Никколо Макиавелли: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
17-сап:
Бирок да Макиавеллини эки жүздүүлүктүн жана зордукчулдуктун үгүттөөчүсү катарында элестетүү туура эмес болор эле. Ал баарынан мурда өз заманынын уулу, гуманист болгон. Анын теориялары, концепциялары, көз караштары — ошол доордогу саясый кырдаалдын чагылышы. Макиавеллинин өзү саясаттагы зордоону да, аморализмди да эч кандай актаган эмес. Тескерисинче, ал, падыша, саясатчы элдин пикири менен эсептешүүгө тийиш, элдин үнү — Кудайдын үнү, падыша ийкемдүү болууга тийиш деп эсептеген. Эгерде падыша күч колдонууга барса, анда ал тар мүдөөлүү максат болбоо керек. Күч колдонуу саясатты бузбай, кайра түзөтүшү керек. Макиавеллинин саясый идеалы Рим республикасы болгон. Ошондуктан ал башкаруунун эң мыкты формасы республика болуп саналат, бирок эл арасында граждандык такыбаачылык өнүкпөгөн болсо анда башкаруунун республикалык формасы дайыма эле мүмкүн боло бербейт деп эсептейт. Саясый максатка жетишүү үчүн, Макиавеллинин пикири боюнча, бардык каражаттар актала турган кырдаал түзүлүшү да мүмкүн. Падыша жалпы кабыл алынган мораль нормаларын жетекчиликке алууга тийиш, бирок, эгерде мамлекеттин кызыкчылыгы адеп-актык талаптарын этибарга албай турган иш-аракеттерди талап кыла турган болсо, анда ага да баруу керек.
== Колдонулган адабияттар ==
* [http://www.bizdin.kg/elib/kitepter/pdf/philosophy_blinnikov.pdf Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү.] - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8]
 
{{DEFAULTSORT:Макиавелли, Никколо}}
[[Категория:Философия]]
[[Категория:ИнсандарФилософтор‎]]
[[Категория:Классикалык немис философиясы]]
[[Категория:Батыш философиясы]]
[[Категория:НемисТуулгандар философиясы1469-жылы]]
[[Категория:ФилософияӨлгөндөр 1527-жылы]]