Византия империясы: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү |
мNo edit summary |
||
3-сап:
== Тарых ==
Анын борбору Рим императору [[Константин I]] мурдагы Византий колониясынын ордуна 324-330-ж. негиздеген Константинополь шаары (1453-жылдан Стамбул) болгон. Византиянын курамына Балкан жарым аралы, [[Кичи Азия]], [[Сирия]], [[Палестина]], [[Египет]], Киренаика, [[Месопотамия]], [[Армения|Армениянын]] бир бөлүгү, Эгей деңизиндеги аралдар ([[Кипр]], [[Крит]], [[Родос]] ж. б.), Крым жарым аралынын түндүгү кирген. Византия калкы ар кыл этностордон туруп, ага гректер, сириялыктар, копттор, армяндар, грузиндер, еврейлер, кичи азиялык эллиндешкен уруулар, фракиялыктар, иллириялыктар, дактар кирген. 4-6-кылымда калкынын саны 50 млндон 65 млнго чейин жеткен. Ошону менен бирге өлкөнүн аймагына башка элдер (готтор 4-5-кылымда, славяндар 6-7-кылымда, арабдар 7-9-кылымда, печенегдер, кыпчактар 11-13-кылымда) жайгаша баштаган. 6-11-кылымда Византия калкынын курамына кирген этнос топторунан кийинчерээк италян эли калыптанган. Византиянын экономикасында, саясий турмушунда жана маданиятында грек калкы чоң роль ойногон. Империянын мамлекеттик тили 4-6-кылымда латын, 7-кылымдан Византия кыйраганга чейин грек тили болгон. Империянын ири шаары, кол өнөрчүлүк жана эл аралык соода борбору болгон Константинополь [[Иран]], [[Индия]], [[Кытай]] ж. б. мамлекеттер менен соода жүргүзүп турган. Византия 4-5-кылымда борбордошкон аскердик бюрократтык монархияга айланган. 4-кылымдан христиан дини негизги дин катары кабыл алынып, 70-жылдардан баштап варварлар менен мамиле жасоо маселеси өлкөнүн тышкы жана ички саясатында чоң роль ойногон. Император Юстиниандын (
1204-ж. 4-крест жортуулунун натыйжасында Константинополь багындырылып, Византия империясы кыйраган. Византиянын кресттүүлөр басып алган жерлеринде Латын империясы (1204-61) негизделет. Кресттүүлөргө карабаган жерлерде көз каранды эмес грек мамлекеттери: Никей империясы (1204-61), Трапезунд империясы (1204-1461) жана Эпир мамлекети (1204-1337) пайда болот. Латын империясына каршы күрөшүүдө Никей империясы чоң роль ойнойт. 1261-ж. Никей императору Михаил VIII Палеолог грек калкынын колдоосуна таянып, Константинополду кайра алат да, Византия империясын калыбына келтирет. Бирок, Трапезунд жана Эпир мамлекеттери ага кошулбай, өз алдынчалыгын сактап калган. Мамлекеттин ичиндеги өз ара чыр-чатактар Византияны начарлатат да, осмон түрктөрү 14-кылымдын башынан тартып анын аймагын басып ала баштайт. 1354-ж. Галлиполи, 1362-ж. Адрианополь (Эдирне) басылып алынат. 1371-ж. Марицанын алдындагы жеңилүүдөн кийин Сербия, алардын артынан Византия да түрктөргө вассалдык көз карандылыгын тааныйт. 1402-ж. [[Анкара|Анкаранын]] алдындагы түрк аскерлеринин Тимурдан жеңилиши Византия империясынын кыйрашын убактылуу токтоткон. Византиянын Батыш Европадан жардам сурап, союздаштарды издөө аракетинен майнап чыккан эмес. Анын экономикасынын төмөндөшү, карама-каршылыктардын күчөшү, Батыш Европа мамлекеттеринин ачкөздүк саясаты осмон түрктөрүнүн Византияны жеңип алышын жеңилдеткен. Эки айлык камалоодон кийин, 1453-ж. 29-майда түрк султаны Мехмед II Фатих (Баскынчы) баштаган түрк армиясы Константинополду басып алып, талап-тонойт. 15-кылымдын
==Византия маданияты==
[[Файл:Meister von San Vitale in Ravenna 003.jpg|thumb]]
