Каир: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
2013 + 2015 (see өзгөрүүлөр тарыхы
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
57-сап:
Өз алдынча административдик бирдикти түзөт (мухафаза статусуна ээ). Өлкөнүн түндүк-чыгышында, Нил дарыясынын оң жээгинде жайгашып, Гезира жана Рода аралын ээлейт. Калкы 7,9 млн (2008; агломерациясында 16 млн; өлкөнүн калкынын <sup>1</sup>/<sub>4</sub>и). Африкадагы эң ири шаар. Тогуз жолдун тоому. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен.
 
Каирди 969-ж. Фатимиддердин кол башчысы Жаухар ас-Сакали негиздеп, 973-ж. «Миср аль Кахира» («Жеңиштүү Мысыр», арабча Кахира) деп аталган. 973-1171-ж. Фатимид халифатынын, Айюбилердин (1171-1250), мамлюктардын (1250-1517) мезгилинде Каир ири соода кол өнөрчүлүктүн очогу. 1517-ж. шаарды осмон түрктөрү басып алып, бүлдүргөн. 1795-, 1804-05-ж. мамлюктар менен түрктөргө каршы көтөрүлүштөр чыккан. 1882-ж. англиялык аскерлер Египетти басып алганда Каирдин жаңы бөлүгү колониялык анклавга айланган. 1914-22-ж. Британия протектаратынын административдик, 1922-жылдан Египет Королдугунун, 1953-58-жылдары Египет Республикасынын, 1958-71-жылдары Бириккен Араб Республикасынын, 1971-жылдан Египет Араб Республикасынын борбору. Каирде Араб мамлекеттер лигасынын штаб-квартирасы (1945-жылдан), Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тилектештик комитетинин туруктуу секретариатынын резиденциясы (1957-жылдан) жайгашкан. Шаардын экономикасынын негизин жеңил өнөр-жайменен туризм түзөт. Металл иштетүү, машина куруу, химиялык, текстиль өнөр-жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (металл, тери ж. б. материалдардан буюм жасоо) өнүккөн. Университеттер, Египет искусство академиясы, музейлер (анын ичинде Египет, Копт, ислам исквосу), консерватория (1959-ж. негизделген), театрлар (анын ичиндеопера, улуттук, эркин, куурчак ж. б.) бар. Ар кыл тарыхый доорлордогу 400дөн ашык архитектура эстеликтери, анын ичиндеРим (Вавилон чебинин Траян мунарасы, б. з. 100-ж. чен), Византия (копттордун чиркөөлөрү) мезгилинин эстеликтери, Ибн-Тулун (9-кылым), аль-Азхар (10-кылым; анын астында дүйнөдөгү эң мурдагы университет иштейт, ал куранды үйрөтүүнүн башкы борбору) мечиттери, дарбаза (11-кылым), цитадель (12-кылым), көптөгөн медреселер, мамлюктардын мавзолейлери (15-, 16-кылымдын башы) сакталган. Шаардын эски бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесинетизмегине киргизилген.
 
{{reflist}}
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Каир" булагынан алынды