Идеология: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү Android app edit
No edit summary
 
1-сап:
'''Идеология''' - (идея жана ...логия) коомдук турмуштун бир жааты; курчап турган дүйнөгө карата адамдардын мамилесин жана өз ара катышын аныктаган, мүнөздөгөн, максат-ниеттерин негиздеген ой-түшүнүктөр тутуму. Адам алдына койгон максатын, жасаган ишин, көздөгөн ниетин, ага жетүүнүн жолдорун, куралдарын жана каражаттарын кайсы бир ой, идеяларга таянып түшүнөт, баалайт, аныктайт, башкаларга түшүндүрөт, таратат. Ушундан идеология жаралат. Ар иштин (чоң, кичине, коомдук, аймактык ж. б.) идеологиясы болот. Идеологиясыз коом болбойт. Идеологиянын негизинде таалим-тарбия иши жүргүзүлөт, коомдук мамилелер аныкталат, чыгармачылык калыптанат, адамдар өз ара түшүнүшөт, биригет, коомчулук жана адамдардын зор массасы белгилүү бир максатты (багытка) көздөй мобилизацияланат, саясат ишке ашырылат. Идеология көп кырлуу, көп түрлүү кубулуш. Коомдук идеология, улуттук идеология, мамлекеттик идеология, диний идеология сыяктуу өзүнө тиешелүү маани-мазмунга, түшүнүктөргө ээ. «Идеология» термин катары француз философу А. Л. К. Дестюг де Трасси тарабынан «идеялар жөнүндөгү окуу» деген мааниде киргизилген (1801). Идеология кийин Францияда турмуштан алыс, чыныгы саясаттан ажыраган көз караштар маанисин алат. [[К. Маркс]], [[Ф. Энгельс]] «бурмаланган, жалган ой-түшүнүк» сапатында түшүнүшкөн. [[В. И. Ленин]] «марксизм бул илимий идеология» деп баалаган. Социализм кыйраган соң «идеологиядан баш тартуу» (депдеологизация) кубулуштары жаралып, жаңы эгемен мамлекеттерде улуттук идеологияны табуу аракеттерп күчөгөн. Учурда Кыргызстанда да коомдук, улуттук идеология маселеси бир жаңсыл чечиле элек.
[[Категория:Терминдер жана түшүнүктөр]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074 -5
 
 
[[Категория:Идеологиялар|*]]
[[Категория:Социалдык философия түшүнүктөрү]]
[[Категория:Саясий философия түшүнүктөрү]]
[[Категория:Критикалык теория]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Идеология" булагынан алынды