Википедия:Жаңы баштагандарга: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
= Айбек Бирбаев Шералыевич =
= М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин «Жогорку окуу жай» статусунун 20-жылдыгына карата =
 
Айбек 2001-жылдын 11чи (он биринчи) чын куран айында Кыргыз Республикасынын Арашан айылында туулуп өскөн. 2007-жылы Бишкек шаарынын Кызыл-Аскердеги 50 мектептеги орус тилдүү 1-класска барды. Жашоо шартына байланыштуу бир айдан кийин Чалдовар айылына көчүп келген, себеби анын ата-энеси ажырашып кеткен. Ал кичинесинен Алыкул Осмоновдун ырларын жатап, анын чыгармаларын окуп, өз ойлорун жана ырларын ак баракка түшүрүп жаза баштайт. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы бүтүн ойду окуп, анын көркөм идеяларын алып, ыр жаратта баштаган. Албетте кыргыз элинин туу чокусу - Манас, бул боюнча дагы Айбек өз ырларын жазган. Акындыгы жана кыргыз элинин текстине жакындыгы байкалган.2007-2013 жылдары эң жакшы окуугандыгы үчүн ардак граммоталар менен сыйланган. Бирок кийинки жылдары бир тараптын басымы үчүн же бир адамдын тарбиясынын таасири менен ийгиликке жетишпей калган. 2016-жылда атасына келип, аталаш иниси, аталаш эжекелери менен тил табышып кеткен. Тагдырдын катаал сынынан өткөнүнө карабай өз жолун таба билди. Ошол эле жылда Кыргыз Улуттук Университетинин "Экономика" бөлүмүнүн "Банктык иш" бөлүмүндө эң жакшы окуй баштады. Өздүк мүнөзүнүн оригиналдуулугу менен ал жакта өз ордун таап, максаттарын белгиледи. Ошол эле жылы өзүнүн сүйгөнүн тапты, ага ырларды арнап, обон салып ырдай баштады. 6 ыры бир жыйнакта жарыяланды. Ошолордун ичинде "Ты моя любимая мечта" орус тилдүү ыры чоң популярдуулукка ээ болду. Мындан тышкары анын ыр саптарында лирикалуу кыздан кечирим суроо өтө көп кездешет. Кыз аны сүйбөрүн, билдирип айтса дагы, ал аны сүйгөнүнөн кайтпарын билдирген. Айбек Бирбаев катачылык кетиргенин өзү билет жана ошол үчүн көп ырлары кечирим суроого багыталган.
Эчактан бери калыптанган эл аралык бай тажрыйба көрсөткөндөй мыкты окуу жайы, эл оозуна алынган алгылыктуу университет болуу үчүн анын бир нече өзөктүү көрсөткүчтөрү учур талабына ылайык болушу зарыл. Буларга эң алды менен окутуунун сапатын жогорулатуу, мыкты кадрларды тандоо жана даярдоо, заман бапка дал келгидей материалдык-техникалык жактан камсыздоо, илимий иштерди жүргүзүүнүн деңгээлин арттыруу, иликтөөдөн чыгарылган жыйынтыгын үзүрлүү колдонуу, эл аралык байланыштагы карым-катнаштын кеңейтүү, чет өлкөлүк өнөктөштөр менен биргелешип иштешкен долборлорду арбытуу, жаштарга жеткиликтүү тарбия-таалим берүү, адептүүлүккө үйрөтүү кирет. Ушул өңүттөн алганда М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин «Жогорку окуу жай» статусуна ээ болгондон берки жыйырма жылдын аралыгында профессордук-окутуу курамы «бир жакадан баш, бир жеӊден кол чыгаргандай» эриш-аркатыкта аракет кылуунунун, талбай эмгектенүүнүн тыянагы чыгарылып, айтууга арзый тургандай, эл оозуна алынгандай көптөгөн ийгиликтерге жетишип олтурат.
 
Салыштырмалуу ушундай кыска убакыттын ичинде биздин университет өлкөдөгү көп баскычтуу, адистештирилген, экономикалык нуктагы азырынча жападан-жалгыз, башкалардан өзгөчөлөнгөн жана базар мамилелеринин негизги шартына толук жооп берген, илим-билимдин инновациялык башкы багыттарын кеӊри колдонуп жаткан мамлекеттик окуу жайы катары калайык-калкка кеӊири таанымал болуп, ийгилик артынан ийгилик артылып, билим, илим, эл аралык байланыштар, тарбия таалим боюнча түрдүү номинациядагы чоң сыйлыктарга татыктуу болууга жетишткендигин баса белгилөөгө арзыйт.
