'''Жерге-тал, Сузак району''' - Михайловка – [[Жалал-Абад облусу|Жалал-Абад облусунун]] [[Сузак району|Сузак районундагы]] [[кыштак]]. Көгарт айыл округунун борбору. Деңиз деңгээлинен 1200 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору [[Сузак|Сузак кыштагынан]] 40 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 35 км. Калкы 4902 (2007); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, клуб, китепкана бар. Оорукана, поликлиника, ФАП, үй-бүлөлүк врачтар тобу, мончо, ашкана иштейт.
==Колдонулган адабияттар==
* “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1