Чыгармачылык: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Чыгармачылык''' – мурда болбогон жаңы сапаттагы материалдык жана рухтук баалуулуктарды жар..."
 
No edit summary
1-сап:
'''Чыгармачылык''' – мурда болбогон жаңы сапаттагы [[материалдык]] жана рухтук баалуулуктарды жаратуучу коомдун, [[социалдык]] топтордун, инсандардын иш-аракеттери болуп саналат. Чыгармачылык бул жаңыларды [[социалдык]], прогресстин кызыкчылыктарын канагаттандыруу [[багытында]], адамдын эркиндик деңгээлинин жогорулоосунда, коомдук мамилелерди гумандаштырууда, инсандын ар тараптуу шайкеш өнүгүүсүн камсыз кылуу максатында жаратуу дегенди туюндуруп билдирет. Чыгармачылык диалектикалык каршылык туу ал кайталап өндүрүү жана өнүмдүү, жемиштүү иш-аракеттердин биримдиги. Адам өзүнөн мурдагы муундардын жараткандарына таянып туруп жаңыны жаратат. Чыгармачылык ар түрдүү формаларда, илимий, көркөмдүк, өндүрүштүк, техникалык, саясий ж. б. формаларда билинип-көрүнөт. Анын негизин курчап турган дүйнөнү максаттуу өздөштүрүп, жаңыртып жаткан адамдардын предметтик-практикалык иш-аракеттери түзөт. [[Адамдын]] чыгармачыл иш-аракети жумшала турган маанилүү чөйрөсү – тарыхый коом. Андагы чыгармачылык ишинде Адам өзүн өнүктүрөт, өзүн тажрыйбалык жана рухтук-ыймандык (нравалык) жакшыртууларды бириктирген бир бүтүн Жан катарында калыптандырат. Азыркы учурдагы чыгармачылыктын маанилүү жагы- илимий ишкердик. Илимий билимин өнүктүрүүнүн негизинде Адам өзүнүн чыгармачыл дараметин бардык башка ишмердиктерде ишке ашырууга жөндөмдүү болот.
== Колдонулган адабияттар ==
* Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9
 
[[Category:Социология]]
 
[[Category:Коом]]
[[Category:Чыгармачылык]]
[[Category:Аналитикалык психология]]