Орозбак уулу Сагымбай: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Кайра 349562 жокко 185.117.148.152 (сюзюу)
Белги: Жокко чыгаруу
Кайра 349561 жокко 185.117.148.152 (сюзюу)
Белги: Жокко чыгаруу
30-сап:
}}
 
'''Сагымбай Орозбак уулу''' (1867—1930) — улуу [[манасчы]]. Айткан [["Манас" эпосу|"Манасы"]] кагаз бетине түшүрүлүп, чыгармачылык мурасына илимий изилденген баа берилип, [[Манасчылар Манасчы Саякбай Каралаев Манасчы Сагымбай Орозбаков|"алп манасчы"]] наамына татыган манасчылардын бири.
'''Сагымбай Орозбак уулу''' (1867—1930) —
 
Сагымбай Орозбак уулу айткан "Манас" жазылып алына баштаганда ал 55 жаш курагында болуп, манасчылык тажрыйбасы 40 жылга жетип, элдин сынынан өтүп, чыгармачылыгынын толук жетилип-бышып, кыл табында келген учуру болгон.
49-сап:
Сагымбай Орозбак уулу [[1867]]<ref>С. Мусаев. "Манас" эпосу: Сагымбай Орозбаковдун варианты боюнча, Бишкек, 2006, т. 1, 24 б.</ref> [[1867|ж.]] [[Ысык-Көл областы|Ыссык-Көлдүн]] күңгөй тарабындагы [[Сары-Ой, Ысык-Көл району|Кабырга]] деген жерде (Сары-Ой) туулган. Бул дата манасчынын дүйнөдөн кайтаар жылы өзү "мен быйыл 63 жаштамын" деп айткан маалыматтын негизинде алынган. Бул маалымат [[Жыл сүрүү|кыргызча жыл сүрүштүрүү]] боюнча айтылгандыгын, андагы жыл саноо өзгөчөлүгүн эске алган учурда, манасчынын туулган жылы [[1868|1868-жыл]] болуп калат.<ref> Б. Солтоноевдин маалыматы боюнча дагы 1868-жыл берилген. Кара: Б. Солтоноев. Кызыл кыргыз тарыхы. 1993, 1 т. </ref> Ушуларды эске алуу менен биз дагы 1868-жылы туулгандыгы туура деген пикирге кошулабыз.
=== Теги ===
Теги жумгалдык [[Саяк, уруу|саяк уруусунун]] [[Мойнок уругу|мойнок уругунан]]. Атасы Орозбак өз мезгилин мыкты чоорчу-сурнайчыларынан болгон. Орозбактын сурнай тарткандыгы [[1847|1847-ж]]. болгон [[Кыргыз-казак согушу|кыргыз-казак согушунда]] эскерилет. Орозбактын өз аты — Акеше. Атың начар экен деп, Орозбак ысымын [[Ормон Хан|Ормон хан]] койгон. Алгач Ормон ханга Орозбактын агасы Орозой келип турган. Аны жакын туугандары Кашкарга соодагерлерге сатып жибергенин жолдон билип калып, кайра качып, өз элине кайрылбастан Ормон ханга келип туруп калат. Бул кезде Акеше күрүчбек уругуна колго түшүп кетип, кул катары жүргөн. Орозойдун Ормон ханга токтогонун угуп жүргөн Акеше да агасынын үстүнө качып келип туруп калат. Алгач Ормон хандын кернейчиси Орозой болгон. Ал өлгөндөн кийин Орозобак Ормон хандын кернейчиси болуп калган. Сагымбай 12-13 жашка келгенде Орозобак 80 жашында дүйнөдөн кайтат. Сагымбайдын тайлары атбашылык азыктардан болгон. Чоң манасчы Келдибек Сагымбайдын жакын тайкелеринен болгон. Энеси атасы менен бир жылы өтөт.
Теги
 
Орозобактын эки уул, эки кызы болгон. Сагымбайдын улуу агасы Алишер дагы Манас айткан киши болгон. Экөөбүз жол талашсак болбойт деп агасы Манас айтканын токтотуп, Сагымбайга жол берген.