Difference between revisions of "Олжобай Каратаев"

no edit summary
|-
|}
'''Каратаев, Олжобай Кубатбекович''' ({{lang-en|''Oljobay Karatayev''}}); 1963-жылдын 23-августунда туулган - заманбап [[кыргыз]] [[Тарыхчы|тарыхчысы]] жана [[Этнограф|этнографы]], түркологу, тарых илимдеринин доктору (2003), профессор (2008). Учурда, б.а. 2015-жылдын август айынан тартып, [[Түркия Республикасы|Түркиянын]] Кастамону университетинде [[профессор]] кызматын аркалоодо.
 
Азыркы [[Кыргызстан|Кыргызстандагы]] [[тарых]], [[түркология]], [[ономастика]] жана [[этнография]], Чыгыш элдеринин тарыхы, маданияты тармагында иштеген адистердин бири. [[Кыргыз]] жана [[түрк]] эн тамгалары боюнча ири адис. Кыргыздардын уруулук курамы, этномаданий, этносаясий тарыхы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп келет. Кыргыздардын этностук тарыхы, этногенези, кыргыздардан бөлүнүп чыккан бүгүнкү этностук азчылыктар боюнча изилдөөлөрдүн, бир катар сөздүктөрдүн, глоссарийлик эмгектердин автору. Диссертациялык ишти (илимдин кандидаттык диссертациясы) тарых илиминде эң биринчи болуп [[Кыргыз тили|кыргыз тилинде]] жазып, коргогон (1994). Энциклопедиялык маанидеги жарык көргөн эмгектердин автору. Учурда [[Кыргызстан|Кыргызстандын, түрк элдеринин]] тарыхы боюнча жазылып жана изилденип жаткан ири илимий Проектердин катышуучусу, Редакторлук Кеңештердин мүчөсү.
 
==Кыскача өмүр таржымакалы==
 
'''Олжобай Кубатбек уулу Каратаев''' [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] Жалал-Абад облусундагы (мурдагы Ош облусу) Сузак районуна караштуу Орто Азия айылында 1963-жылдын 23-августунда айылдык интелигенттердин үй бүлөсүндө туулган. 1980-жылы № 13 Орто Азия орто мектебин аяктагандан соң, Жалал-Абад шаарында жумушчу болуп эмгектенген. 1981-1983 жж. Советтик Армиянын катарында (Монголия) кызмат өтөгөн (ротанын старшинасы), андан соң Жалал-Абад шаарындагы мурдагы жумушчулук кесибин уланткан.1983-1984 жж. СССРдин 50-жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттикМамлекеттик университетинин алдындагы даярдоо бөлүмүнө (тарых адистиги) кирип окуган.
 
Бишкектеги (Фрунзе шаары) [[Кыргыз Улуттук Университети|СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз Мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин]]) тарых факультетине 1985-жылы кирип, аны артыкчылык диплому менен 1990-жылы аяктаган. 1990-1993 жж. Кыргыз Илимдер академиясында илимий кызматкер болуп иштеген.
 
1993-ж. февраль айынан тартып Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин тарыхТарых факультетинин Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасында иштей баштаган.
 
[[File:Prof. Oljobay Karatayev in Osh, Kyrgyzstan. 10 November 2014.JPG|thumb|left|Профессор Олжобай Каратаев [[Ош шаары|Ош шаарында]] уздардын эмгеги менен таанышууда. 2-октябрь, 2014-жыл.]]
Anonymous user