Евразия: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Материк деген емне Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү |
А Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү |
||
17-сап:
|Уикиказына = Eurasia
}}
'''Евразия''' – [[Жер]] шарындагы эң чоң материк (континент). Түндүк жарым шарда (айрым аралдары Түштүк жарым шарда). Ал [[Европа]] жана [[Азия]] дүйнө бөлүгүнөн турат. Батыштан чыгышка 16 миң ''км'', түндүктөн түштүккө 8 миң'' км''ге созулат. Аянты аралдары менен кошо 54,9 млн'' км''2дей (кургактыктын 1/3инен көбүрөөгү), анын ичинде аралдарынын аянты 2,75 млн'' км''2дей. Калкы 4,57 млрд (2000). Аймагынын деңиз деңг. орт. бийикт. 840 ''м''; эң бийик жери – 8848''м'', ал ''–Гималайдагы'' Жомолунгма чокусу. Материктин эң четки тумшуктары: түндүгү – Челюскин, түштүгү – Пиай, батышы – Рока, чыгышы – Дежнёв тумшуктары. Батышынан Атлантика, түндүгүнөн Түндүк Муз, чыгышынан Тынч, түштүгүнөн Инди океандары жана алардын деңиздери менен чулганат. Түштүк-чыгышында Австралия, Азиянын деңиздери Евразияны Австралиядан, Түндүк-чыгышта Беринг кысыгы Түндүк Америкадан, Түштүк-батышында Гибралтар кысыгы, Жер Ортолук деңиз, Кызыл деңиз Африкадан бөлүп турат. Суэц мойногу Евразияны Африка материги менен туташтырат. Европанын жээктери Азияныкына караганда көбүрөөк тилмеленген. Кургактыктын тутумдаштыгы, материктин азыркы тектон. биримдиги, климаттык процесстердин негизинен окшоштугу, органика дүйнөсүнүн өнүгүүсүнүн жалпылыгы жана башка факторлор материкти «Евразия»
деп атоого негиз болгон. ==Орографиясы, рельефи жана геололгиялык өнүгүү тарыхы==
|