Орозбак уулу Сагымбай: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: Көрсөтмөлүү оңдоо мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
Кайра 349565 жокко 185.117.148.152 (сюзюу)
Белги: Жокко чыгаруу
56-сап:
 
=== Балалыгы ===
Сагымбайьммо 9-10 жашынан тартып 3-4 кыш катары менен молдодон окуган. Китепти окуьтииганды билгенддлоттилддддгине карСагымбаотддльммолкатышып жүргөн [[Шапак Ырысменде уулу|Шапак манасчы]] бкарСагыжылдароиолозү манасчылык өнөргө ээ болушун арбактардын колдоосу, аян алуу, түш көрүү менен байланыштырган. Алгачкы жолу түшүндө Манасты көргөндөн тартып "Манас" айтып о кийин эки жолку арбактаттрдын аян боерүүсү демөөр болуп, шыгымды арттырды деп ишенген. Сагымбайдын жашоосунда аян алып, түш көрүп эпостун каармандары менен жоолугушуусу көп эле болгон экен. "Манасты" жаздырып жүргөндө түш көрүп, мен айткан мындай жери туура эмес болуп калыптыр, түшүмдө көрдүм — деп кайра жаздырган учурлары болгондугун [[Ыбырайым Абдыракман уулу|Ы. Абдырахманов]] эскерет.
Оалалвд
 
=== Аяндуу түш көргөнү ===
Кочкорго көчүп баргандагы жылдын жазында элге чечек оорусу жайылып,Сагымбайдын үй-бүлөөсү дагы чечекке кабылат. Сагымбай да катуу чечек болот. Бир түнү таңга жуук түш көрөт. Түшүндө Кочкордун талаасында жөө келе жаткан болот. Талаа толтура тоодой чоң боз үйлөр, кермеде абдан чоң аттар байланган, үйлөрдүн алдында курал-жарактар үйүлүп турган болот. Сагымбай боз үйлөрдүн бирине кирмек болуп жөнөйт. Ошол учурда алдынан акбоз ат минген, калпакчан, зор денелүү адам жоолугуп: "Балам, сен коркпо, бул тигилген үйлөрдүн ээлерине эч кимдин шаасы келип, күчтөрү жете алган эмес!" — деп баланы жооткотот.<ref>"Манас" эпосу: Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча. - Б., 2006, 27 б. </ref> Бул адам кадимки Ормон хан экен. Аны көргөн Сагымбайдын корккону басылып, бир үйгө кирип барат. Үйдүн ичи толтура кыргыз түспөлдүү сөөктүү, алп денелүү кишилер отурган болот. Ажыбай баатыр баардыгын күлдүрүп отурган болот. Отургандардын бири "бул бала жомок айтат экен" — дейт. Бир киши кана, балам, айт — дейт. Сагымбай билбейм — дейт. 25 жаштар чамалуу, кара сур жигит колуна айбалтасын алып эшиктен кирип келет да чабамбы, же айтабы? — деп тап берет. Элди күлдүрүп олтурган ак жүздүү киши балам,
жакын мүнөздөгү шартта эл кыдырып, окуяларынын баштан аяк толук жана кеңири баяндаган илимге белгилүү биринчи факт.
жаш экенсиң, бөөдө өлүп калба, айтам де — дейт. Сагымбай коркконунан айтам дейт. Үч сурап, үч жолу айтам дедирип жооп алат. Сагымбай абайлап караса ошол өзү кирип турган чоң үйдүн ар кайсы жеринде жомок айтып жаткан кишилер. Алар бир эле окуяны эмес,ар кимиси чыгарманын ар кайсы окуясынан бирөө Манастын туулган жерин, экинчиси Көзкамандардын окуясы, үчүнчүсү Чоң казатты ж. б. айтып жатышыптыр. Сагымбайдын үч жолку жомок айтам! — деген жообун уккан соң олтурган кишилер тарткыла! — деген сөз менен жабдыктарын алып, дүр коюп чыгып жөнөшөт. Үйдүн ичине жарык кирип таң атып калган экен. Ойгонуп кеткен Сагымбай үйдөн чыгып жаткандарды даана көрүп, үйдөн чыгып жаткандарды көрдүңөрбү? — деп үн чыгара катуу айтат. Үй-бүлөлөрү да көргөн болушат. Сагымбай да, башка ооруп жаткан ал үйдөгү адамдар да куландан соо болуп айыгып
калышыптыр. Үйдөгүлөр жапырт туруп, түлөө союп жиберишет"<ref>"Манас" эпосу: Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча. - Б., 2006, 27-28 б. </ref> Ушул окуядан кийин агасы Алишер экөө тең "Манас" айтып калышат.
 
