Айтыш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
 
1-сап:
'''Айтыш''' — ырчылардын, чечендердин өз чыгармачылык кудреттин, чеберчилигин сыноо үчүн өз ара мелдеши; кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгында өнүккөн жанр. Ал адат-салт айтышы жана акындар айтышы болуп эки чоң топко бөлүнөт. Ал экөө өз кезегинде мазмун жана форма жагынан бири биринен айырмаланган түрлөрдөн турат. Адат-салт айтышына: бадик, кайым, сармерден, кыз-жигит айтышы..., акындар айтышына: алымсабак, табышмак, кордоо, учурашуу кирет. Бирок бул түрлөр так жиктелбейт, кээде биринин белгилери экинчисинде да кездеше берет. Тарыхта чечендердин айтышы да болгону белгилүү. Келип чыгышы жана өнүгүшү жагынан айтыш жанры байыркы үрп-адат, ырым-жырымдарга байланышып, элдик турмушту кенен чагылткан деңгээлге чейин жеткен. Айтыш жанрынын алгачкы түрлөрү көркөм сөз өнөрүнүн адамдарга маданий жана жандүйнөгө кызмат кыла башташы менен тең чыккан. Мисалы; бадик айтуу, «Бекбекей» ж. б. Бадикте адамдар кезек-кезек м-н туруктуу ыр саптарын айтып, ооруну денеден «кубалашса», «Бекбекейди» түнкүсүн короо кайтарганда алмак-салмак ырдашкан. Жаштардын ой-санаалары, кубаныч-эңсөөлөрү кайым, кыз-жигит, сармерден айтышында кенен чагылдырылган.<br>
Уруучулук доордо акындар айтыштары кеңири өнүккөн. Акындар өз өнөрү менен көпчүлүктөн айырмаланып чыкканда, бийлөөчүлөр аларды той-тамашаларда, атайын жыйындарда уруу кызыкчылыгы үчүн пайдаланышкан. Уруулук мамилелердин курчушу менен акындык айтышта да учурдун маселелери курч коюла баштаган. Мисалы, мурда эки уруунун акындары бири бирине жөнөкөй мазмундагы суроолорду берип айтышса, кийинчерээк өз уруусунун артыкчылыгын, баатырларын даңазалап, атаандаш уруунун кемчил жактарын ачып, кордошуп айтышышкан. Атаандашын жеңүү үчүн анын уруусун, башчыларын кордоп ырдаганда, кээде моралдык-этикалык нормага сыйбаган ыкмаларды да колдонуп, диний татаал түшүнүктөрдү чечмелешип да айтышышкан. Айтыш өнөрүнө [[Токтогул Сатылганов]] идеялык-эстет. Ал айтыштарда уруучулук кордошууга, бири бирин кемсинтүүгө каршы турган. Негизинен айтыштарда учурашуу, калың элдин көңүлүн ачуу, эзүүчү мененн эзилүүчүнүн ортосундагы күрөш мотивдерин кеңири чагылтат. Табышмак айтышта акындар бири биринин турмуштук, филос. диний маалыматтарын сынап көрүшсө, алымсабак айтышта негизинен жаш акындын талантын өстүрүүгө аракеттенишкен. Токтогул, Эшмамбет, Эсенаман, Барпы, Калык сыяктуу акындар Айтыш өнөрүнүн ири чеберлери болгон. Советтик мезгилде айтыш өнөрүн Калык. Алымкул, Осмонкул баш болгон акындар өнүктүрөнүктүргөн. Азыр А.айтыш элдик турмушту кеңири чагылтып, кемчилигин сындаган публицистикалык салтанаттуу трибунага айланды. А-тынАйтыштын мазмуну совет адамдарынын бейпил турмушун, күжүрмөн эмгегин; тынчтыкты даңазалоо болуп калдыкалган. Форма жагынан А.айтыш салтанаттуу келип, майрамдарда театр сахналарында аткарылат, радио-телевидение, газетагезит-журнал аркылуу тарайт. Юмор, күлкү, тамаша арбын колдонулуп, сөзсүз жеңишке жетишүү аракети жок, анын ордуна жыйынтык чыгарылып, айтышкандар бир бүтүмгө келишет. 1922-ж.жылы Союз Кошчунун салтанаттуу жыйынында Калык м-нменен Осмонкул-дунОсмонкулдун А-ыайтышы, 50-ж-дарда Алымкул м-нменен Осмонкулдун совхоздор ж-дөгүжөнүндөгү, Ысмайыл м-нменен Токтонаалынын тамашалуу, Эстебес м-нменен Токтосундун юбилейлик А-тарыайтыштары белгилүү. А-тынАйтыштын формасын профессионал акындар да колдонуп келишти. А.Айтыш өнөрү акындык таланттын, төкмөлүктүн, акындык ойлоонун татаал табиятын изилдөөдө илимий-практикалык зор мааниге ээ. Анткени бул көрүнүштөр нукура белгилери м-нменен дал ушул А.айтыш процессинде ачык байкалат. А.Айтыш казак элинде да кеңири өнүккөн. Көркөм сөз өнөрүндө мелдешүүнүн түрдүү формалары башка элдерде да байыркы замандардан тартып өнүгүп келген. Мис, байыркы гректерде, арабдарда; япониялыктардажапондордо, индиялыктардаиндустарда, тажиктерде, өзбектерде ж. б.<br>
==Шилтемелер ==
Ад. : Таштемиров Ж., Айтыштар. «Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки» деген китепте, Фр., 1973; Айтыштар, Фр., 1972. <br>
 
("Кыргыз Совет Энциклопедиясынан" алынды. Макаланы [http://janyzak.kg Жанызак] киргизди)
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Айтыш" булагынан алынды