СГС: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
No edit summary
1-сап:
'''Бирдиктердин гаусс системасы''' – негизги бирдиктери сантиметр, грамм, секунда болгон, ал эми андагы диэлектрдик (ε) жана магниттик (μ) өткөрүмдүүлүктөрү өлчөмгө ээ болгон жана вакуумда ε = 1, μ =1 болгон электрдик жана магниттик чоңдуктардын системасы.
 
Бирдиктердин гаусс системасы бирдиктердин эки абсолюттук системасын камтыйт, б. а. гаусс системасындагы электрдик чоңдуктардын бирдиги абсолюттук электр-статикалык система СГСЭнин бирдиктерине, ал эми магниттик чоңдуктардын бирдиги – абсолюттук электр-магниттик СГСМдин бирдиктерине барабар. Ошондуктан Бирдиктердин гаусс системасы көбүнчө симметриялуу СГС системасы деп аталат (к. Бирдиктердин СГС системасы). Бирдиктердин гаусс системасын 1932-ж. К. Ф. Гаусс сунуш кылган. Бул бирдиктердин алгачкы системасы болуп саналат. Ошондуктан [[К. Ф. Гаусс]] бирдиктер системасын биринчи ойлоп табуучу болуп эсептелет. Ал негизги бирдик катары миллиметр, миллиграмм, секунданы алган жана аларды магниттик чоңдуктардын бирдиктер системасын түзүүдө колдонгон. 1851-ж. [[В. Э. Вебер]] Бирдиктердин гаусс системасын электр чоңдуктарынын бирдиктер системасын түзүүгө колдонгон. Бирдиктердин гаусс системасы кеңири таралган эмес, анткени бул системадагы негизги жана туунду бирдиктер өтө кичине өлчөмгө ээ болгондуктан алар иш жүзүндө колдонууга ыңгайсыз болгон. Бирок ошондой болсо да Гаусс ачкан бирдиктердин системасын түзүү принциби азыркы мезгилде бирдиктердин системасын түзүүдө кеңири колдонулууда.
 
==Колдонулган адабияттар==
* Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. [[Физика: Энциклопедиялык окуу куралы|Физика. Энциклопедиялык окуу куралы.]] 2004 Бишкек. ISBN 9967-14-010-0
 
[[Category:Физика]]
[[Категория:СГС|*]]
[[Категория:Өлчөмдөр системалары]]
[[Категория:Карл Фридрих Гаусс]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/СГС" булагынан алынды