Карл Густав Эмил Маннергейм: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
1-сап:
'''Маннергейм Карл Густав''', Карл Густав Эмиль [(16. 6. 1867, – Финляндия, азыркы Турку шаарына жакын, Вильняс кыштагы – 28. 1. 1951 Швейцария, Лозанна, сөөгү Хельсинкидеги Хиятание көрүстөнүнө коюлган) – барон, финн мамлекеттик жана аскер ишмери, маршал (1942).
'''Маннергейм Карл Густав''', Карл Густав Эмиль [(16. 6. 1867, – Финляндия, азыркы Турку шаарына жакын, Вильняс кыштагы – 28. 1. 1951 Швейцария, Лозанна, сөөгү Хельсинкидеги Хиятание көрүстөнүнө коюлган) – барон, финн мамлекеттик жана аскер ишмери, маршал (1942). 1889-жылы Санкт-Петербургдагы Николаевск кавалериялык окуу жайын бүтүргөн. 1917-жылга чейин орус армиясында кызмат өтөгөн. 1-дүйнөлүк согушта 1914–18-жылдары командачысы; генерал-лейтенант (1917); 1918-жылы актар командачысы болуп, германиялык интервенттер менен бирге Финляндия революциясын (1918) баскан. 1918-жылдын декабрь айынан 1919-жылдын июль айына чейин Финляндия регенти, финн армиясынын башкы командачысы, 1922–51-жылдары Финляндия Кызыл Крестинин төрагасы. 1931–39-жылдары Мамлекеттик коргонуу кеңешинин төрагасы, 1939-жылдан финн армиясынын башкы коман­дачысы. 1939–40-жылдары советтик-финн согушунда жана 1941–44-жылдары фашисттик Германиянын союздашы катары финн армиясын жетектеген. 1944-жылы советтик өкмөт койгон шарттар боюнча Маннергейм агрессивдик Берлин пактысынан (1940) жана согуштан чыгууга мажбур болгон. 1944–46-жылдары Финляндия президенти болуп иштеген. Маннергейм 1906-ж. июнь-июль айларында Алай ороонуно келип, Курманжан датка жана анын уулу Асанбек менен жолугуп, алай кыргыздары жонундо маалымат топтоп жана аларды биринчи жолу фотосуротко тартып кеткен. 1960-жылы Хельсинкинин борборуна Маннергеймдин эстелиги тургузулган. 4-даражадагы Ыйык Георгий ордени менен сыйланган.
 
[[Категория:Инсандар]]
==Кыскача өмүр таржымакалы==
 
 
1889-жылы [[Санкт-Петербург|Санкт-Петербургдагы]] Николаевск кавалериялык окуу жайын бүтүргөн.
 
1917-жылга чейин орус армиясында кызмат өтөгөн.
 
1-дүйнөлүк согушта 1914–18-жылдары командачысы; генерал-лейтенант (1917); 1918-жылы актар командачысы болуп, германиялык интервенттер менен бирге Финляндия революциясын (1918) баскан.
 
1918-жылдын декабрь айынан 1919-жылдын июль айына чейин [[Финляндия]] регенти, финн армиясынын башкы командачысы, 1922–51-жылдары Финляндия Кызыл Крестинин төрагасы.
 
1931–39-жылдары Мамлекеттик коргонуу кеңешинин төрагасы, 1939-жылдан финн армиясынын башкы коман­дачысы.
 
1939–40-жылдары советтик-финн согушунда жана 1941–44-жылдары фашисттик Германиянын союздашы катары финн армиясын жетектеген.
 
1944-жылы советтик өкмөт койгон шарттар боюнча Маннергейм агрессивдик Берлин пактысынан (1940) жана согуштан чыгууга мажбур болгон.
 
1944–46-жылдары Финляндия [[Президент|президенти]] болуп иштеген.
 
==Кыргыз таануу багыты==
 
 
Маннергейм 1906-ж. июнь-июль айларында [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] Алай ороонуно келип, [[Курманжан датка]] жана анын уулу Асанбек менен жолугуп, алай кыргыздары жонундо маалымат топтоп жана аларды биринчи жолу фотосуротко тартып кеткен.
 
 
==Сыйлыктары. Наамдары==
 
4-даражадагы Ыйык Георгий ордени менен сыйланган.
 
Финляндиянын маршалы наамын алган.
 
==Эстутум==
1960-жылы Хельсинкинин борборуна Маннергеймдин эстелиги тургузулган.
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
 
 
[[Категория:Инсандар]]
[[Категория:Европа]]
[[Категория:Тарых]]
[[Категория:Чыгыш таануу]]
[[Категория:Орусия]]
[[Категория:1867-жыл]]
[[Категория:Кыргыз тарыхы]]
[[Категория:1951-жыл]]
[[Категория:20-кылым]]
[[Категория:Саякатчылар]]