Маалымат булагы:
Биздин университет учурда жогорку окуу жайларында билим берүүнү модерлештирүү, жаңылануу жагынан Кыргызстандагы эң мыкты окуу жайлардын бири катары эсептелет. Университеттин жамааты 2003-жылы эле эң алгачкылардан болуп студенттерди Болон принциптеринин негизинде окууга өткөн. 2012-жылы биринчилердин катарында «Экономика» жана «Менеджмент» билим берүү программалары боюнча эл аралык аккредитациядан ийгиликтүү өтүшү менен окутуунун сапатын кыйла жогорулатууга жетишкен эле. Окуу жайдын курамына ушул тапта лицей, колледж, университет (бакалавриат, магистратура, аспирантура жана докторантура) кирет.
 
Окуу жайыбызда билим берүү процессин уюштуруу жана башкаруунун уңгусун окутуу программаларын аккредитациядан өткөрүүнү, билим берүүнүн сапатын жогорулатууну, жекече, үзгүлтүксүз, жакшыртылган негизде окутууга өтүүнү кеңейтүүнү, окутуу процессин жаңы маалыматтар менен жеткиликтүү камсыздоону комплекстүү ишке ашыруунун көп жылдык жыйынтыгынын негизинде биздин окуу жай 2014-жылы Кыргыз Республикасынын «Билим берүү» номинациясынын сапат боюнча сыйлыгынын лауреаттыгына (Гран-Приге) татыктуу болгондугу жумурай-журтчулукка маалым. Өлкөнүн билим берүүнүн сапатына арналган мындай эӊ башкы сыйлыгын алганыбыз бир жагынан биздин жамаатка дем берип, сыймыктандырса, экинчи жагынан билим берүү сапатын мындан ары карай дагы кыла жогорулатууга олуттуу түрткү болуп, шыктандырып жоопкерчиликти арттырып жатат. Бир убактагы орто окуу жайы келечекте унверситетке чейин өсүп-өнүгүп, окутуунун сапаты боюнча өлкөнүн эң мыкты сыйлыгына татыктуу болорун, мындай ийгиликти кантип жаратарын эч ким деле болжой албаса керек.
"Акын туралуу баян" -0. Кадыраев 2015 ж. Бишкек "Чүйдөгү кызыктар" -гезитти 2016 ж. №334
Жамаатын талыкпаган эмгегинин жана изденүүсүнүн жыйынтыгынан жогорудагы белгиленген баш байгеден тышкары дагы бир катар олуттуу сыйлыктарга татыктуу болгонуз. Тагырак айтканда, ушул эле жылдын ичинде Республиканын «Ала-Тоо жазы 2017» Гран-присине, Маркетинг боюнча жогорку окуу жайлар аралык олимпиаданын Гран-присине, дүйнөгө кеңири таанымал «Томсон Рейтер медиакомпаниясынын» веб-илимди эң жигердүү колдонуучулар номинациясынын сертификатына татыктуу болуп, «Бухгальтерлик эсеп, анализ жана аудит боюнча республикалык 7 олимпиада» биринчи орунду, Ишкердикти өнүктүрүү фондусунун «Мен Кыргызстанга инвестиция салам» долбоорунун акчалай (320 миӊ сом) сертификатын, жогорку окуу жайларынын арасындагы «Кызыктуу информатика» турниринде биринчи орунду жеӊип алганбыз.
Биздин окуу жайды бүткөн экономиканын, финансынын, туризм бизнесинин жана товар таануу, товарларды экспертизалоо боюнча көптөгөн шакирттерибиз азыр өлкөнүн экономиканын бардык секторлорунда жигердүү эмгектенип, ийгиликтерди жаратып жатышат. Алардын арасында мыкты экономист-адистер, менеджерлер, банкирлер, технологдор, белгилүү илимпоз-экономистер, саясатчылар, чарбакерлер, бизнесмендер бар.
Учурда окуу жайыбыз өлкөнү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү стратегиясын, тагыраак айтканда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнүн «Жаңы доорго кырк кадам» программасын ишке ашыруунун нугунда ой жүгүртүп, аракеттенип, илимий иштерди аткарып, студенттерди келечеке үндөп, жетектеп, экономиканын, финансынын, бизнестин түпкү сырын жеткиликтүү билүүгө дилгирлентип үйрөтүп, базар мамлелеринин талабына төп келгидей сапаттуу билим берип жаткан окутуучулары жана илимпоздору менен сыймыктанат. Алсак, мындан 23 жыл мурун окуу жайда илимдин бир дагы кандидаты болгон эмес. Бул тарыхий чындык. Азыр бизде экономика илиминин 73 кандидаты, 29 доктору, ошондой эле профессорлор, тармактык илимдердин академиктери, Кыргыз Республикасынын мүчө-корреспенденттери, өлкөнүн билимине, илимине эмгек сиңирген ишмерлери эмгектенет.
