Аттар Нишапури: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "=Аттар Нишапури عطار نیشابوری= Аттар Нишапури жөнүндө болгон маалымат анын өзүнүн эмгектерине..."
 
No edit summary
1-сап:
'''Аттар Нишапури''' — перс акыны, ал жөнүндө болгон маалымат анын өзүнүн эмгектеринен жана кийинчерээк XV-кылымда Доулатшах Самарканд тарабынан жазылган “Акындардын ой-толгоосу” аттуу биографияда жана Абд ар-Рахман Жами жазган эмгектерден алынган.
=Аттар Нишапури عطار نیشابوری=
Аттар Нишапури жөнүндө болгон маалымат анын өзүнүн эмгектеринен жана кийинчерээк XV-кылымда Доулатшах Самарканд тарабынан жазылган “Акындардын ой-толгоосу” аттуу биографияда жана Абд ар-Рахман Жами жазган эмгектерден алынган.
=Өмүр баяны=
Аттардын толук аты – Абу Хамид Мухаммад ибн Абу Бакр Ибрахим. Аттар – башкача айтканда “дарыканачы” акындын поэтикалык псевдоними болгон. Ал 1145\46-жылы жарык дүйнөгө келип, 1221-жылы дүйнөдөн кайткан. Анын Нишапур шаарына жакын Зарванд аймагындагы Кадкан кыштагында жарык дүйнөгө келгени маалым. Бул шаар бир гана Хорасандын эмес, бүткүл ислам дүйнөсүнүн маанилүү маданий жана интеллектуалдык борборлорунун бири катары белгилүү болгон. Андан тышкары Хорасан провинциясы, өзгөчө Нишапур шаары ислам мистицизм борбору катары жалпыга белгилүү болгон. Фарид д-Дин Аттар белгилүү дарыгер, дарыканачы Ибрахим Абу Бакрдын уулу болгон. Ал атасы дүйнөдөн кайткандан кийин анын жолун жолдон, ишин уланткан. Аттардын билиминин мыкты экенин анын чыгармаларындагы медицина жана фармацевтика тармагына карата терең айтылган сөздөрү тастыктайт. Атасын дунодон кайткандан кийин, көп өтпөй, Аттари өз алдынча дарыгерлик менен иштеп баштаган. Ошондой болсо да, ал адабий чыгармаларды жаратуу үчүн убакыт таап турган.