Византия маданияты рим, грек жана чыгыш маданиятынын таасиринде өөрчүп, негизинен диний (христиандык) мүнөздө болгон. Маданияттын бардык тармагындагы маанилүү түшүнүктөр менен ойлор христиан мифологиясындагы салттуу образдар жана фразеология аркылуу туюнтулган. Византиялыктар жердеги кудай деп императордун зоболосуна сыйынышкан. Библия, ошондой эле антикалык классиктер ар бир адам үчүн өтө керек билимдердин жыйындысы деп эсептелген. Ошол себептен Византияда салт-санаанын таасири (традиционализм) аябай күчтүү болгон. Билимдин булагы тажрыйба эмес, салт деп саналып, эксперимент менен ил. байкоолор анча өнүккөн эмес. Византия маданияты кубулуштарды анализ кылып карагандан көрө, системага салып иликтегенге көбүрөөк көңүл бөлгөн. Византиянын эл агартуу системасында, илиминде, адабиятында, сүрөт өнөрүндө, үй-тиричилигинде антикалык салттар басымдуулук кылган. Византиялыктар өз маданиятын адамзаттын эң бийик жетишкендиги катары эсептеп, башка элдердин маданиятына таасирленүүдөн же аны тууроодон атайылап баш тартышкан. Алар 11-кылымдан баштап гана араб медицинасына, чыгыш адабиятына, кийинчерээк араб жана перс математикасына кызыга баштаган. Византия маданияты адабият, сүрөт, дин ж. б. боюнча коңшу өлкөлөргө зор таасирин тийгизген. Айрыкча антикалык мурастарды сактоодо Византиянын ролу чоң болгон. 12-кылымга чейин Византияда эл агартуу системасы Европага караганда жогорку деңгээлде болгон. Баштапкы билим алуу мөөнөтү 2-3 жыл, орто билимди грамматик-мугалимден же чечендик боюнча мугалимден алышкан. Окутуунун программасына орфография, грамматикалык нормалар, ырдын түзүлүшү, чечендик өнөр, документ даярдоо өнөрү, философия менен тарых кирген. 11-кылымдын орто ченинде Константинополдо чиновниктерди даярдоочу укуктук жана философиялык мектептер ачылат. Византияда математиканын коомдук бедели чечендик менен философияга караганда төмөн турган. 4-6-кылымда Византиядагы математика антикалык классиканы комментарийлөө менен гана чектелип, ал эми зоология, ботаника, агрономия илимий жактан терең такталып жазылган эмес. Византиялык медицина антикалык салтка негизделген. Византиялыктар географиялык карта түзүүнү билишкен. Византия философиясынын негизги булагы Библия жана классикалык грек философиясы ([[Платон]], [[Аристотель]]) болгон. 4-7-кылымда Византия философиясында 3 багыт өкүм сүргөн: 1) неоплатонизм, 2) гностицизм-манихейлик дуализм, 3) христиандык диний багыт. Византия философиясы орто кылымдагы схоластикага, Италиядагы Кайра жаралууга, славян өлкөлөрүндөгү, Армения менен Грузиядагы философиялык ой-пикирдин өнүгүшүнө таасир тийгизген. Византиянын адабияты байыркы грек адабиятынын салтында калыптанган. Славяндар үстөмдүгү учурунда эпос, ода, эпиграмма жанрлары өнүккөн. Ошол кездин өкүлү А. Византийскийдин чыгармалары Византия адабиятынын классикалык үлгүлөрү. Византия архитектурасы менен сүрөт өнөрү антикалык искусствонун салттарын уланткан. Буга мисал 4-5-кылымдагы Константинополь архитектурасы: 4-кылымда мурдагы чиркөө базиликалары менен кумпалуу имараттардан айырмаланган жаңы типтеги храмдар салына баштайт. 6-кылымда зодчийлик дүркүрөп өсөт. 9-12-кылымда анда крест-кумпалуу храмдын тиби негизги орун ээлейт. Мисалы, Мирелеон чиркөөсү (10-к.), Пантократора храм комплекси (12-к.). Кресттүүлөрдүн жортуулунан кийин Византия маданияты Константинополдо жана Грекия менен Кичи Азия аймагында кайрадан гүлдөйт. Орто кылымдагы архитектура италиялык зодчийликтин айрым мотивдерин өзүнө сиңирип, ренессанстык тенденциялардын калыптанышын чагылдырат (Константинополдогу Текфур-серай аксарайы, 14-к.).
== Византия живописи==
20-сап:
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
[[Категория:
[[Категория:Европа тарыхы]]
[[Категория:Тарыхый мамлекеттер]]
|