Конституциялык укук: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Automated import of articles
 
No edit summary
1-сап:
'''Конституциялык укук''' – 1) укуктун коомдук фундаменталдык мамилелерди жөнгө салуучу негизги тармагы. Ал: а) мамлекеттин конституциялык (коомдук) түзүлүшүн, мамлекетте бийликти ишке ашыруунун тариздерин жана ыкмаларын; б) инсандын укуктук абалынын негиздерин; в) мамлекеттик түзүлүштү, б. а. мамлекеттин аймактык уюштурулушун; г) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарын түзүүнүн тартибин, уюштуруунун жана ишмердигинин принциптерин камтыйт. КР жана башка айрым өлкөлөрдө бул тармакты белгилөө үчүн «мамлекеттик укук» аталгысы колдонулат. Башкаруунун республикалык таризи, элдик эгемендүүлүк, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин артыкчылыгы жана бузулгустугу, бийлик бутактарынын бөлүнүшү КР К. у-тун негизги принциптери болуп саналат. КР Конституциясы КРде К. у-тун негизги булагы болуп саналат. К. у. ошондой эле укук илимдеринин жана окутуу сабактарынын бири; 2) конституцияда бекемделген субъективдүү укук (билим алууга, эс алууга ж. б. укуктуулук).
 
== Колдонулган адабияттар ==
* [[Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү]]. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
 
[[Категория:Юридикалык аталгылар жана түшүнүктөр ]]
[[Категория:Конституциялык укук| ]]