== Манасчылык жолу ==
Сагымбай Кеминде жашап туруп калып, Чүй боорун аралап "Манас" айтып жүрүп, эл бергендин эсебинен турмушу биртоп оңолуп, ал жакта он ичакты жыл байиммииырлагандан соң кайрадан үй-бүлөсү менен Кочкорго кайра көчүп келишет.
 
Манасчы катары эл арасына тааныла баштагандан тартып өмүрүнүн акырына чейин Сагымбай «Манас» айтууну кесип кылып, жомокчулук менен күн көрүп, ошол өнөр ээлерине мүнөздүү жашоо тиричилигин башынан өткөрөт: жайы-кышы дебей эл кыдырып, бир айылдан экинчисине өтүп өз өнөрүн тартуулайт — «Манас» айтат, эл өз каалоосу менен бергендердин эсебинен жан сактап, үй-бүлөсүн багат.
Манас айтууну түш көргөндөн тартып айтып калуу бардык манасчылар үчүн эле мүнөздүү көрүнүш жана баштапкы баскыч. Манасчылардын аткаруучулук чеберчилигин, мазмунун тереңдигин, көркөм деңгээлин калыптандырган баскыч — устаттардан таалим алуу жана эл "Манас" айтып эл сынагына чыгып дасыгуу. Сагымбай Чүй өрөөнүндө жашап турган мезгилде легендарлуу улуу манасчы Келдибекке жоолугуп анын сынынан өтөт. Келдибек Сагымбайга өзүн кармоо, обон, кыймыл-аракеттерине чейин кылдат карап чыгып кеп кеңештерин берет. Улуу манасчылардын бири — Тыныбек дагы Сагымбайды айттырып көрүп, таалим берип, "Манаска" өздүк кошумчаларын кошпой таза айтууну эскерткени тууралуу эл арасындагы аңыздар кеңири белгилүү.
 
Сагымбайдын легендарлуу эки улуу манасчынын сынынан өтүп, биринен аткаруучулук чеберчилик боюнча таалим алса, экинчисинен эпостун мазмун-маңызы боюнча кеңешин алгандыгы Сагымбайдын "Манасы" кандай жогорку талаптуу мектептен өтүп калыптангандыгынан кабар берип турат.
 
Сагымбай "Манас" айтып Чүй, Ыссык-Көл, [[Ат-Башы өрөөнү|Ат-Башы]], [[Нарын облусу|Нарын]], [[Суусамыр]], [[Талас]] аймактарын аралап жүргөн. Өнөрү такшалып калган мезгилде [[Кетментөбө, өрөөнү|Кетмен-Төбө]] аркылуу [[Анжиян облусу|Анжиян]] тарапка "Манас" айтып кетип, 3 жыл жүрүп, аргымак минип, коштогон атка толтура пул жүктөп келгенин Сагымбайдын "Манасын" жазып калган [[Абдырахманов Ыбырайым|Ы. Абдырахманов]] эскерет. Ушул эле окуяны, бирок 6 жыл жүргөн, — деп манасчы [[Шапак Ырысменде уулу|Шапак]] айткан.
 
Сагымбай манасчылыктан сырткары, той-аштарда дайым жарчы болуп, акындардын башында туруп, аларга түшкөн сыйлыктарды бөлүштүрүп берип жүргөн. Белгилүү адамдар өткөндө атайын чакыртып Сагымбайды алдырып турушкан. Сөздүн кеңири маанисинде, Сагымбай акындык кылып эл алдына чыгып айтышка түшкөн эмес.
 
1916 жылы эл менен кошо [[Үркүн|Үркүндө]] [[Кытай]] жергесине барат. Ал жакта Сагымбай "Манас" айтып жүрүп үй-бүлөөсүн асырайт.
 
