Difference between revisions of "Нур-Султан"

название
(название)
(название)
}}
 
'''Нурсултан''' ([[1961]]-ж. чейин Aкмолинск, [[1961]]—[[1992]]-ж. Целиноград, [[1992]]—[[1998]]-ж. — Aкмоло, [[2019]]-ж. чейин '''Астана''') — [[Казакстан Республикасы|Казакстан Республикасынын]] борбор шаары (1998-жылдан тарта). Акмолинск шаар статусуна 1862-жылы 26-сентябрда ээ болгон. 2018-жылдын 1-январына карата АстананынНурсултандын калкынын саны 1 035 537 адамды түздү.
 
Өлкөнүн түндүк бөлүгүндө, Ишим дарыясынын боюнда, Казак Сараркасынын түндүгүндө жайгашкан. Калкы 345,6 миң (2005). Темир жол тоому. Эл аралык аэропорту бар.
1990-жылдын аягынан шаардын борбордук бөлүгүндө (япон архитектору К. Курокаванын генералдык долбоору б-ча) курулуш иштери жүргүзүлгөн; алар: парламент ж-а өкмөт үйү, президенттин резиденциясы, «Караотель» турак жай комплекси, «Aль-Фараби» ж-а «Самал» кичи райондору, Конгресс-холл, «Евразия» соода борбору, Ишим дарыясындагы көпүрө ж-а дарыянын сол жагында бийиктиги 97 м келген «Aстана-Байтерек» монументи. Aнда диаметри 22 м айнек шар орнотулган. Металл шардын каркасы 3 кабат түстүү айнек м-н капталган. Ал [[Казакстан Республикасы|Казакстан Республикасынын]] 10 жылдыгына арналган көрүнүктүү монументтик курулуш.
 
АстанаНурсултан - Казакстандын маданий борбору. 28 [[ЖОЖ]] (филиалдары м-н), анын ичинен техникалык университет (1933-жылдан), С. Сейфуллин атынагы агрардык институту (1957), Л. Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети (1998; Москва мамлекеттик университетинин филиалы), [[медицина]] (1964), [[музыка]] (1998) ж. б. академиялары иштейт. Китепканалары: Президенттик маданий борборунуку, Борбордук шаардык, А. Гайдар атындагы балдар китепканалары ж. б. А. Кастеев атындагы искусство (1935), азыркы искусство (1980-ж. негизделип, 1999-ж. Алматыдан көчүрүлүп келинген), жазуучу С. Сейфуллиндин (1988) музейлери, орус драма (1940), музыкалык драма (1991), улуттук опера ж-а балет (2000) театрлары, филармония (1997), оркестрлер бар.
Маанилүү өнөр жай тармактары: «Казак айыл чарба машиналары», «Газмашаппарат» АКсы, «Астана Моторс» компаниясы, вагон ремонттоо, машина куруу, металл иштетүү, жеңил, тамак-аш өнөр жайлары, [[эмерек]] өндүрүшү бар.
 
== Аталышы ==
Шаардын мурдагы "Астана" аталышы казак тилинен алынган. Казакча бул сөз элдин баш калаасы дегенди билдирет. Бул сөз казак тилине парс тилинен келген. Анда ал "ыйык жер" "босого" деген мааниге ээ. "Нурсултан" деп туңгуч президент Нурсултан Назарбаевдин атынан коюу чечими 2019-жылы 20-мартта кабыл алынган.
 
== Эскертүүлөр ==