Дарыя: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м + link
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
8-сап:
 
== Дарыя алабы ==
арыяДарыя жана анын куймаларынын суулары жыйналган жер бетинин бөлүгү. Дарыя суусун жыйноочу кургактыктын бети алаптын суу топтоочу аянты деп аталат. Дарыя алабы жер үстүндөгү жана жер астындагы суу топтоочу аянттардан турат. Жер астындагы алаптын аянтын аныктоо кыйын болгондуктан, дарыя алабынын өлчөмү катары жер үстүндөгү аянт гана алынат. Танапташ жаткан дарыя алабынын чеги атмосфераралык жаан-чачынды алардын өрөөндөрүнүн капталдарына карай каршы эки багытка бөлгөн суу бөлгүч кырлар аркылуу өтөт. Дарыя алабынын формасы жана аянты суу жыйналуучу жердин географиялык абалы менен рельефине, геологиялык түзүлүшүнө карата ар түрдүү болот.
 
== Дарыя [[Өрөөн|өрөөнү]], суу өрөөнү ==
– дарыя суусунун жемиришинен улам пайда болгон рельефтин формасы. Өрөөн дарыя аккан багыт боюнча (башатынан чатына чейин) узунунан созулуп жатат. Андай өрөөндөр дарыянын нугун, жайылмасын, тектирлерин жана жээктерин камтыйт. Дарыя өрөөндөрү айыл чарба эгиндерин өстүрүүгө пайдаланылат; анда калктуу пункттар да болот.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Дарыя" булагынан алынды