Алымбек датка: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with 'Алымбек датка кыргыздын түштүк жана түндүк урууларын бириктирүүгө көп аракет жасаган. Ал Кокон х...'
 
No edit summary
1-сап:
Алымбек датка кыргыздын түштүк жана түндүк урууларын бириктирүүгө көп аракет жасаган. Ал [[Кокон хандыгындагыхандыгы]]ндагы кыргыздардан чыккан (алайлык) эң таасирдүү саясий ишмерлердин, аскер башчылардын бири, парваначы наамын (генералга тете) эң биринчи алган адам. “Датка” наамы Кокон хандыгынын учурунда [[Орто Азия]] аймагында 18-­кылымда пайда болгон. Эң көрүнүктүү, кадыр-­барктуу, зоболосу жогору адамдарга берилген. Датка элден түшкөн даттанууларды ханга билдирип, арыз ээлерине жообун кайтарып турган. Бул наам ошол доордо кеңири жайылган казы, бий сыяктуу жергиликтүү өкүмдүк наамдардан кыйла жогору турган. <br><br>
 
Датканы И.Бичурин «генералга тете жогорку чин» десе, орус окумуштуусу А.Кун генерал-губернаторго теңеген. Даткалар хан казынасынан жылына 200 батман аштык жана 1000 дилде алууга акылуу болушкан, ар кандай кызматтарды аткарышкан. Алмазбек Абасбековдун изилдөөсү боюнча 1804-1876-жылдары кыргыз инсандарынан төмөнкүлөр датка даражасын алышкан: Ажыбек (чыныгы аты Аспердин, Талас), Медет (Жумгал), Кедейбай (Чартактын акими), Сарымсак, Тойчу Молдо (Хоженттин акими), Шапак, Сейитбек (кесек уруусу), Болот, Касым, Гаиб (Алай), Бозой (Бадахшан), Тилла (тейит уруусу), Каракул (найман уруусу), Айдарбек (Чүй), Алымбек (Алай). Алымбек 1831­ж. Мадали хандан “Алайдын даткасы” наамын алган. Ал өлгөндөн кийин даткалык наам аялы Курманжанга[[Курманжан]]га өткөн. <br><br>
 
Курманжан Маматбай кызы (1811-1.02.1907) кыргыз аялдарынын ичинен гана эмес, бүткүл Борбордук Азиядан аялзатынан жападан жалгыз өзүнүн даанышмандыгы, акылмандыгы менен сый­-урматка татып 1864 ­ж. датка наамын алган, “Алай ханышасы” атка конгон. 1876 ­ж. Курманжан даткага орус бийлиги “полковник” чинин ыйгарган. Мындай чоң чинге ага чейин эч ким ээ болгон эмес. Айрым маалыматтарда ага чейин Зыйнат датка (Шералы хандын таежеси) болгону да айтылат.