Куинджи Архип Иванович: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Automated import of articles
 
No edit summary
1-сап:
{{mergeto|Куинжи Архип Иванович}}
'''Куинджи, Архип Иванович''' (1841–1910) – орус живописчиси, пейзажист. Сүрөт тартууну өз алдынча жана Петербург сүрөт академиясынан үйрөнгөн. К. 1892-жылдан академиянын профессор, 1893-жылдан пейзаж боюнча өнөркананын жетекчиси. Алгачкы чыгармалары И. Айвазовскийдин таасиринде жаралган. К-нин пейзаждык картиналары: “Унутулган кыштак” (1874), “Чумактар жолу” (1875; экөө тең Третьяков галереясы) кийинки чыгармаларында К. табият көрүнүшүн поэтикалык маанайда берүүгө көп далалаттанган жана алар декоративдүүлүгү менен айырмаланат (“Украина түнү”, 1876; “Кайыңдуу токой”, 1879; үчөө тең Третьяков галереясы). К. сүрөтчүлөр коомун түзүүнүн демилгечиси (1909; кийин коом К-нин ысымы менен аталган).