Кааба: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
{{Кааба}}
{{Мечит
[[file:Kaaba_at_night.jpg|thumb|left|Кааба - мусулмандардын кыбыласы]]
|Кыргызча аталышы = Кааба
|Расмий аталышы = الكعبة
|Кыскача аталышы=
|Өлкө = Сауд Арабия Падышалыгы
|Аймак = [[Мекке (Шаары)|Мекке]]
|Негизделген = Ибрахим пайгамбардын убагында
|Бийиктиги = 14 м
}}
[[file:Kaaba_at_night.jpg|thumb|Кааба - мусулмандардын кыбыласы]]
[[File:kaaba.png|thumb||Каабанын түзүлүшү.]]
 
'''Кааба''' ({{lang-ar|الكعبة}} «куб») – азыркы [[Сауд Арабия Падышалыгы|Сауд Арабиясынын]] диний борбору [[Мекке]] шаарындагы [[мусулман|мусулмандар]] (сунниттер) зыярат кылуучу [[Ыйык мечит]]тин короосунда жайгашкан [[имарат]]. Анын узундугу 13м, туурасы 12 м, бийиктиги 15 м; пайдубалы мармардан, дубалы боз таштан тургузулган. Чыгыш тарабына Аллах [[асман]]дан жиберген деп эсептелинген «кара таш» кошо урулган. Каабанын үстүнө [[Куран]]дын аяттары алтын жип менен жазылган кара жабуу жабылган. [[Мухаммед пайгамбар]] исламды жаңы [[дин]] катары жарыялаганга чейин эле Каабага [[Араб жарым аралы|жарым аралда]] жашаган араб уруулары зыяратка келип турушкан. Мусулмандар [[намаз]] окуп жатканда Каабаны карап («Кыбылага карап») турууга тийиш. Ажылыкка баргандар Каабаны жети айланып, анын «кара ташын» өбүшү ылаазым. Кыргыздын бай-манаптары 19–20-кылымдын башында өзүнүн таасирин чыңдоо үчүн Каабага барып, [[ажы]] болуп келүүгө аракеттенишкен. Эгемендүүлүктүн шартында Меккеге зыярат кылып, андагы Ислам маданиятына тийешелүү көптөгөн тарыхый эстеликтер менен таанышууга жакшы шарттар түзүлүп, ага баруучулардын саны улам арбып барат.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кааба" булагынан алынды