуулардын маңызын билдирген жалпы атамасы.
 
== [[Теология|Теологияда]] ==
Кудайды аңдап билүүгө, анын чексиз улуу кудуретине терең ынаным менен таанууга алып баруучу бирден бир жол; адамзат түзгөн илим-билим түрлөрүнүн эч бири Кудайды аңдоого, анын кудуретин таанууга жана түшүнүүгө жөндөмсүз делет.
 
== [[Атеизм|Атеизмде]] ==
Бир же бир нече кудай бар, табияттан тышкары кереметтүү илме кайып күчтөр бар деген ишенимге таянган көз караштардын, сезим-туюмдардын, ырым-жырымдардын, каада-салттардын жыйындысы. Дин түшүнүгүнө диний мекемелер ([[мечит]], [[чиркөө]], [[буткана]] жана башка) жана диний кызматкерлер (бакшы, поп, молдо жана башка) да кирет. Анын белгиси реалдуу дүйнөдөн тышкары сырдуу күчтөр бар экенине, аңдабастан, сокур ынануу; табияттагы же коомдогу кадыресе эле көрүнүштөрдүн, кубулуштардын, байланыштардын, мыйзамченемдердин аңсезимде укмуштанып, теңирден тескери чагылышы («адамдардын башында, алардын күнүмдүк турмушунда үстөмдүк кылган сырткы күчтөрдүн фантастикалык чагылуусу жердеги күчтөр, жердик эмес формага ээ болгон чагылуу» Ф. Энгельс). Диндин тарыхта белгилүү алгачкы түрлөрү: магия, тотемизм, фетишизм, анимизм дагы ушул сыяктуу. Тарыхый өнүгүү формалары: уруулук, улуттук-мамлекеттик (этностук), дүйнөлүк ([[буддизм]], [[христиан]], [[ислам]]).
 
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Дин" булагынан алынды