Менеджмент: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
'''Менеджмент''' (англисче management) – базар мамилелеринин шартында ишкананы башкаруу формасынын, принциптеринин жана ыкмаларынын жыйындысы. Менеджменттин негизги максаты – өндүрүштүн натыйжалуулугун жогорулатып, пайданы көбөйтүү. Менеджменттик башкаруунун негизги концепциясы: өндүрүшкө стратегиялык пландоого ылайык мамиле жасоо, дайыма программалык багытта башкара билүү. Менеджменттин негизги милдеттери: 1) чечим кабыл алуу; 2) кабыл алынган чечимди ишке ашыруу. Мында айрыкча күтүлбөгөн жагдайда чыгармачылык менен кабыл алынган чечимдер кыйла маанилүү. Менеджменттин негизги иш-чаралары: 1) өндүрүштөгү башкы багытты жана максатты аныктоо; 2) сунушталган максатты ишке ашыруунун ыкмалары менен методдорун өндүрүшкө киргизүү; 3) жетекчилик тарабынан белгиленген чечимдерди кыйшаюусуз аткаруу; 4) кызматкерлерди даярдоо жана жагдайга ылайык мезгил-мезгили менен даярдыктан өткөрүп туруу; 5) ишке ашырылып жаткан чечимдерди дайыма контролго алуу; 6) башкаруунун ыкмаларын улам жаңылап өзгөртүү. Менеджмент – ишкердиктин өтө пайдалуу чөйрөсү. Менеджментти эң алгач Д. Рокфеллер өзүнүн «Стандарт Ойл» компаниясына кийирип, айыгышкан конкуренциялык күрөштө авторитардык башкаруудан баш тартып, маркетинг боюнча адистердин кеңеши менен финансылык кыйынчылыктан чыккан; башкаруу чечимдери Менеджменттин катышуусуз кабыл алынган эмес.
 
[[Категория:Терминдер жана түшүнүктөр]]
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
 
 
[[Категория:Менеджмент|*]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Менеджмент" булагынан алынды