1917 ж. Кытайдан кайткан элдин алды менен Ат-Башыга келип [[Кара-Коюн өрөөнү|Кара-Коюн]] деген жерде кыштап калат. Кытайдан келген жылдын жайында агасы Алишер дүйнөдөн өтүп, жыл аягында жаш калган балдарын бириктирип бир үйдө багуу максатында, элдик салт боюнча жеңеси Марияны алат. Андан соң [[Ак-Талаа району|Ак-Талаадагы]] кытаттардын арасында көчүп барып, анда эки кыштайт. Үркүндө жүргөндө тапкан-тергенинен толугу менен ажыраган Сагымбай эки аял, алты кыз, бир эркек баланы ырдап жүрүп катуу жокчулукта, эптеп багып, күн өткөзгөн.
 
Ат-Башыдан көчүп Сагымбайдын үй-бүлөөсү Нарындын [[Бети-Кара]] деген жеринде эки жылча туруп калышат (1920—1922 жж.). Ушул жерде жашап жүргөндө Сагымбайдын айткан "Манасын" жазып алуу иши башталаган.
 
== Манасты жаздыруу 1922—1926 жж. ==
 
[[1921|1921-ж.]] Ысык-Көлдүн [[Бөкөнбаев кыштагы|Төрткүл (Бөкөнбаево)]] деген жеринде мугалим болуп иштеп жүргөн [[Каюм Мифтаков]] ал жакта "Манас" айтып жүргөн Сагымбайга жоолугуп, ал айткан "Манас" зор таасир бергендиктен кагаз бетине түшүрүп калууну сунуштайт. Сагымбай башка бирөөнүн атын минип келгендиктен узакка кала албастыгын айтып, кийинки жылы жоолугушууну шартташат.
 
[[1922|1922-ж.]] [[Мифтаков Каюм|К. Мифтаков]] менен [[Сооронбаев Сапарбай|Сапарбай Сооронбаев]] Нарын аймагына Сагымбайдын "Манасын" жазып алганы келишет. Нарын уезддик Аткаруу Комитетинин төрагасы Ыбырай Тойчунов этнографтарга кагаз, сыя ж. б. у. с. шаймандар жагынан жардам көрсөтүп, расмий документтер менен жабдып Манасты жазуу ишине кеңири колдоо көргөзөт. К. Мифтаков Сагымбайды үйүнөн таппай, издеп барып Көк-Торпок деген жерде "Көкөтөйдүн ашын" айтып жаткан жерден үстүнөн чыгат. Бир жумача Сагымбайды ээрчип [[«Көкөтөйдүн ашы»|"Көкөтөйдүн ашын"]], [[Чоң казат|"Чоң казатты"]] угушат. Бул жерден экспедицияга [[Ыбырайым Абдыракман уулу|Ы. Абдыракманов]] келип кошулат. "Манасты" жаздыруу манасчынын көнгөн шартында, аудиториясынан бөлбөй аткаруу учурунда жазылып башталган. Текст жазуу иштери бир эле жерде жүргүзүлбөй, жомокчунун салттык турмушуна жакын мүнөздөгү шартта эл кыдырып, улам жаңы аудиторияда жүргүзүлгөн. Жазуу ишине киришүүдөн мурда катчылар текстти кандай жазуу боюнча атайын нускоолорду алышкан. Ушуларды эске алуу менен эпосту жазуу иши канааттандырарлык деңгээлде башталгандыгын белгилөөгө негиз бар. Тексттер ошол кезде кыргыздар арасында колдонулган араб тамагасында жазылынып алынган. Бирок ал тамгаларды кыргыз тилинин өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташтыруу аракети көрүлгөн эмес.
 
