Лотфи Заде: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "= Лотфи Заде لطفی زاده = Лотфи Заде (фарсча жазылышы لطفی زاده , англ. Lotfi Askar Zadeh , азерб. Lütfi Za..."
 
1-сап:
'''Лотфи Заде''' (фарсча жазылышы لطفی زاده , англ. Lotfi Askar Zadeh , азерб. Lütfi Zadə же Lütfəli Əsgərzadə , Lütfi Rəhim oğlu Ələsgərzadə) 1921-жылы 4-февралда Азербайжан Советтер Союзунун Новханы аймагында жарык дүйнөгө келген жана 2017-жылы 6-сентябрда Берклиде (Калифорния) жарык дүйнөдөн кайткан. Ал америкалык математик, логик, “бөлчөк логика” термининин автору жана “бөлчөк көптүк” термининин авторлорунун бири, Берклидеги Калифорниялык университеттин профессору. Лотфи Заде тарабынан сунушталган “бөлчөк логика” математика жана элдин бири бири менен баарлашып, ойлонуп, аалам менен байланышып жаткан интуитивдик ыкма экөөнү бири бирине байланыштыруу аракети.
= Лотфи Заде لطفی زاده =
 
Лотфи Заде (фарсча жазылышы لطفی زاده , англ. Lotfi Askar Zadeh , азерб. Lütfi Zadə же Lütfəli Əsgərzadə , Lütfi Rəhim oğlu Ələsgərzadə) 1921-жылы 4-февралда Азербайжан Советтер Союзунун Новханы аймагында жарык дүйнөгө келген жана 2017-жылы 6-сентябрда Берклиде (Калифорния) жарык дүйнөдөн кайткан. Ал америкалык математик, логик, “бөлчөк логика” термининин автору жана “бөлчөк көптүк” термининин авторлорунун бири, Берклидеги Калифорниялык университеттин профессору. Лотфи Заде тарабынан сунушталган “бөлчөк логика” математика жана элдин бири бири менен баарлашып, ойлонуп, аалам менен байланышып жаткан интуитивдик ыкма экөөнү бири бирине байланыштыруу аракети.
=Өмүр баяны=
Лотфи Заде Баку шаарына жакын жайгашкан Новхана айылында жарык дүйнөгө келген. Азан чакырып койгон аты Лотфи Алиаскерзаде (же Аскер Заде). Анын атасы – Раги Алиаскерзаде (1895-1980), адиси боюнча журналист – улуту боюнча Ирандын Ардебилинен чыккан азербайжан болгон, анын апасы – Фейга (Фаня) Моисеевна Кореман (1897-1974) адиси боюнча дарыгер-педиатр – Одессадагы еврейлерден болгон. Ардебилден чыккан Рагим Алиаскерзаденин үй бүлөсү Биринчи дүйнөлүк согуш маалында “Иран” аттуу апталык журналдын чет элдик журналисти катары Бакуга жөнөтүлгөн. Ошентип ал Бакуда еврей төңкөрүшүндө үй бүлөсү менен мекенин таштап Бакуга келип, Жаңы экономикалык саясат (НЭП) жылдары ширенкелерди дүңүнөн соодалоо тармагында эмгектенген үй бүлөнүн кызы, медицина институтунун студенти Фана Моисеевна Кореманга үйлөнгөн. Жаңы курулган үй бүлө Баку шаарында Азиат жана Макси Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жашашкан. Лотфи Заде 1-класстан 4-класска чейин №16 Баку орус орто мектебинде окуган жана кичине кезинен китеп окуганды, өзгөчө орусчага которулган орус жана дүйнөлүк классикалык чыгармаларды окуганды абдан жакшы көргөн. 1931-жылы Аскерзаденин үй бүлөсү мамлекеттеги оор экономикалык кырдаалдан улам Иранга көчүп кетүүгө мажбур болушкан. Ошентип, Лотфи Заде сегиз жыл Тегеран шаарындагы фарсы тилдүү Америкалык колледже (аталган колледж кийинчерээк Альборз аты менен белгилүү болгон) билим алган. Андан соң 1942-жылы Тегеран университетинин электроинженерия факультетин ийгиликтүү аяктаган. Ал мектепте окуп жүргөн кезинде эле, Германиядагы улутчулдардын өкүмөтү орногон соң Германиядан Тегеранга качып келген үй бүлөнүн кызы, болочок жубайы Фана Занд (кийинчерээк күйөөгө тигенден кийин фамилиясын Фэй Заде деп өзгөрткөн 1920-2017) менен таанышкан. Фэй Заде көптөгөн жылдар бою өзүнүн жолдошунун “Бөлчөк логика термининин атасы менен болгон жашоом жана саякатым” толук биографиясынын автору болуп келген. Лотфи Заде университетти бүткөн соң атасы менен Ирандагы америкалык аскерлер көчкөндө, алардын турак жай материалдарын ташып иштеген жана 1944-жылы июль айында Америка Кошмо Штаттарына көчүп кеткен. Ал эми 1944-жылдын сентябрь айында Массачусеттик технологиялык институтка тапшырып, 1946-жылы электрдик инженерия адиси боюнча магистрдик дипломуна ээ болгон. Ошол маалда Лотфи Заденин ата энеси Нью-Йоркто жашашчу, Ал Колумбий университетинин аспирантура бөлүмүнө тапшырып, аны 1949-жылы ийгиликтүү аяктагандан кийн ошол эле жерге инженер бөлүмүнө жардамчы болуп иштеп калган, ал эми анын апасы ошол эле университетте дарыгер болуп иштечү. 1959-жылдан баштап Берклидеги Калифорниялык университетте иштеген. 1965 жана 2008-жылдары Баку шаарына саякатка барган. 2008-жылдын декабрь айында тактап айтканда Бакудан Берклиге кайтып келгенден бир ай өтүп, белгилүү даанышман Лотфи Заденин жүрөк оорусу кармап ооругандан кийин ал кайрадан ишке чыккан. Ал 2017-жылы Азербайжандын президенттик администрациясына, аны Азербайжанга жерге берүү өтүнүчү менен кат жазган. Ал 2017-жылдын 6-сентябрь айында жарык дүйнө мене кош айтышкан жана өлөөрдүн алдында аны мусулмандардын салты менен жаназа окуп көмүүсүн суранган. Анын сөөгү 29-сентябрда Баку шааарына алынып келинип, урматтуу инсандар күмбөзү аллеясына жерге берилген.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Лотфи_Заде" булагынан алынды