Радиоактивдүүлүк: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ links |
No edit summary |
||
1-сап:
[[Файл:Radioactive.svg|right|150px]]
'''Радиоактивдүүлүк''' (радио... жана латынча activus – активдүү, аракеттенүү) – химиялык элементтин туруксуз [[Изотоптор|изотобунун]] өзүнөн өзү элементардык бөлүкчөлөрдү же ядролорду (мисалы, а-бөлүкчөнү) бөлүп чыгаруу менен башка элементтин изотобуна айланышы. Радиоактивдүүлүк кубулушунун маңызы – негизги же дүүлүккөн абалдагы [[Атом ядросу|атом
Радиоактивдүүлүк [[1896]]-жылы ачылган. [[А. Беккерель]] [[Уран (химиялык элемент)|уран]] элементинин белгисиз нур чыгарганын байкаган. Ал радиоактивдүү нур деп аталган. Кийин Мария жана Пьер Кюри полоний жана радий элементтери да радиоактивдүү нур чыгарганын аныкташкан. [[Э. Резерфорд]] радиоактивдүү элементтер 3 түрдүү нур (⍺-,β -, γ-нурлар) бөлүп чыгарарын көрсөткөн. 1934-жылы И. Жолио-Кюри жана Ф. Жолио-Кюри жасалма радиоактивдүүлүктү ачышкан. Ядролордун радиоактивдүү ажыроо процесстери N<sub>0</sub> =N<sub>0</sub>exp(-λt) закону боюнча жүрөт. Мында N<sub>Q</sub> – убакыттын баштапкы учурундагы радиоактивдүү ядролор саны, λ – ажыроо туруктуулугу, N<sub>t</sub>–t убакыттан кийинки радиоактивдүү ядролор саны. радиоактивдүүлүктүн негизги бирдиги – кюри жана резерфорд. радиоактивдүүлүк техникада жана медицинада кеңири колдонулат.
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117 -9
[[Категория:
[[Категория:Радиобиология]]
|