Гимнастика: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 69 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q43450 (translate me)
мNo edit summary
3-сап:
Гимнастикалык машыгууну врач менен кеңешүүдөн кийин баштоо керек. Машыгуу мезгилинде жылына эки жолу врачтык текшерүүдөн өтүп туруу, айрыкча балдар менен улгайып калган кишилерге талап кылынат.
 
Гимнастика денени жалпы өөрчүтүүчү, спорттук жана колдонмо болуп үч түргө бөлүнөт. Денени жалпы өөрчүтүүчү гимнастикага негизги, [[гигиеналык]], [[Атлетика|атлетикалык]] (булчуң) гимнастикалар, [[Спорт|спорттук]] гимнастикага — [[Спорт|спорттук]] гимнастика, [[акробатика]], [[көркөм]] гимнастика, секирүү; ал эми колдонмо гимнастикага өндүрүштүк, адистик-колдонмо, [[Спорт|спорттук]]-колдонмо, аскердик-колдонмо жана айыктыруу гимнастикалары кирет.
 
'''Денени жалпы өөрчүтүүчү гимнастиканын түрлөрү.''' Негизги гимнастика бардык жаштагы кишилердин ден соолугун чыңдоо, массалык тарбиялоонун маанилүү каражаты. Ага жүгүрүү, секирүү, сойлоо, чоюлуу, бир нерсени ыргытуу жана башка кыймылдар, ошондой эле кээ бир гимнастикалык шаймандарда аткарылуучу көнүгүүлөр кирет. Гимнастика жаш балдарды туура тарбиялоонун эң маанилүү факторлорунун бири. Ал баланын дене түзүлүшүн, кулк-мүнөзүн жакшы калыптандырууга жардам берет. Балдардын гимнастика менен үзгүлтүксүз машыгуусу алардын кыймыл-аракетин, дене келбетин жакшыртат, ошондой эле балдарды чечкиндүүлүккө, кайраттуулукка тарбиялайт. Борбордук нерв системасы, жүрөк-кан тамыр, дем алуу, булчуң системаларын өнүктүрүп, зат алмашуу процессин жакшыртат.
22-сап:
 
''Эскертүү:'' Көнүгүүлөрдү аткаруу алдында жай басуу, бир аз жүгүрүү жана кайрадан жай басуу талап кылынат. Көнүгүүлөрдү аткарып болгондон кийин да бир аз жай басууну эстен чыгарбагыла.
<br />
 
 
 
==5-6 жаштагы балдар үчүн гимнастнкалык көнүгүүлөр==
Line 42 ⟶ 39:
 
Мектеп жашындагы балдардын гимнастика комплексин түзүүдө алардын жаш "өзгөчөлүктөрү эске алынат. Башталгыч класстын (7—9 жаш) окуучуларына катарга туруу, кичинекей жана чоң топ менен ойноо, дене келбетин калыптандыруучу көнүгүүлөрдү аткаруу, акробатикалык элементтерди жасоо жана башка кыймыл-аракеттер сунуш кылынат (3-сүрөт). Дем алууну кыйындаткан же болбосо аны убактылуу токтотуучу көнүгүүлөрдөн баш тартуу керек.<br />
 
 
==7-9 жаштагы балдар үчүн гимнастикалык көнүгүүлөр==
Line 57 ⟶ 53:
''Эскертүү:'' Ар бир көнүгүүнү 4—6 жолу кайталагыла.
 
10—14 жаштагы балдардын организми тез өсүп жана аларда жыныстык жактан жетилүү процесси башталат. Бул мезгилде балдардын кыймыларакети солгун тартып координация начарлашы мүмкүн. Туура уюштурулган машыгуулар мындай терс өзгөрүүлөрдүн алдын алат. Буларга арналган көнүгүүлөр бир аз татаалдыгы менен айырмаланат. 5-класстан баштап, балдар негизинен күчтү жана чыдамкайлыкты талап кылуучу (мисалы: күрөштүн элементтери, шаймандарда аткарылуучу көнүгүүлөр), ал эми кыздар үчүн көркөм гимнастиканын элементтерин аткаруу талапка ылайыктуу (4-сүрөт).<br />
 
 
 
==Жогорку класстагы балдар үчүн гантель менен аткарылуучу гимнастикалык көнүгүүлөр==
Line 76 ⟶ 70:
 
15—17 жаштагы балдарда негизинен таяныч-кыймыл аппаратынын калыптанышы аяктайт. Алардын кыймыларакетин эмгекке даярдоо багытына өөрчүтүү сунуш кылынат (5-сүрөт). Гимнастика менен машыгууда кыздардын биологиялык жетилүү өзгөчөлүктөрүн эстен чыгарбоо зарыл.
<br />
 
 
 
 
 
== Жогорку класстагы кыздар үчүн гимнастикалык көнүгүүлөр==
Line 131 ⟶ 120:
==Гигиеналык талаптар==
Гимнастика менен машыккандардын кийими кыймыл-аракетке тоскоол болбоосу керек. Эркектер гимнастикалык шым жана майка, аялдар атайын гимнастикалык костюм кийгени оң. Бут кийим булгаарыдан тигилип, боосу жок жасалат. Машыгуудан кийин жылуу душ алып, жумасына бир жолу мончого барып туруу керек. Өзгөчө алакандын абалына чоң көңүл буруу зарыл. Анткени, гимнастикалык шаймандарда аткарылуучу көнүгүүлөр колдун чор болушуна алып келет. Анын алдын алуу үчүн колго [[глицерин]], [[ланолин]] сыйпап, ал эми машыгуу мезгилинде алаканга жука булгаары кеп кийип алуу туура болот.
 
 
 
 
 
 
== Колдонулган адабияттар ==
* Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
 
[[Категория:Ден соолук]]
[[Категория:Дарыгерлик]]
[[Категория:МедицинаСпорт]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Гимнастика" булагынан алынды