Кыргыз-Россия славян университети Б. Ельцин атындагы (КРСУ): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
1-сап:
{{mergeto|Кыргыз Россия Славян Университети}}
'''Кыргыз-Россия славян университети Б. Ельцин атындагы (КРСУ)''' — эл аралык жогорку окуу жайы. 1993-жылы Кыргыз Республикасынын жана РФтин ортосундагы кызматташтык жана эки тараптуу достук, жардамдашуу келишиминин негизинде түзүлгөн. Өкмөт аралык макулдашууга ылайык, эки мамлекеттик ортосундагы мамлекеттик жогорку окуу жай. 2004-жылы Б. Н. Ельциндин ысмы берилген. Окуу пландары эки мамлекеттин билим берүү стандартынын негизинде түзүлгөн. Бүтүрүүчүлөргө Кыргыз Республикасынын жана РФтин мамлекеттик диплому ыйгарылат. 8 факультет (табигый-техникалык, экономикалык, юридикалык, эл аралык мамиле, курулуш дизайны жана архитектура факультеттери), 80 кафедра, 6 илимий-изилдөө институту, 15 илимий жана билим берүү борбору, 4 лаборатория, медициналык борбор, 25 эстетикалык тарбиялоо студиялары, галерея, музей ж. б. бар. Окуу бюджеттик жана контракттык негизде күндүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрү аркылуу жүргүзүлөт. Структуралык бөлүмдөрүнүн башкаруу системасына шартталган негизги белгиси алардын ишке ашыруучу окуу программалардын мазмунуна, максаттарына дал келүүчүлүгү болуп саналат. Билим берүү программасын модернизациялоо иштеринде, жогорку окуу жайларда окуу процессин методикалык жактан камсыз кылууну өнүктүрүүдө активдүү катышат. Текшерүү комиссиясы эки тараптан тең дайындалып, берилүүчү диплом эки мамлекет үчүн жарактуу болуп эсептелет. Университеттин уюштуруучусу жана ректору В. И. Нифадьев (1993-жылдан).
[[Категория:Билим]]