Леонардо да Винчи: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: Көрсөтмөлүү оңдоо мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
No edit summary
Белгилер: Көрсөтмөлүү оңдоо мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
[[Файл:Бронированный фургон изобретение Леонардо да Винчи.jpg|alt=Озогун кимден|thumb|220x220px|Леонардо да Винчи ]]
'''Леонардо да Винчи''' [[Италия|Италиялык]] улуу сүрөтчү жана ошондой эле [[живопись|живописчи]], [[скульптор]], [[архитектор]] жана [[анатом]], [[математик]], [[физик]] болгон. Аны көптөрү ошол замандын жана кылымдын көп тармактуу (универсалдуу) [[илимпоз|илимпозу]], Италиялыктардын идеалдуу адамы деп атап коюшкан. Ошол кезде аны Чародей, же болбосо шайтанга кызмат кылуучу, Кудай Таала тарабынан улуу күчкө ээ Фауст деп да таанып жүрүшкөн. Мына ушундай улуу кереметтерди койнуна жашырган жана атына лакап катары көлөкөдөй жабыштырып жүргөн Леонардонун таланты кылымдарды карытканын жана да карыта берээрине шек жок. Анын калтырып кеткен легендарлуу эмгектеринин натыйжасынан, сүрөтчү, адам баласынын акылынын туу чокусун багындырган генийи катары тарыхта калды. Ал өзүнүн ысымын адамзаттын тарыхында "Көп тармактуу инсан" катары өчүрбөстөн алып жүрөөрүнө эч кимдин шеги жок. Леонардо кылымдардын маданиятынын диапозондук доорун жараткан бирден бир личност, талант, керемет…
==<supsub>Бала чагы</supsub>==
[[Файл:Vinci casa Leonardo.jpg|thumb|left|Бала чагында Леонардо жашаган үй]]
Леонардо да Винчи 1452-жылы 15-апрелде [[Флоренция|Флоренциядан]] алыс эмес, Винчи шаарчасына жакын Анкиано кыштагында, түнкү саат үчтөр чамасында (биздин убакыт менен алып караганда 22:30) жарык дүйнөгө келет. Леонардонун чоң атасынын жазып калтырган күндөлүгүндө "Менин неберем жана уулум Пьеронун баласы, 15-апрел күнү, ишембиде дүйнөгө келди. Баланын атын Леонардо койдук. Аны киндик атасы Пьеро ди Бартоломео", дейт. Леонардонун атасы Пьеро жана апасы кристиан кызы Катерина 25 жылдык тажрыйбасы бар нотариус болушкан. Леонардонун алгачкы бала кезеңи апасынын колунда өткөн. Атасы ошондон кийин эле бай аял алып үй-бүлөсүн таштап кетип калат. Бирок, алардын бактысына бала жыты туш болбогондуктан, Пьер үч жашаар баласын Катеринанын колунан алып кетип калат. Апасынан эрте айрылган Леонардо турмуш жолунда дейбизби, же эмгек жолундабы апасын сагынып күн өткөрүү менен, өзүнүн керемет чыгармаларында апасынын мээримин, жүзүн чагылдырганга аракет жасайт.<br />