Жээнбек Алымбаев: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
17-сап:
2009-ж. 17-сентябрынан 2016-жылга чейин Бишкектеги Кыргыз-Түрк Манас университетинин (КТМУ) гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүндө доцент болуп иштеди.

2016-ж. тартып КТМУнун профессору болуп иштеп келет.

== Нүзүп бий тууралуу иликтөөлөрү ==

Жээнбек Алымбаев 1990-жылдардын аягында профессор [[Кененсариев Ташманбет|Т.Кененсариевдин]] нускоосу менен Нүсүп бий жөнүндө китеп даярдоого киришип, Нүсүптүн тикелей урпагы Ысман Юсупов менен бирдикте Кокон шаарындагы аймактаануу музейинин директорунун орун басары болуп эмгектенген Яхехон Дадабаев деген адамдан фарсы, араб тилинде жазылган 10го жакын кол жазмаларды кирилл арибине котортуп алган.

Бул котормо-кол жазма материалдар Ж.Алымбаевдин жеке архивинде турат.

Алардын ичинде Абу Латип Жабалинийдин “Саякат набои Жабалинийи”, Абд аль-Карим Наманганинин “Умар-намасы”, Алим Махмуд молдонун “Тарих–и Туркистаниси”, Гариб Маргиланинин “Тасниф-и Гариби», Мухаммад Хакимхан төрөнүн “Мунтахаб ат-таварихи”, Мажзуб Намонгонийдин “Тазкирайи Хазратиси”, Мирза Рахим Ташкендинин “Ансаб-ас салатин ва таварих-ал хавакини”, Мирзо Каландар Мушрифтин “Шохнома-и Умархониси”, Нияз Мухаммед Хукандинин “Тарих-и Шахрохиси”, Таджир молдонун “Гараиб-и сипахы”, Жунайид Аваз Мухаммаддын “Тарихи-и жахан-нумаиси” жана башкалар бар. Бул кол жазмалардын башка расмий нускалары Ташкен шаарындагы Өзбек Республикасынын Илимдер академиясына караштуу Чыгыштаануу институтунда, айрымдары Өзбекстандын мамлекеттик архивинде да сакталып турат. <ref>https://kghistory.akipress.org/unews/un_post:10539</ref>

Архивдик, жазма булактык, санжыралык жана башка булактардын негизинде Ж.Алымбаев Нүзүп бий тууралуу эки монография жарыялады.

== Эмгектери ==