Фахраддин Гургани: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with " = فخرالدین اسعد گرگانی =Фахраддин Гургани XI-кылымда Иран жергесинин Борбордук Бакхш аймагын..."
 
No edit summary
1-сап:
 
=Фахраддин Гургани فخرالدین اسعد گرگانی =Фахраддин Гургани
 
XI-кылымда Иран жергесинин Борбордук Бакхш аймагында жашап өткөн өзүнөн кийин бир гана «Вис менен Рамин» поэмасын калтырып кеткен. Анын поэзиясы жөнүндө башка маалыматтар калган эмес. Поэма XII-к. Грузияда кеңири тараган жана Саргис Тмогвели тарабынан грузин тилине так өзүндөй которулган. Н.Маррдын айтымында бул грузин тилиндеги котормо менен Шота Руставелинин тааныштыгы болгон. Ушул грузин тилиндеги котормосунан поэма убагында англис жана орус тилдерине которулган. «Вис менен Рамин» поэмасынын биринчи кол жазмасы 1850-ж. Индиянын Калңкутта шаарында табылган. Буга караганда Эмир Хосров Дехлевинин мисалындай эле фарсы тилиндеги орто кылымдык чыгарманын кол жазмасынын Индиядан табылышы маданият менен адабияттын борбордук жана түштүк азиялык интеграциялык мүнөзүнүн өтө ийкемдүүлүгүн дагы бир ирет ырастайт. 1872-ж. Белгилүү даанышман бул поэманын орто кылымдык батыш европалык Тристан менен Изолада жөнүндөгү романдын сюжеттериндеги окшоштуктарына көңүлүн бурат. 1910-ж. Р.Ценкер атайын «Тристан жана перс эпосу Вис менен Рамин жөнүндө» деген эмгегин арнайт. Анын пикири боюнча поэмалардын батыштык да, чыгыштык да версиялары шарттуу түрдө «Байыркы Тристан» деген башаттан турат. Хаджи Халифанын библиографиялык маалыматнаамасы боюнча Гургани селжукид Тогрул-бек шахтын сарайында кызмат өтөгөн.