Жаза: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
м Reverted edits by Үрүйэ (talk) to last revision by Эльза Мамбетакунова
Белги: Rollback
 
1-сап:
'''Жаза''' – [[кылмыш]] кылгандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган адамга колдонулуучу мамлекеттик мажбурлоо, ошондой эле коомдук мамилелерди коргоонун каражаты. Мурда адат укугу боюнча кыргыздарда өлүм, кун, айып, маскаралоочу жаза, денеге залал келтирүү, айыпкерди жабыр тарткан адамдын же анын туугандарынын колуна берүү, күнөөкөрдүн бардык мүлкүн тартып алуу, элден кууп жиберүү жана башка жаза колдонулган. Өлүм жазасы кыргыздарда өтө эле чанда колдонулган. Жабыр тарткан жактын макулдугу боюнча кээде өлүм жазасы кун менен алмаштырылган. КРдин мыйзамдарынын негиздеринде жаза кылмышкерди жазалоо гана эмес, аны оң жолго салуу, эмгекке ак ниеттүү мамиле кылууга, мыйзамдарды туура, так аткарууга жана жашоо эрежелерин урматтоого тарбиялоо, кылмыш жасоонун алдын алуу максатын көздөйт. Жаза өлчөмү кылмыштуу ишке байланышкан бардык жагдайды, кылмышкердин керт башын, күнөөнүн деңгээлине жараша жана башка жагдайларды эске алуу менен аныкталат. Жазанын негизги жаза (эркинен ажыратуу, сүргүнгө айдоо, жер которуу, эркинен ажыратпаган түзөтүү эмгеги, кандайдыр бир белгиленген кызматта иштөө укугунан ажыратуу, кызматтан бошотуу, штраф, коомдук уяткаруу жана башка) жана кошумча жаза (мүлктү конфискациялоо, аскердик же атайын наамдан, ата-энелик укуктан ажыратуу жана башка) сыяктуу түрлөрү бар.
 
==Колдонулган адабияттар==
“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
[[Категория:Юридикалык аталгылар жана түшүнүктөр]]
 
 
[[Категория:Жазалар|*]]
[[Категория:Кылмыш-жаза сот адилеттиги]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Жаза" булагынан алынды