Марий Эл Республикасы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
7-сап:
Жалпы билим берүүчү 401 окуу жайы, 32 алгачкы жана атайын билим берүүчү, 6 жогорку окуу жайы (анын ичинде 4 мамлекеттик, филиалдары менен), 6 театр (анын ичинде музыкалык, куурчак), филармония, улуттук аспаптар оркестри, 30дан ашык музей (анын ичинде улуттук, ачык асман астындагы этнографиялык), «Замок Шереметева» архитектуралык-чарбак музей- корук, М. Шкетандын үй-музейи, 3 республикалык китепкана (анын ичинде азиздер үчүн) бар.
==Билим берүүсү==
Мектепке чейинки тарбиялоону, милдеттүү башталгыч, орто, кесиптик даярдоону жана жогорку билим берүүнү камтыйт. 15 жаштан жогору калктын сабаттуулугу 96%ти түзөт. (2008). Окутуу негизинен марий жана орус тилинде жүргүзүлөт. Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес окуу жайлары бар. Университеттер, илимий мекемелер, китепканалар жана музейлер Йошкар-Ола шаарында жайгашкан. Марий мамлекеттик техникалык университети (1932), Н. К. Крупская атындагы Мамлекеттик педагогика институту (1931), Марий мамлекеттик университети (1972) ж. б. ири окуу жайлары, С. Г. Чавайн атындагы улуттук китепканасы (1876), Улуттук музейи (1920), Көркөм сүрөт музейи (1981), Ачык асман алдындагы этнографиялык музейи (1961), 120дан ашык гезит-журналдары, анын ичинде «Марий Эл», «Марийская правда», «Волжская правда» ж. б. гезиттери бар. Радиоуктуруусу 1929-жылдан, телекөрсөтүүсү 1960-жылдан иштейт.
 
==Адабияты==
Марийлердин көркөм адабияты 1905–07-жылдардагы революция мезгилиндеги улуттук-боштондук кыймыл учурунда пайда болгон. Марий адабиятына негиз салуучулар: С. Г. Чавайн, М. С. Герасимов-Микай, Н. С. Мухин ж. б. 1934-жылы СССР Жазуучулар союзунун Мари бөлүмү уюшулган. Адегенде Марийлердин адабиятынын негизги жанры поэзия болгон. Драмалык чыгармалар көбүнчө коом, тиричилик темасында жазылган. Марий адабиятында роман, повесть жанры 30-жылдары М. Шкетандын «Эренгер» (1933), Шабдардын «Аял сапары» (1929–37) романдары, Н. В. Игнатьев, Я. Ялкайн, Д. Орайдын ж. б. повесттери жаралган. Улуу Ата мекендик согуш мезгилинде поэзия күчтүү өнүккөн (С. А. Вишневский, Н. И. Казаков). Согуштан кийин прозада Н. Лекайн, В. М. Иванов, Эрыкандын роман, повесттери жарыкка чыккан. Көрүнүктүү акын-жазуучулар: В. Н. Косоротов, А. Юзыкайн, М. И. Якимов, В. Х. Колумба. адабият таануу жана адабий сында А. А. Асылбаев, К. К. Васин, В. Столяров, М. А. Георгина, С. Эман ж. б. чыгышты.