К. Мифтаков жана 1922 ж. май — ноябрь айларында Сагымбайдын "Манасын" жаздырууга катышып, кайра кайтат. Мындан кийин тексттерди жазуу ишине аралашкан эмес. С. Сооронбаев дагы мындан кийин кайрыла алган эмес. "Манасты" жаздырууну улантууга Сагымбай менен Ы. Абдыракманов калышат. Ы. Тойчунов Нарын уездик аткаруу комитетинин чечимин чыгарып, "Манастын" текстин жаздырууну колдоого алып, Сагымбай менен Ы. Абдыракмановду камсыздоону Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылынын тургуну Жаанбай уулу Абдылданын жоопкерчилигине жүктөйт. Текстти жазуу иштери системалык негизде жүргүзүлгөн эмес. Мисалы, кыргыздардын [[Алтай Республикасы|Алтайдан]] Ала-Тоого көчкөн эпизоду 1922 ж. жазылып алынса, сюжет боюнча андан кийин келген [[Алооке]] жөнүндөгү окуялар [[1924|1924 ж.]] башында гана жазыла баштаган.
Line 71 ⟶ 98:
1925 ж. чакырык кайта келет. Сагымбай менен Ы. Абдыракманов Ташкенге барышат. Жолдо баратканда, "эми чоңдор мага "Манасты" абдан айттырып сындайт ко" — деп Ыбырайымга кеңешип барат.<ref>Ошондо эле, 41 б.</ref> Ташкенде болгон Эшенаалы Арабаев, Сыдыков Абдыкерим, Тыныстанов Касым, Токобаев Турдаалы, Тойчунов Ыбырайлардын бири дагы Сагымбайды чакыртып "Манас" айттырып же кара сөз түрүндө "Манастын" жайын айттырып угуп көрүшпөйт. Ал кездеги жаш жигит К. Тыныстановдун "Сиздин жаздырган "Манасыңыз" өзбекче болуп калыптыр "<ref>К. Ф. Инв. № 275, 47 б.</ref> — деген сындоосуна катуу катуу теригет. Э. Арабаев Сагымбайга: "Иттин тезеги дары десе дарыянын башына кетет деген ырас ко. Сагымбай билген "Манасыңды" тез жазып бүтүрсөңчү, болбосо сотко беребиз"<ref>К.Ф. Инв. № 275, 46-47 б.</ref> — дейт. Э. Арабаевдин кагуусу Сагымбайга катуу таасир тийгизет. Чогуу барган Ыбырай Абдыракмановдун пикири боюнча Ташкенде болгон жоолугушуу Сагымбайга оор из калтырып, чыгармачылыгына терс таасирин тийгизген. Кочкорго кайтып келишип "Чоң казатты" жаздырып башташат. Жомокчу мурункудай айткысы келбей калгандыгы тууралуу Ы. Абдыракманов: "Сагымбай баштагыдай көөндөбөй коюп, мен жалынып бергенде айтып бергенде, жаздым. 1926 ж. "Манасты" жазып бүттүк. "Чоң казаттын" урушун, "Манастын" өлүмүн эң тар кылып жаздырды. Мен канчалык жабышып айтсам дагы болбой, менин билгеним ушул — деп болбоду".<ref>К.Ф. №</ref>
 
Ушундай шарттарга байланыштуу Сагымбайдан жазылган тексттердин ичинен аяк эпизоддордун мазмуну тайкы, көркөмдүк деңгээли төмөн болуп калган. Бирок мындай көрүнүшкө жалгыз гана Ташкенде болгон окуялар эмес, Манасчынын 1924 тартып нерв оорулуу болуп калгандыгын да эске алыш керек. Бул оорусунун себеби катары ыргагы менен мухиттей толкуп келген эпосту жаздыруу үчүн улам токтоп, улам өзүн кармап отургандыгында болгон.
 
[[1926|1926 ж.]] август айында "Манасты" жаздыруу иши аяктап, жомокчу менен катчы өз жактарына тарап кетишет.
Line 85 ⟶ 112:
* Эң кеңири тараган басылышы: "Манас" эпосу. Сагымбай Орозбаковдун вариантында 1978-1982 жж. [http://www.bizdin.kg/ky/component/k2/itemlist/search?searchword=%D0%9C%D0%B0%D0%BD%D0%B0%D1%81+%D1%8D%D0%BF%D0%BE%D1%81%D1%83+%D0%A1%D0%B0%D0%B3%D1%8B%D0%BC%D0%B1%D0%B0%D0%B9+%D0%9E%D1%80%D0%BE%D0%B7%D0%B1%D0%B0%D0%BA+%D1%83%D1%83%D0%BB%D1%83%D0%BD%D1%83%D0%BD+%D0%B0%D0%B9%D1%82&categories= 4 томдук] болуп чыккан.
 
* "Манас" эпосу. Сагымбай Орозбаковдун вариантында (академиялык басылышы, 6 том.). - Б., 2006.
* "
 
* "Манас" эпосу: Сагымбай Орозбаковдун толук варианты. - Б. 2012