Метрология: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: автоматизированный импорт статей
 
No edit summary
 
1-сап:
'''Метрология''' (грекче metrtn – ченем, өлчөм жана ...логия) – [[өлчөө]], өлчөөлөрдү бирдиктөө жана талап кылынуучу тактыкка жетишүү методдору жөнүндөгү илим.

Метрологиянын негизги проблемаларына төмөнкүлөр кирет: өлчөөнүн жалпы теориясын түзүү (теориялык); физикалык чоңдуктардын бирдиктер системасын түзүү (колдонмо); өлчөө методдорунун жана өлчөө каражаттарынын бирдей болушун камсыз кылуу (закондук метрология); эталондорду жана өлчөөнүн үлгүлүү каражаттарын жасоо; чендерди жана өлчөө каражаттарын текшерип туруу. Метрологиянын өнүгүшүндөгү тарыхый этаптар: метр эталонун аныктоо (Франция, 18-кылымдын аягы), бирдиктердин абсолюттук системасын түзүү ([[К. Гаусс]], 1832), Эл аралык метрдик (чендик) конвенцияга кол коюу (1875), Бирдиктердин эл аралык системасын (СИ) иштеп чыгуу жана аныктоо (1960). Метрологиялык изилдөөлөрдү Эл аралык метрологиялык уюм координациялайт.

20-май – Бүткүл дүйнөлүк метрология күнү.
 
[[Категория:Илим]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
 
 
[[Категория:ИлимМетрология|*]]
[[Категория:Математикалык статистика]]
[[Категория:Сапатты контролдоо]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Метрология" булагынан алынды