Илимий изилөөдөн даярдалган материалдардын негизинде атайын монография, илимий макалалар чыгарылып, тиешелүү мекемелерге, анын ичинде Президенттик аппаратка, Жогорку Кеӊешке, Өкмөткө жана тиешелүү министрликтерге жөнөтүлөт. Жыйынтыгында мындай илимий элекетен өткөрүлгөн материалдар практикалык жактан кеңири керетелип жатат. Алсак, ошол кездеги Кыргыз Республикасынын Президенти Атамбаев А.Ш. «Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиясын 2017-жылга чейинки аралыкта туруктуу өнүктүрүүнүн» акыркы вариантын кароо учурунда, буга чейинки сунуш бергендердин бардыгына ыразычылыгын билдирип, өзгөчө ПРООНдун жана Кыргыз экономикалык университетинин профессордук-окутуучулар курамы тиешелүү мыкты сунуштарды бергендигине баса белгилеп, ыраазычылыгын билдирген.
Университеттин жамаатынын гранттык негизде илимий изилдөө иштери улам барган сайын кеңейип, сапаты жакшырууда. Алсак, акыркы эле 5 жылдын ичинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине 7 илимий долбоор даярдалып конкурстун жыйынтыгы менен бюджеттик граннттарды утуп алганбыз. Кийин ушул темалар боюнча жыйынтыктоочу отчет даярдалып, тиешелүү эсперттик сынактан ийгиликтүү өтүп жүрөбүз. Бул гранттык долбоорлорду аткарууга ушул аралыктын ичинде министирлик тарабынан 6310 миң сом каражат бөлүнгөн.
Кандай университет болсун илимий иштерин ийгиликтүү өнүктүрүүнүн олуттуу бөлүгүн түрдүү илимий нуктагы жыйындарды өткөрүү ээлейт. Бул жагынан алганда биздин окуу жайдын калыптанган, башкаларга үлгү болгудай бай тажрыйбасы, өз жолу бар. Ушундай экендигин эл аралык, республикалык маанидеги өткөрүлгөн илимий-практикалык конференциялар, алардын уңгусун басмадан чыгарылган материалдары толук ырастайт.
Акыркы жылдары университеттин жамаатынын демилгеси менен экономика секторлорунун учурдагы абалы жана келечектеги иновациялык өнүгүү багыттарына арналган бир катар эл аралык илимий-практикалык конференциялар уюштурулуп турат. Алсак, 2010-жылы «Улуу Жибек жолундагы өлкөлөрдүн бизнесин жана экономикасын баалоо» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциясын өткөргөн элек. Бул жыйынга экономикасы мыкты өнүккөн өлкөлөрдөн келген бир топ окумуштуулардан тышкары, Түштүк Кореядан эле 29 илимдин докторлору, профессорлор келип, орошондуу ойлорун ортого салып, илимий сунуштары менен тең бөлүшкөн
Билим берүү жана илим министирлиги, Экономика министрлиги, Өнөр жайчылар жана ишкердик кеңеши менен ушул жылдын октябрь айында «КЭУнун Жогорку окуу жай» статусунун 20-жылдыгына жана Кыргыз Республикасынын УИАнын мүчө-корреспонденти, экономика илимдеринин доктору, профессор Ш.М. Мусакожоевдин 80-жылдык мааракесине арналган «ЕАЭБдин шарттарындагы ишкердикти өнүктүүнүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрү» аталыштагы чогулай өткөргөн эл аралык илимий-практикалык конференция биздин унверситет, жалпы эле республика үчүн быйылкы жылы олуттуу орунду ээледи. Конференциянын ишине бардыгы болуп 250 окумуштуу, ишкер, мамлекеттик кызматкер, коомдук ишмерлер, окутуучу, аспирант жана докторант Кыргыызстандан, Россиядан,Улуу Британиядан, Германиядан, Бельгиядан, Чехиядан, Түркиядан, Португалиядан, Литвадан, Корея Республикасынан, Кытайдан, Грузиядан жана Казакстандан келип катышты.
