Жалал-Абад облусу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
75-сап:
 
==Географиялык абалы==
Кырка тоолору байыркы кристаллдык тоо тектерден (гранит, порфир), ал эми тоо капталдары жана тоо аралык ойдуңдары карбон, девон жана палеоген-неоген мезгилдеринде пайда болгон чөкмө тектерден түзүлгөн. Кен байлыктарынын ичинен облус отун-энергетика ресурстарына бай. [[Нарын дарыясы|Нарын дарыясында]] ГЭС каскады ([[Токтогул ГЭСи|Токтогул]], [[Күрпсай ГЭCи|Күрп-Сай]], [[Ташкөмүр ГЭСи|Таш-Көмүр]], [[Шамалды-Сай ГЭСи|Шамалды-Сай]], [[Үч-Коргон ГЭСи|Үч-Коргон]]) бар; Камбар-Ата I, II ГЭСтери курулууда. Таш көмүр Көк-Жаңгак, Таш-Көмүрдөн казылып алынат. [[Нефть]] менен табигый газ кендери Чаңгыр-Таш, Майлы-Суу, Избаскен, КочкорАтаданКочкор-Атадан чыгат. Андан сырткары сурьма (Терек кени), полиметалл (Сумсар кени), марганец кенташы (Кара-Алма суусунун төмөнкү агымында) жана башка кендер да бар. Металл эмес [[Кен байлыктар|кен байлыктардан]] озокерит (Майлы-Сай), гипс (Сузак районунда) жана башка кендер чыгат. Ысык жана минералдуу булактар чыккан жерлер да арбын (Жалал-Абад, Майлы-Суу жана башка). Облустун аймагы рекреациялык ресурстарга бай; мында туристтерди кызыктыруучу Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Кара-Алма, Сары-Челек, Пачата сыяктуу кооз жерлер бар.
 
==Климаты==