Омар Хайям: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Saku.kairat (талкуу | салымы) |
мNo edit summary |

1-сап:
'''Омар Хайям''' Гиясаддин Абу-ль-Фатх ибн Ибрахим (1048-ж. чен, Нишапур – 1122-жылдан кийин, ошол эле жер) – фарси жана тажик акыны, математик, философ.

[[Категория:Инсандар]]▼
==Кыскача өмүр таржымакалы==
Омар Хайямдын өмүрүнүн көбү Борбордук Азия жана [[Иран]] аймактарындагы Балх, [[Самарканд]], Исфахан ж. б. шаарларда өткөн.

Философияда [[Аристотель]] менен [[Ибнь Сина|Ибн Синанын]] жолун жолдогон. Математика боюнча Омар Хайямдын бизге жеткен эмгектери аны улуу окумуштуу катары мүнөздөйт.

Математикалык трактатында теңдемелердин чыгарылышын 3-даражасына чейинки геом. формада системага салган. «Евклид китебинин татаал жоболоруна түшүндүрмө» аттуу трактатынын мазмунун параллелдер жөнүндөгү оригиналдуу теория түзөт.

Омар Хайям акын катары дүйнөгө рубаилери (төрт саптар) менен таанылган.

Ал төрт саптардын канчасы Омар Хайямга тиешелүү экени алигиче тактала элек.

Омар Хайямдын лирикасы фарси-тажик поэзиясынын жалпы агымынан кескин бөлүнүп турат.

Анын [[Поэзия (ыр)|поэзиясында]] өлгөндөрдүн чөпкө айланышы жана чөп менен жандуулардын тамактанышы түбөлүк кыймылдагы материя жөнүндө каңкуулап, дүйнө менен жеке адамдын байланышы айкындалат; шарап даңазаланып, тиги дүйнөдө жашоо жок дегендей тыянак чыгарылат.

Рубаилердин негизги идеясы – сопусунгандарды ашкерелөө, эки жүздүүлүктү жек көрүү, пенденин эркиндигин жактоо. Омар Хайям көп учурда ырларынын лирикалык каарманын эркин пенде катары көрсөткөн. Анын каарманы – бунтчул жана зордук-зомбулукка келишпес, кудайсыз.

Бирок Омар Хайямдын чыгармаларында татаал жана карама-каршы маселелер бир кыйла.

Изилдөөчүлөр тарабынан анын рубаилери карама-каршылыктуу талданып жүргөндүгү ушуну менен түшүндүрүлөт.

Чыгармалары дүйнөнүн көп тилдерине, анын ичинде [[Кыргыз тили|кыргыз тилине]] да которулган.

==Рубаилеринен==
Ак жүрүп, арам ишке баспай кадам,

Вино ичсем Дилбар менен неси жаман?

Кудайга жалын дешет “ичирбе” деп,

Жалынбайм. Ичпегендин өзү жаман.

Катылган аалам сырын кимдер билет?

Дүйнөдөн бири кетсе бири келет.

Ачыгы: дүйнө идиш, а биз шарап,

Идишке куюштурат бизди ченеп.

(Которгон ААззам уулу). <ref>https://www.azattyk.org/a/poetry_rubaiyat_omar_khayyam_wine_paradise/27624699.html</ref>

==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
==Интернеттеги шилтемелер==
* https://www.azattyk.org/a/poetry_rubaiyat_omar_khayyam_wine_paradise/27624699.html
* [http://www.bizdin.kg/ru/%D0%BA%D0%BD%D0%B8%D0%B3%D0%B8/item/233-%D0%BA%D0%B0%D0%B1%D1%83%D1%81%D0%BD%D0%B0%D0%BC%D0%B5 "Кабуснаме"]
* [http://www.bizdin.kg/ru/%D0%BA%D0%BD%D0%B8%D0%B3%D0%B8/%D0%BF%D0%B5%D1%80%D0%B5%D0%B2%D0%B5%D0%B4%D0%B5%D0%BD%D0%BD%D0%B0%D1%8F-%D0%BB%D0%B8%D1%82%D0%B5%D1%80%D0%B0%D1%82%D1%83%D1%80%D0%B0/item/154-%D1%80%D1%83%D0%B1%D0%B0%D0%B8%D0%BB%D0%B5%D1%80 "Рубаилер"]
==Ички шилтемелер==
▲[[Категория:Инсандар]]
[[Категория:чыгыш таануу]]
[[Категория:Евразия]]
[[Категория:Азия]]
[[Категория:Философтор]]
[[Категория:Илим]]
[[Категория:Математика]]
[[Категория:Ортоңку Чыгыш]]