'''Резерфордий''' ([[Латын тили|лат.]] Rutherfordium, '''Rf''') – [[Д. И. Менделеев]] мезгилдик системасы 7-мезгилинин IVВ группа элементи. [[К. н.|К.н.]] 104. Бул элемент синтезделиши 7-мезгил элементтеринин атомунун электрондук катмарынын түзүлүшү ж-дөгү маалыматтар тууралыгын далилдөөдө өтө маанилүү болгон. Гафний аналогу катары ал гафнийге, ошондой эле цирконийге жана титанга [[химия|химимялык]] касиети боюнча окшош болуп, ''лантаноиддер'' касиеттеринен айырмаланып турушу тийиш. Бул №104№ 104 элементти сейрек жер металлдан жана актиноиддик элементтен бөлүп алууну жеңилдетип жана ошону менен бирге бөлүп алуунун жаңы технологиясын түзүүнү талап кылган. Р. 253Rf - 262Rf массалык сандарга ээ болгон 10 изотобу белгилүү, алардын ичинен эң узак жашаганы 261Rf (Т1/2 =1,1 мин). 1970-ж. АКШда Р.Сильва жана анын эмгектештери 261Rf (17 атом белгиленген) a-гидроксиизобутират – иондору менен комплекстик анион түрүндө суудагы эритмесинде ошол эле шарттагы (окистенүү даражасы +2, +3) актиноиддер касиеттеринен абдан айырмалангандыгын көрсөтүшкөн. 257Rf (Т1/2 =4,5 сек), 259Rf (Т1/2 =5 сек) изотопторунун a -активдүүлүгү 1-жолу АКШ А.Гиорсо жана анын кесиптештери тарабынан 1969-70-ж. изилденген. Бул элемент [[химия|химимялык]] касиеттерин изилдөөдөгү алгачкы тажрыйбалар ЯИБИ И.Звара жана анын эмгектештери тарабынан 1966-ж. (Дубна шаары) жүргүзүлөт. ''Актиноиддер'' (окистенүү даражасы +3) жана Р. хлоридин хроматографиялык ыкма менен изилдөөдө алардын касиеттеринин ортосунда чоң айырмачылык, ал эми Р. менен гафний хлориддеринин ортосунда окшоштуктар бар экендиги табылган. 1-жолу Р. (изотоп 260Rf) плутоний 242Pu изотобун неон 22Ne ылдамдатылган иондору менен нурлантуудан ЯИБИ (Дубна ш., СССР) Г. Н. Флеров жана анын кесиптештери 1964-ж. синтездешкен: