'''Валла, Лоренцо''' - (Valla Lorenzo Valla) (1407, Рим - 1.8. 1457, ошол эле жер) [[Италия|италиялык]] философ жана логик. Эпикурдун философиясы менен этикасын жактоочу байыркы диний тексттерди сын көз менен илимий-изилдөөгө алгандардын көрүнүктүү өкүлү. «Константин тартуусу» делген документтин биздин замандын 8-кылымынын орто ченинде Рим папасынын канцеляриясы тарабынан чыгарылган жасалма Грамота (император ыйгаруучу бийлик укугу) экенин далилдеп чыккан. Негизги эмгектери: «Эркин эрк жөнүндө», «Кечил аялдардын чиркөөлүк убадасы тууралуу» жана башка Аларда христиан чиркөөсүнүн аскетизмин сынга алып, адам деген турмуш жыргалын жаратууга жана андан ыракат алууга жаралган деп эсептеген.
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4