Төрөкул Жанузаков: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Кошумча маалымат
No edit summary
6-сап:
 
'''Жанузаков Төрөкул''' — (1893, [[Орусия империясы]], [[Сыр-Дарыя облусу]], Аулие-Ата уезди, Талдыбулак аулу — 1921, Орусия СФСРи, [[Түркстан Советтик Социалисттик Автономиялуу республикасы|Түркстан АССР]]и, [[Фергана облусу]]) — мамлекеттик жана коомдук ишмер. 1920-ж. Түркстан АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасынын орун басары болгон. Меркедеги (Казакстан) орус-жергиликтүү мектебин аяктап, 1909-жылдан Түркстан генерал-губернаторуна жеке жардамчы жана котормочу болуп иштеген. [[Файл:TSSR ensign.gif|left|thumb|143x143px|Түркстан ССР БАКынын өкүлдөрүнүн төш белгиси.|alt=]][[Зеки Велиди Тоган]] 1969-жылы [[Стамбул|Стамбул шаарында]] жарык көргөн өзүнүн «Эскерүүлөр» деген аталыштагы китебинде: {{Цитата|Ошол сапарымда Ташкент, Фергана, Самарканд, Бухарада мен көптөгөн досторду таптым. 1914-жылы билим алып жатышкан жаштар менен бирге театрга, кечелерге бардым. Ташкенттеги мына ошондой кечелердин биринде Жанузаков аттуу кыргыз интеллигенти менен таанышкам.}}
1915-жылы Таластын жогорку чөлкөмүнө бир трашменке (араба) толтура дептер, калем сап, сыя, араб арибинде жазылган жүздөн ашык китептерди, өзү менен кошо үч татар мугалимдерди ээрчите келип, жай мезгилинде Үч-Кошой кыштоосунда айылдардан балдарды чогултуп, үч боз үйдү кошуп тиктирип мектеп уюштурган.
 
Жанузаков кыргыздардын ичинен биринчи болуп [[Россия|Россиянын]] мамлекеттик думасына депутаттыкка талапкер болгон. Совет бийлиги орногондо, эркиндикти, элдик бийликти колдоп, [[Түркстан АССРнин борбордук аткаруу комитети|Түркстан Аткомунун]] 1916-жылкы көтөрүлүштөгү качкындардын иши боюнча комиссиясына төрагалык кылган.
Совет бийлиги качкын кыргыздардын калгандарын мекенине көчүрүп келүүгө, жардам берүү үчүн Батыш Кытайга атайын комиссия жөнөткөн. Бул комиссия Түркстан Советтик Республикасынын Советтеринин Борбордук Аткаруу Комитетинин 1920-ж. 3-февралдагы чечими менен түзүлгөн. Бул комиссияны 27-жаштагы Төрөкул Жанузаков жетектеген. Комиссияга качкын кыргыздарды мекенине кайтаруу, жерлерин кайтарып берүү, аларга зомбулук көрсөтүүнү токтотуу кулдукка сатылып кеткендерин куткаруу, материалдык жардам берүү жана орустар менен кыргыздардын касташуусун токтотуу милдеттери жүктөлгөн.[[Файл:Turkistan SSR.png|left|thumb|Түркстан АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин 1920-ж. 3-февралындагы буйругунан.]]1920-жылы 22-мартта жыйын өткөрүлүп, анын негизинде Өзгөчө Комиссиянын мүчөлөрү толук катышып, комиссия өндүрүмдүү иштөө үчүн 3 подкомиссияга бөлүнөт:
 
# Башкы пункт катары Пишпек жана Токмок уезддери белгиленип, төраганын (Т. Жанузаковдун) резиденциясы Пишпек болуп жана бардык иштердин жүрүшүн башкаруу болуп саналат;
Line 17 ⟶ 19:
1920-ж. сентябрь айында Түркстан элинин делегациясын жетектеп, [[Баку|Бакуда]] өткөн Чыгыш элдеринин I-конгрессинде доклад окуп, [[Орджоникидзе|С. Орджоникидзе]], [[С. Киров]] менен чогуу [[Зиновьев|Г. Зиновьев]] башында турган Чыгыш иштери боюнча Үгүт кеңешинин мүчөлүгүнө шайланган. Съездден кийин түркстандык 40 делегаттан турган атайын кеңешмеге да катышкан. Саясий көз карашы боюнча [[Рыскулов, Турар|Т. Рыскуловду]] колдоп, аны менен бирдикте Россиянын курамында өзүнчө Түркстан Республикасын түзүүнү сунуш кылган.
 
