Зия Буниятов: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
'''Буниятов Зия Мусаевич''' (Зия Муса оглы Буниятов), [[1921-жыл|1921-ж]]. 24-декабрында туулган - 1997-ж. 21-февралында көз жумган. Советтик жана азербайжан тарыхчы-окумуштуусу, чыгыштаануучу, Азербайжан ИАсынын академиги, Советтер Союзунун Баатыры. Орто кылымдардын тарыхы, анын ичинен Орто Азиядагы түрк-селжуктар, Хорезмшахтардын мамлекети, мамлекеттик-саясий түзүлүшү, маданияты ж.б. изилдөөлөрдүн автору, аталган тарыхый проблемалар боюнча көлөмдүү монографияларды жарыкка чыгарган. Азербайжандын, Армениянын жана Тоолуу Карабахтын тарыхы боюнча талаш-тартыштарды жараткан концепциялардын автору. Атасы жагынан бибиэйбат алым шейхтеринен болот, энеси Азербайжанга көчүп келген (19-к.) алгачкы орустардын үй бүлөсүнөн (староверцы же эски динди туткандар) чыккан. 1939-ж. мектепти аяктагандан соң, аскер окуу жайына тапшырат. !9411941-ж. сргушуп жаткан армияга чакырылат, согуштун башынан аягына чейин катышат, айыпталгандар бөлүгүндө (штрафтык батальон) кызмат өтөйт. Болуп көрбөгөндөй эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры деген наамга ээ болот. Аскерден демоблизация болгондон сон, Зия Буниятов 1950-ж. Москвадагы Чыгыштаануу институтуна тапшырат, Ал эми 1954-ж. МГУнун аспирантурасына келип кирген, ошол эле жылы «Итальянский империализм в Африке» деген темада кандидаттык диссертациясын коргогон. 1954-ж. август айынан Азербайжан ИАсынын Тарых институтуна жумушка орношот. 1964-ж. «Азербайджан в VII—IX вв.» деген темада докторлук диссертациясын коргойт. Бир эле учурда анын изилдөөлөрүн сындагандардын саны көбөйө баштаган. Себеби, Зия Буниятовдун изилдөөлөрүндө ошол учурдагы советтик идеологияга каршы концепциялар орун алган эле. 1965-ж. профессорлук наамды алган. Ал өзүнүн көз карашын тайманбай айткан, өз пикирин коргой билген инсан болгон. Азербайжан ИАсынын ар кайсыл башкаруучу кызматтарында иштеген. 1966-ж. мүчө-корроспондент катары таанылган, 1969-ж. Азербайжан ССРинин ИАсынын академиги болуп калган. Академиянын Жакынкы жана Орто Чыгыш институтунун директору, 1990-ж. тарта Азербайжан ИАсынын вице-президенти болуп иштеген. Анын эмгектери жана изилдөөлөрү өтө тактыгы жана тарыхый булактарды арбын колдонгондугу менен айрымаланган. 1997-ж. Баку шаарында атылып өлтүрүлгөн.
 
==Негизги эмгектери==
 
# Буниятов З. М. Азербайджан в VII—IX веках. — 1973, Баку
# Буниятов З. М. Государство атабеков Азербайджана: 1136—1225. — 1984, Баку
Line 15 ⟶ 14:
# Формы земельной собственности: Налоги и сборы в государстве Хорезмшахов (1097—1231)
# Соавтор (вместе с акад. Мамедалиевым В. М.) перевода на азербайджанский язык Корана
 
 
==Колдонулган адабияттар==
 
* [[Каратаев, Олжобай Кубатбекович|О. Каратаев]]​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015
 
[[Категория:Инсандар]]
[[Категория:Чыгыштаанучуу]]