Муратаалы Күрөңкеев: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
No edit summary |

9-сап:
|'''Төрөлгөндө берилген аты:''' || Муратаалы Күрөңкөй уулу

|'''Туулган жылы:''' || 02.01.1860

|'''Туулган жери:''' || [[Талды-Булак

|'''Өлкө:''' || [[File:Flag of Kyrgyzstan.svg|{{{1|22px}}}|border|Кыргызстан желеги]]<noinclude>

|'''Ишмердүүлүгү:''' || [[

|'''Наамдары:''' ||
23-сап:

==Өмүр баяны==
Кыргыз элинин аспаптык музыкасынын баштоочуларынын бири жана пири Муратаалы Күрөңкөй уулу 1860-жылы [[Ысык-
Ал комузчулукту, чоорчулукту, сурнайчылыкты, кернейчиликти кесип кылган үй-бүлөдөн чыккан. Чоң атасы Белек кернейчи, өз атасы Күрөңкөй залкар комузчу болгон. Атасынын черткен күүсү зээндүү балага таасир берип, комузга болгон ышкылуулугун күчөтөт. Ал 15-16 жашка чыкканда Чынгышбай менен күү чертишип, комузчу катары элине таанылат. Анын кыл кыякчы болушуна Байчын, Олжобай деген белгилүү кыл кыякчылар таасир берген. 18-19 жаштарында кыл кыякта кадимкидей ойноп, чоорду да тарткан.

1916-жылы үркүндө эли менен [[Кытай]] жергесине качып барып, Турпанда туруп калат. Алгачкы күүсү “[[Арман күү]]” деп аталган, күү өзүнүн керт башынан өткөн оор турмушун сүрөттөгөн. 1917-жылы өз жерине кайтып келип “Жеңиш” деген күүсүн чыгарган.

Муратаалы – элдик музыкант. Нукура элдик көркөм өнөрдүн эң кайталангыс устаты, күүнүн атасы болгон. Колуна кармап ойнобогон кыргыздын музыкалык аспабы калган эмес. Ошондой эле комуз, кыл кыяк, чоор, сурнай, кернейлерди да өзү жасай билген. Эл музыкасынын устаты 1949-жылы 2-январда дүйнөдөн кайткан.

==Эмгек жолу==
1922-жылы М. Күрөңкеев Караколдогу комузчулар ийримин жетектеген [[Кыргыз
А. Затаевич аны бекеринен кыргыз музыкалык маданиятынын “казынасы” деп айткан эмес. Ал “Камбаркандан” тартып комуз музыкасындагы болгон бардык жанрлардын, түрлөрдүн кооз үлгүлөрүн черткен. Салт күүлөрдүн үлгүлөрүндө “Муратаалынын ботою”, “Муратаалынын кыз кербези”, “Кичинекей шыңгырама”, “Кыз кербез” деген чыгармаларын жараткан. Салт күүлөрүн чыгаруу менен бирге “Тулпардын күүсү”, “Табылдынын күүсү” деген ар кыл маңыздагы ондогон күүлөрдү черткен. Муратаалынын устаттыгы комузда гана эмес, кыл кыякта да көрүнгөн. “Кер өзөн”, “Кош кайруу” (“Кош кайрык”), “Байге”, “Ат кетти”, “Ак токту”, “Түнкү күзөт”, “Кечки жайлоодо”, “Олжо”, “Сатыке” аттуу күүлөрү элдик музыкабыздын кенчине айланды.

Ал жаштайынан эле канатташ казак айылын аралап өлөң айтышып, өнөр күчүн сынашып, өнөрүн элге тартуулаган. Казактын алп акыны Жамбыл менен дос болгон. Домбура күүлөрүн үйрөнгөн жана “Майкөттүн кара күүсү”, “Майрык Кожонун обону”, “Сүйүнбайдын обону”, “Кенендин обону” деген обон, күүлөрдү черткен.

1936-жылы Кыргыз филармониясы уюштурулуп, Шубиндин жетекчилиги менен уюштурулган эл аспаптар оркестринде кыл кыякта ойноп, 1945-жылга чейин үзүрлүү иштеген: “Көп сүйлөбөйм. Мен жөнүндө комуз, кыяк, чоор сүйлөсүн” – деп айткан сөзүнүн өзөгү кең, тамыры тармактуу болду. “Шыңгырама”, “Камбаркан” жана башка күүлөрү Л. Шубин, С. Ряузов, А. Жумакматов, Ж. Жумабаев тарабынан оркестрлештирилген. Залкар күүлөрү кыргыздын профессионалдык музыкасынын репертуарларын байытты. [[А. Малдыбаев]] “Кызыл жоолукчан” деген ырында “Кичине шыңгырамасын”, “[[“Алтын кыз” (драма)|Алтын кыз]]” музыкалык драмасында
Муратаалы – элдик байыркы күүлөрдүн жандуу энциклопедиясы. Элибиздин баа жеткис фольклордук асыл мурастарын ушу күнгө чейин төкпөй-чачпай жеткирип, аны өзүнүн чыгармачыл дарамети, шыгы менен байытып, өнүктүрүп-өстүргөн залкар таланттарыбыздын бири, музыкалык маданиятыбыздын тарыхында түбөлүккө орун алган инсан.

Улуу музыканттын өзү өлсө да, ысмы өчпөстөн анын чыгармалары, асыл мурастары маданиятыбыздын рухий байлыгын байытып, кылымдан-кылымга жашай бермекчи. [[Кыргыздын элдик]] музыкасынын классиги. [[М. Күрөңкеев|М. Күрөңкеевдин]] эли, жери үчүн кылган ак эмгеги бааланып, “Ленин”, “Эмгек Кызыл Туу” ордендери менен сыйланган. Кыргыз ССРинин эл артисти деген ардактуу наам ыйгарылган.

Бишкектеги музыкалык хореографиялык окуу жайына ысымы берилип, эстелиги орнотулган, стипендия белгиленген. Калаабызда анын ысымында көчө бар.

==Колдонулган адабияттар==
44-сап:
* Муратаалы Күрөңкеев // Кыргыз Совет Энциклопедиясы. – Т. 4. – Ф., 1979. – Б. 340-341;

* Муратаалы Күрөңкеев // Виноградов В. Кыргыздын элдик музыканттары жана ырчылары. – Ф.: Кыргызстан. – 1974. – Б. 33-44.

[[Category:
[[Category:
[[Category:
[[Категория:Кыргыз эл артисттери]]
[[Category:Ысык-Көл облусу]]