Президент: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ Akayev-Bush.jpg
No edit summary
6-сап:
 
== Кыргызстан ==
1990-жылы 22–30-октябрдагы [[Кыргызстан|Кыргыз Республикасынын]] Жогорку Советинин кезексиз сессиясында биринчи жолу президент маселеси каралган. 1990-жылы 24-октябрда «Кыргыз ССРинде Президенттик кызматты түзүү жөнүндө» Мыйзам кабыл алынып, 27-октябрда парламент Кыргызстандын туңгуч Президенти [[Аскар Акаев|Аскар Акаевди]] шайлоо менен коллегиялдуу мамлекет башчысынын ордуна жеке кызмат оруну – президент киргизилген. [[Парламент]] шайлаган президенттин ыйгарым укуктарын, президенттик бийликтин мыйзамдуулугун камсыз кылуу максатында 1991-жылы 12-октябрда көз карандысыз, эгемендүү мамл. башчысы мамл. түзүлүш жөнүндөгү маселени чечкен. 1993-ж. 5-майда эгемендүү [[Кыргыз Республикасынын Конституциясы|Кыргызстандын Конституциясын]] кабыл алуу менен совет системасы толугу менен жоюлуп, президенттик бийлик орногон. 1995-жылы 24-декабрда элдик [[шайлоо]] жолу менен Кыргыз Республикасынын туңгуч президенти [[Аскар Акаев]] шайланган. Бул Конституцияга ылайык президенттин биринчи мөөнөтү деп эсептелген. 1996-жылы 10-февралда өткөрүлгөн [[референдум|референдумдун]] негизинде президент статусунун өзгөрүлүшү менен президенттик «күчтүү» бийлик орноп, Кыргыз Республикасы [[парламенттик башкаруу|парламенттик башкаруудан]] [[парламенттик башкаруу|парламенттик башкарууга]] өткөн. 2000-жылы 29-октябрда президентикке Аскар Акаев экинчи мөөнөткө кайра шайланган. 2003-жылы 2-февралдагы жалпы элдик референдумда Кыргыз Республикасынын президенти Аскар Акаевге дагы бир жолу ишеним көрсөтүлдү.<br>
2004- жылдын 24-мартында элдик революция болуп, президенттикке [[Курманбек Бакиев]] дайындалган.<br> 2008- жылдын 28- июлунда президенттик шайлоо өтүп, анда да К. Бакиев жеңип чыккан.
 
16-сап:
* Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.
 
[[Категория:Президенттер|Мамлекеттер президенттери|*]]
[[Категория:Саясат таануу]]
[[Категория:Кызмат ордулары]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Президент" булагынан алынды