Бойкот: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
 
1-сап:
'''Бойкот''' (англ. {{lang-en|boycott}}) баш тартуу, токтотуу, тыюу салуу, аткарбай коюу, мамилени үзүү. 1880-ж. имение башкаруучу, англичан Ч. К. Бойкоттун атынан, ирландиялык арендаторлор ага биринчи мертебе баш ийбөө же баш тартуу чарасын колдонушкан.

Бойкоттун бир нече формасы бар: 1) белгилүү бир жеке адам, уюм, ишканага карата жумушка орношууну, ошол ишкананын продукциясын сатып алууну токтотууга багытталган саясий жана [[Экономика|экономикалык]] күрөштүн бир белгиси; 2) БУУнун Уставы боюнча, эл аралык мамиледе тынчтыкты сактоо максатында мажбурлоо (куралдуу күчтөрдү колдонбостон) чараларынын бири. Бир мамлекеттин экинчи бир мамлекет же мамлекеттердин тобу менен мамиле түзүүдөн баш тартууга негизделет; 3) кимдир бирөө менен мамилени токтотуу же бир нерсеге нааразылык көрсөтүү. Аталган байкоттор көбүнчө экономикалык саясий, социалдык, рухий, мамлекеттик башкаруу чөйрөлөрүнө, шайлоо системасына, саясий партияларга, өкмөттүк эмес уюмдарга, коомдук бирикмелерге таркалат. Мисалы, парламенттин депутаттарынын бир тобу тигил же бул маселени талкуулоодон, белгилүү бир максаттарга жетпшүү үчүн баш тартуусу, мамлекеттин аткаруучу бийликтин өкүлүнүн чечимдерин, буйруктарын аткарбай коюусу; каршы экендигин билдирүү үчүн белгилүү бир тарап менен мамилелерди үзүү.
 
[[Category:Кыргызстан]]
[[Category:Азия]]
[[Category:Саясат]]
[[Category:Кыргызстандын тарыхы]]
==Колдонулган адабияттар==
*«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. /Башкы ред. Асанов Ү. А. К 97 Б.: Мамл. тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
 
[[CategoryКатегория:Саясат]]
[[Категория:Экономика]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Бойкот" булагынан алынды