Бул жыйындагы окумуштуулардын жасаган баяндамаларынан учурдагы ишкердиктин абалы, келечеги боюнча отурумдагылар жеткиликтүү маалымат алууга толук мүмкүнчүлүк түзүлдү. Алибетте, докладчылардын ичинен, учурда бул багытта тынбай түздөн-түз иштеп жаткан, Россия Федерациясынын президентинин экономикалык интеграция боюнча кеңешчиси, экономика илимдеринин доктору, профессор, академик С.Ю. Глазьевдин жасаган баяндамасы чоң кызыгууну туудурду. Ал ЕАЭБдин алкагында ишкердик боюнча тиешелүү шарттар түзүлүп, бир нукка түшүп калгандыгын, бирдиктүү бажы кеңешинин ошол кездеги тийгизген оң таасирин белгилөө менен катар, мындан ары карай чечүүнү талап кылган көйгөйлөр дале арбын экендигин, аларды чечүүнүн жолдорун чечмелеп берди. Ал мындан ары товарлардын сапатын кыйла жакшыртып, атаандаштык жөндөмдүүлүгүн арттырууга жетишүү экономикалык натыйжа алып келе тургандыгына, инвестициянын көлөмүн арбытууга, максаттуу кредиттерди тартууга, цифралык экономиканы ыкчамдатууга кеңири токтолду.
Кыргыз Республикасынын Улуттук Аттестациялык Комиссиясынын чечими менен 2006-жылы биздин университетке Докторлук (кандидаттык) диссертация коргоо боюнча өз алдынча Кеңеш ачкан. Ошондон бери бул кеңеш үзгүлтүксүз, ийгиликтүү иштеп келүүдө. Экономика илимдеринин докторлугун жана кандидаттыгын биздин республикадагы изидөөчүлөрдөн тышкары дагы Казакстандан, Россиядан, Түркиядан, Тажикстандан жактап жатышат.
Учурда биздин окуу жайдын жамааты «Кыргыз экономикалык университеттинин кабарлары», «Экономика жана статистика», «Экономика кабарлары», «Илим жана инновация» аталыштагы эл аралык жана республикалык маанидеги илимий 4 журналды үзгүлтүксүз чыгарып жатат.
Биздин окуу жай учурда Борбордук, Чыгыш Азия, Европа, Латын Америкасы өлкөлөрүнүн, АКШнын көптөгөн мыкты университеттери жана эл аралык уюмдары менен алака түзүп, мындай эки тараптуу байланыштын географиясы убакыт өткөн сайын кеңейип жатат. Алсак студенттерибиз профессордук-окуутучу курамдын өкүлдөрү жылына Erasmus+, MEVLANA программасынын алкагында жылына Европалык Союзга кирген мамлекеттердин көпчүлүгүндө, Россияда, Кытайда, Казакстанда, Индияда, Кореяда, АКШда, билим алып, стажировкадан өтүп, дарс окуп, конференцияларга, семинарларга тренингдерге катышып келүүдө.
Улам өргө баштап, илим-билимдин инновациялык жетишкендиктерин учурунда колдонуп, андан ары карай улап, окуу жайды бийиктикке көтөрүп, эл аралык деңгээлге алып чыгуу, бүтүрүүчүлөргө чын дилден кам көрүү өтө жооптуу иш. Чейрек кылымдан бери талбай иштеп келе жаткан, өтө тажрыбалуу жетекчи-менеджер катары тунгуч ректорубуз, экономика илиминин доктору, профессор Т.К. Камчыбеков жоопкерчиликти, эң башкы милдетти катары туюп, өзүнүн далайдан бери иштешип, кынык алган пикирлештери, шакирттери менен окуу, илим жана тарбия-таалим чөйрөсүндөгү келип чыккан көйгөйлөрдү инновациялык нуктан ийгиликтүү чечип келүүдө. Ушундай экендигин Жыл өткөн сайын студенттердин санынын арбышы, сапатынын жакшырышы, жамаатын барган сайын ынтымагынын артылышы, чет өлкөлүк байланыштардын кыйла кеңейиши, окуу имараттарынын ичи толугу менен учур талабына дал келгидей инновациялык негизде жабдылышы, жамаатын айлык акысы улам көбөйүп, өргүүгө чыгууда, жыл аяктоодо кошумча бир, эки айлыктан алышы, майрамдарда сый акылардын берилип жатышы ушундай экендигин толук ырастайт. Учурдан пайдаланып университеттин жамаатынын атынан бүтүндөй калайык-калкты алдыда келе жаткан жаӊы жыл менен чын дилден куттуктайбыз! Ит жылы журтчулукка ылайым тынчылык, токчулук, береке алып келсин.
Атышов Көбөгөн, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин илимий иштери боюнча проректору, экономика илимдеринин доктору, профессор