Касым Тыныстанов: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
32-сап:
Касым адегенде казакча, кийин кыргызча жазган ырлары [[Алматы]] жана [[Ташкент]]те казакча чыгуучу газета-журналдарга жарыяланып, 1925 жылы «Касым ырларынын жыйнагы» деген ат менен Москвада жарык көргөн.
Касым - туңгуч көркөм котормочу. Ал «Интернационалды», И.А.Крыловдун тамсилдерин биринчи жолу кыргызчалаткан. Орус революциячыл ырларын "Өзгөрүштүн ырлыры" деген ат менен которуп, кичине китеп кылып чыгарган.
Касым кыргыз элинин оозеки чыгармаларын, асыресе [["Манас"]] эпосун жыйноого зор көнүл бөлүп, бул темада атайын макалалар жазган, уюштуруу иштерин жүргүзгөн. Мисалы, улуу манасчы Саякбай КаралаКаралаев уулунун айтуусундагы "Манас" үчилтигин толук жазып алуунун демилгечиси жана уюштуруучусу болгон. "Манас" эпосун орусчага которуу ишине катышкан. Касым Тыныстанов 1901-жылдын 10-сентябрында Ысык-Кѳл районунун Чырпыкты айылында туулган. Ата-энесинин тек –жайы , турмуштук абалы жѳнγндѳ так маалымат жок . К.Тыныстанов жѳнγндѳ жазылган макалаларда анын кедей үй-бγлѳдѳн чыккандыгы айтылса, кээ бир изилдѳѳчγлѳр атасын оокаттуу адамдардын катарына кошушат. К.Тыныстанов 1909-1912-жылдарда Чырпыктыда мусулман мектебинде окуп , андан кийин Сазановка айылындагы ѳзбек медресесине кирет. 1914-1916-жылдары Караколдогу орус-тузем мектебинде окуган. 1916-жылы γркγн учурунда эл менен Кытайга качат. Ал Кытайда кандай жашоо ѳткѳргѳндγгγ тууралуу маалымат жок. 1918-жылы гана кайтып келип кѳл башындагы Тепке айылында таякелериникинде туруп калган. Тепке айылында жγргѳндѳ ыр дагы чыгара башатаган. 1919-жылы Ташкентге келип, Казак-кыргыз агартуу институтунун даярдоо бѳлγмγнѳ алынган. 1920-жылы Кыргыз агартуу институтунун 1-курсуна кабыл алынган.
 
==Ишмердик жолу==