Т. Рыскуловдун 15-декабрь 1934-жылы (Москва ш., Кремль) [[Иосиф Сталин|И. В. Сталинге]] жана [[Каганович|Л. М. Кагановичке]] «Борбор Азиянын партиялык уюмуну тазалоодо аша чаап кетүү» жашыруундук грифи менен жазган катынан: {{Цитата|Жанузаков дагы Бакудагы Чыгыш элдеринин курултайына катышты. Мага ал Түркстанга кайра кайткан соң таарынуусун баса албай кызуу кандуулукка алдырып, жолдон тайып кете тургандай көрүндү. Ошондуктан да ага мени менен ээрчип Бакудан түздөн-түз Москвага жөнөп кетүүнү сунуштадым. Москвага барган соң кызуусу басылаар, андан жакшы кызмат кылаар деп ойлодум. Сөзүмдү уккан күбөлөр азыр да тирүү. Бирок, ал баш тартып Ташкентке кетип калды. Ал жакта аны элдешкис душманы Манап Алимбеков тосуп алды. Башчы кызматкерлердин аны туткундоо тууралуу купуя чечими чыкты (аны мага бирөө жеткирди), чечимди уккан Жанузаков (мен муну окуяга катышкан бирөөнүн өз оозунан уктум) тоодогу кыргыздарга качып кетти, кийин басмачыларга кошулду. Биздин Бакуда аны менен айрылышканыбызга карабастан, аны басмачыларга мен жөнөттүм деген ушак жайылыптыр.}}
1921-ж. сентябрда [[Самаркан|Самаркандда]] өткөн Түркстан улуттук биримдигинин VI-конгрессине катышкан. Белгилүү чыгыш таануучу, Төрөкулдун жакын досу жана санаалашы Зеки Велидов өзүнүн эскертүүлөрүндө Жанузаковдун Түркстандын эркиндигин жарыялоону өз алдына максат кылып койгон Союздун программасын, Уставын жана башка толгон токой документтерин иштеп чыгып, ал түгүл Туунун эскизисине чейин сүрөтүн чийүүдө зор эмгек жасагандыгын жазып калтырган. Ошол конгрессте Түркстан аймагынын чегиндеги бардык корбашылар менен байланыш түзүлүп аларга саясый кеңешчилерди жиберүү боюнча чечим кабыл алынган. Ушул конгресстен кийин Жанузаков совет бийлигинин диктатурасына ачык нааразы болуп, Түркстан элдерин өз алдынча көз каранды эмес мамлекетке айландыруу үчүн жаңы бийликтен кол үзүп совет бийлигине каршы отряддарды уюштурган.[[Файл:Bandera del Turquestan.svg|left|thumb|1921-жылдын сентябрында Самарканддагы өткөн Түркстан Улуттук Бирлигинин VI-конгрессинде Түркстандын уставы жана туусу кабыл алынды.]]Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик Архивине (19.08.1921. Стенограм. отчет) тийиштүү маалыматтарга ылайык, Т. Жанузаковдун ал мезгилдердеги ишмердүүлүгү жөнүндө: {{Цитата|Т. Жанузаков тоолуу аймактардагы манаптарда уюштуруучулук иштер менен жүрөт. Жана ал жергиликтүү калктарды улуттук платформага негиздеп бириктирүүнүн камын көрүп жатат. Ал болгон күч-аракетин жумшап, өзүн Жети-Суудагы кыргыздардын мыйзамдуу өкүлү катары көрсөтүүдө. Ошондой эле жакынкы аралыкта ал Англия аларга куралдуу күчтөрдөн турган көмөк көргөзөрүн, ал эми Ооганстан алар менен бирдиктүү союз түзөт деп ишендирүүдө.}}1921-ж. Т. Жанузаков [[Андижан облусу|Андижан]] уездинде Исраил кор башынын тобунда жүрүп, декабрь айында кызыл аскерлер менен болгон уруштардын биринде курман болгон.
 
Т. Жанузаков саясий ишмердүүлүгүнөн тышкары улуттук баалулуктарды сактоо боюнча иш алып барып жүргөн. Ошол эле Заки Валидинин «Эскерүүлөр» китебинен:{{Цитата|Радлов тарабынан жазылган „Манас“ дастанын варианты 19-кылымда араб графикасы менен жазылып анан мага Ташкентте Абубакир Диваевдин берген китебинен алдаганча айырмаланып турат. Анын көпчүлүк жерлерин окуганга да мүмкүн эмес. Түркстанда, Кокон хандыгы учурунда колдон колго өткөн бул варианттын 60 миң гана сабы араң окулат. Биз Жанузаков экөөбүз араб ариби менен кайрыадан бастырууну максат кылдык эле. Бул дастан менин колумда 8 жыл турду. 1920-жылы Жанузаков Бакуда өткөн Чыгыш элдеринин съездинде менден убактылуу бир мөөнөткө сурап алды эле. Бирок, аттиң. Бир жылга аяк баспай Ферганада Совет бийлигине каршы күрөштө ал баатырларча курман болуп, ал көчүрмө жоголуп кетти. Биздин „Манасты“ кайра чогуу бастырып чыгаруу тууралуу кыялдарыбыз ошентип ишке ашпай калды...}}
Line 37 ⟶ 40:
# [http://www.science-journal.kg/media/Papers/ivk/2016/11/ivk-2016-N11-150-152.pdf.pdf ТАРЫХ ИЗДЕРИНДЕ КАЛГАН ИНСАН - ТӨРӨКУЛ ЖАНУЗАКОВ. ''Үмөтов Э.А.'' 2016. № 11-1 . C. 150-152]
#Качибеков Кушубек (Кушан). Төрөкул Жанузаков... Түркстан жаңырыгы. (Тарыхый-даректүү баян). — Б.: 2019. - 548 бет. ISBN 978-9967-9150-2-2
#Осмонов Ө.Ж. Кыргызстан тарыхы (Байыркы доордон азыркы мезгилге чейин) Б., 2016.
#Умөтов Э.А. Умөт Молдонун архивинен. Б., 2001.
 
[[Категория:Талас облусу]]